Кыргызстандын бери дегенде дагы эки банкы Орусиянын “Мир” банктык картасын тейлөөнү токтотту.
“Азия Банкы” жана “Кыргызстан Коммерциялык банкы” бир катар орусиялык банктар менен кызматташуусун токтоткону белгилүү болду. "Азия Банкынын" колл-борбору "Мир" карталарын тейлөө бир жумадай мурда токтотулганын билдирди.
Украинадагы согуштан улам жана күн санап өсүп жаткан инфляциянын себебинен Кыргызстанда 143 миң адам, анын ичинде 70 миңден ашуун бала жакырчылыкка кептелди.
Бул тууралуу ЮНИСЕФтин "Украин согушунун Европа жана Борбор Азиядагы экономиканын төмөндөшүнө жана балдардын жакырчылыгына таасири" деген баяндамасында айтылат.
Евробиримдик Орусияга учкучсуз учактарды бергени үчүн 20-октябрда Ирандык үч генералга жана курал өндүрүүчү Shahed Aviation Industries корпорациясына санкцияларды жарыялады.
Алар - Ирандын куралдуу күчтөрүнүн штабынын азыркы башчысы Мухаммед Хоссейн Багери, логистикага жооптуу Сайед Хожатолла Курейши жана Ислам революциясынын сакчылар корпусунун генералы Саид Агхаяни.
Украина 20-октябрдан тарта Орусия басып алгандан бери биринчи жолу электр энергиясын керектөөгө чектөө киргизе баштайт.
Чектөөлөр өлкөнүн бардык аймагында болорун "Укрэнерго" компаниясы жана президенттин иш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Кирилл Тимошенко билдирди.