Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Октябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:36

Санкт-Петербургда жапырт дрон чабуулунан бир киши каза таап, бир нечеси жараат алды

Украинада согуш башталганына беш жылга аяк басты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




14:44 26.10.2022

Казакстандын Караганды облусунун тургуну «улут аралык кастыкты козутуу» ишинин алкагында кармалды. Ал социалдык тармактарда тараган видеодо казакстандыктарды жана өлкө жетекчилерин сөгүп, акаарат сөздөрдү айткан. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна облустук полиция департаментинен билдиришти.

14:44 26.10.2022

Орусиянын ракеталары менен Иранда жасалган дрондор Украинанын энергетикалык инфраструктурасынын 30 пайызын талкалады. Бул тууралуу 25-октябрда Украинаны калыбына келтирүү конференциясында президент Владимир Зеленский билдирди.

“Орусия бизди кышында оор абалда калтыруу үчүн болгон аракетин көрүп келатат”, - деп айтты видео аркылуу сүйлөгөн Зеленский.

14:42 26.10.2022

Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер шейшембиде эртең менен Киевге барды. Сапар тууралуу алдын ала маалымдалган эмес. Немис мамлекет башчысы согуш башталгандан бери украин жергесине биринчи жолу келди. Штайнмайер 12-апрелде Киевге бет алмак, бирок украин тараптын демилгеси менен сапары болбой калган.

13:46 22.10.2022

АКШ президентинин администрациясы Starlink системасын Иранда жеткиликтүү кылуу үчүн Илон Маск менен сүйлөшүү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу CNN телеканалы булагына таянып кабарлады.

Иранда бийлик интернетти чектөөгө алып жатканы үчүн Starlink интернет менен камсыз кылуучу система катары каралууда. CNN Вашингтон Ирандагы протесттик кыймылдарды колдоонун жолдорун издеп жатканын белгиледи.

Дагы жүктөңүз

​
XS
SM
MD
LG