Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:47
Cочинин портундагы жарылуу, 3-сентябрь, 2026-жыл
Cочинин портундагы жарылуу, 3-сентябрь, 2026-жыл

Украин дрондору Краснодарга чабуул койду, Сочиде беш киши жабыркады

Украинада согуш башталганына беш жылга аяк басты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




14:47 8.11.2022

Түндүк Кореянын Тышкы иштер министрлиги Украинага каршы колдонушу үчүн Орусияга артиллериялык снаряддарды бергенин четке какты. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды.

Өткөн аптада Ак үйдүн өкүлү Жон Кирби бул курал жеткирүүлөр боюнча АКШда маалымат бар экенин билдирген. Кирбинин айтышынча, Вашингтон кырдаалга көз салып турат, бирок ал курал-жарактар Украинадагы согуштун нугу өзгөртип ийе турганчалык чоң көлөмдө болбогону үчүн ал жүктөрдү кайсы бир жолдор менен чектөөнү көздөбөйт.

Түндүк Кореянын бийлиги АКШны өлкөнүн “эл аралык имиджине доо кетирүүгө” аракет кылды деп айыптап, Орусияга эч кандай курал-жарак бербегенин, андай ою да болбогонун билдирди.

14:28 8.11.2022

Украинанын өкмөтү бизнесмендер Игорь Коломойский, Вячеслав Богуслаев, Константин Жеваго жана Константин Григоришинге байланыштуу стратегиялык ишканаларды мамлекетке өткөрдү. Бул тууралуу Украинанын Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Алексей Данилов кабарлады.

Мында учактар жана тик учактар үчүн моторлорду чыгарган "Мотор Сич" заводу жана "Укрнафта" мунай өндүрүүчү компаниялары жөнүндө кеп болуп жатат.

14:28 8.11.2022

Польшанын бийлиги Орусиянын Калининград облусу жана Беларус менен чектешкен жерине АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн аскерлери жана тик учактары үчүн база куруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Польшанын WNP.pl басылмасы кабарлады.

Өлкөнүн вице-премьери жана коргоо министри Мариуш Блащак атайын брифингде кабарлагандай, мында Apache тик учактары менен жабдылган америкалык күжүрмөн авиациялык бригада жайгашат.

14:27 8.11.2022

Украин президенти Владимир Зеленский бүткүл украиналыктарды Орусиянын жаңы чабуулдарына даяр болууга чакырды. Бул тууралуу ал соңку видео кайрылуусунда айтып, Украина энергетикалык инфратүзүмдөргө урулган соккуларга жооп берерин кошумчалады.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG