Украинанын "Энергоатом" ишканасы Запорожье атомдук-электр станциясынын дагы эки кызматкери - маалыматтык технологиялар кызматынын башчысы Олег Костюков жана станциянын башкы директорунун жардамчысы Олег Ошека уурдалганын билдирди. Алардын кайда экени белгисиз. "Энергоатом" аларды бошотууга жардам сурап, Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттикке (МАГАТЭ) кайрылган.
1-октябрда орус аскерлери Запорожье АЭСинин башкы директору Игорь Мурашовду уурдап кетишип, МАГАТЭнин кийлигишүүсү менен 3-октябрда кайра бошотулган. Орусия бул атомдук станция оккупацияланган Запорожье облусунда болгону себептүү өзүнүн менчиги катары көрүп, ал "Росатомдун" алдындагы мекеме экенин айтып келет.
Шейшембинин таңында Украинада абадан сокку уруларын эскерткен сигналдар жаңырды. Днепр, Кривой Рог аймактарында абадан ракеталык чабуул жасалганы кабарланды. 18-ноябрга караган түнү Николаевге орус күчтөрү С-300 ракетасы менен аткылаган, каза болгондор бар.
Житомир шаарындагы энергетикалык обьектилерге сокку урулуп, калаа электр энергиясыз жана суусуз калганы белгилүү болду. Бул тууралуу шаар мэри Сергей Сухомлин Фейсбукка жазды.
Орусиянын күчтөрү 17-октябрда Киевге жана Украинанын башка бир катар шаарларына жан кечти дрондору менен сокку урду. Анын кесепетинен энергетикалык объектилер жана турак үйлөр жабыркады. Куткаруучулар ураган имараттарда издөө-куткаруу иштерин улантууда. Кеминде төрт адам каза болгону, алардын бири кош бойлуу аял экени кабарланды. Бери дегенде 20 адам жараат алган.
17-октябрдын таңында Украинанын баш калаасында Орусиянын дрон менен аткылоосунан төрт адам каза тапты. Өлкөнүн чыгышында жана түштүгүндө дагы бир нече аймак аткыланды.
Киевдин мэри Виталий Кличко мерт болгондор арасында кош бойлуу келин менен күйөөсү бар экенин, алардын сөөгү уранды алдынан табылганын, 18 киши куткарылганын Телеграм-каналына жазган.
Украинанын президенти Владимир Зеленский 16-октябрдын кечинен тартып, 17-октябрдын таңына чейин кеминде 25 калктуу пункт аткыланганын билдирди.
Зеленский украин абадан коргонуу күчтөрү көптөгөн ракеталарды жана дрондорду атып түшүргөнүн жазып, ошол эле учурда өлкө асманын коргоо үчүн күчтүүрөөк жабдууларга муктаж экенин ачыктады.
АКШ президенти Жо Байдендин маалымат катчысы Карин Жан-Пьер Ак үй "Орусиянын ракета менен аткылоосун чечкиндүү сындайт" деп айтып, бул "президент Путиндин ырайымсыздыгын көрсөтүүнү улантып жатканы" деп сыпаттады.