Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Октябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:05

Санкт-Петербургда жапырт дрон чабуулунан бир киши каза таап, бир нечеси жараат алды

Украинада согуш башталганына беш жылга аяк басты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




12:29 10.11.2022

Америкалык киножылдыз, Голливуд актеру Шон Пенн Украинанын президенти Владимир Зеленский менен 8-ноябрда Киевде жолугушту.

Анда актер өзүнүн "Оскар" сыйлыгын - америкалык киноакадемиянын байгеси - статуэтканы президент Зеленскийге тартуулады. Пенн сыйлыгын Украинанын согушта жеңип чыгуусуна үмүт жана ишенимдин символу деп атады.

12:29 10.11.2022

Украинадагы биргелешкен орус күчтөрүнүн башкы кол башчысы Сергей Суровикин Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгуга Херсондогу армиясын чыгарып кетүүнү сунуштады. Шойгу макул болуп, дароо орус күчтөрүн Днепрдын сол тарабына которуу буйругун берди.

Орус телеканалдары көрсөткөн сюжетте Суровикин орус армиясын камсыздоо кыйын болуп жатканын айтып, аскерлердин жарымын башка багыттарга колдонсо болорун кошумчалады.

12:27 10.11.2022

Орусия АКШ менен Британия Украина армиясына жардам катары жөнөткөн аскердик техниканын бир тобун Ил-76 аскердик учагы менен Иранга жашыруун жөнөткөн. Бул тууралуу британиялык Sky News телеканалы анонимдүү булактын маалыматына таянып билдирди.

Кабарга ылайык, 20-август күнү эртең менен Москвадан Тегеранга учкан орус учагында 140 миллион евро накталай акча, британиялык танкка каршы NLAW ракеталары жана АКШнын Javelin жана Stinger системалары болгон.

16:45 9.11.2022

Орусиянын Ички иштер министрлиги Republic басылмасынын башкы редактору Дмитрий Колезевге федералдык издөө жарыялады. Mediazona кабарлагандай, журналистке кылмыш иши козголгон, бирок кандай берене экени белгисиз.

Колезев өзү да иштин чоо-жайына түшүнбөй турганын Телеграм-каналына жазды. Анын белгилешинче, орус куралдуу күчтөрүндөгү "фейктер" же орус куралдуу күчтөрүн "дискредитациялоого" байланыштуу пикирлери үчүн болушу мүмкүн.

Дагы жүктөңүз

​
XS
SM
MD
LG