Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Октябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:00

Санкт-Петербургда жапырт дрон чабуулунан бир киши каза таап, бир нечеси жараат алды

Украинада согуш башталганына беш жылга аяк басты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




14:36 3.11.2022

Орусия Украинадан дан экспортоо боюнча келишимге кайта турган болду. Бул тууралуу өлкөнүн Коргоо министрлиги 2-ноябрда билдирди. Маалыматка караганда, Кремль Бириккен Улуттар Уюмунун жана Түркиянын ортомчулугу менен Украинадан дан коридору аскердик аракеттерге колдонулбайт деген кат түрүндө кепилдик алган.

"Орусия Федерациясы кепилдиктер жетиштүү деп эсептейт жана келишимди ишке ашырууну жандантат", - деп жазылган билдирүүдө.

14:35 3.11.2022

Орусиялык күчтөр 2-ноябрдын таңында Украинанын борбордук жана чыгыш аймактарын "жанкечти" дрондор менен аткылады. Бул тууралуу украин куралдуу күчтөрү билдирди. Жалпысынан 12 дрон абадан атып түшүрүлгөн.

Киевдин мэри Виталий Кличко билдиргендей, калаа бийлиги чабуулдарда жылуулук берүүчү станциялар иштен чыгышы мүмкүн деген кооптонуудан улам шаардыктарга 1000дей атайын пункт даярдоодо.

14:33 3.11.2022

Германиянын жаратылыш газ кампалары дээрлик толду. DPA маалымат агенттиги дүйшөмбү күнү кабарлагандай, октябрь айынын аягында цистерналар 98,5% газ менен толтурулган.

INES энергетикалык ассоциациясынын аткаруучу директору Себастьян Блешкенин айтымында, бул алдыдагы кышка толук даярдыктан кабар берет. Күздүн жылуу келиши да Германиянын пайдалуу болду. Азыр Берлинде күндүз абанын температурасы +20 градуска жетип турат, өлкөдө жылытуу мезгили баштала элек.

14:32 3.11.2022

Аннексияланган Крымдын башчысы Сергей Аксёнов жарым аралдагы Киевге жан тарткан адамдардын жана компаниялардын мүлктөрүн улутташтыруу чарасы башталганын жар салды.

Мамлекеттик менчикке алына турган объектилердин тизмесин антитеррордук атайын комиссия түзүп чыккан. Анда "РусЛайн Ко", Стройиндустрия" Бакчы-Сарай комбинаты, "Залив" кеме куруучу заводу жана башкалар бар.

Дагы жүктөңүз

​
XS
SM
MD
LG