Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Октябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:02

Санкт-Петербургда жапырт дрон чабуулунан бир киши каза таап, бир нечеси жараат алды

Украинада согуш башталганына беш жылга аяк басты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




12:16 22.11.2022

ермания Польшанын аба мейкиндигин коргоого жардам берүү үчүн Patriot системасын сунуштады. Польшанын Украина менен чектеш айылына ракета тийгенден кийинки бул сунуш тууралуу Германиянын коргоо министри Кристина Ламбрехт билдирди.

Берлин муну өткөн аптада демилге кылган. Эгер Польша кааласа, бул үчүн Германиянын Eurofighter истребителдери колдонулушу мүмкүн.

12:15 22.11.2022

Бириккен Улуттар Уюмунун Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттиги(МАГАТЭ) Украинанын Запорожье атомдук электр станциясын бутага алган чабуулдарды айыптады. Агенттиктин башчысы Рафаэль Гросси 19-ноябрдын кечинде жана 20-ноябрдын таңында орус күчтөрү көзөмөлдөгөн Запорожье станциясындагы "кубаттуу жардыруулардын" артында ким турса да аткылоону токтотушу керектигин айтты. Ал Европадагы эң ири атомдук станцияга урулган мындай соккулар өзөктүк алааматка жол ачышы мүмкүндүгүн эскертти.

12:09 22.11.2022

Украина Херсон жана Николаев облустарында орус аскерлеринен бошотулган аймактарда жашаган жарандарды коопсуз жайга чыгара баштады. Бул тууралуу украин бийлик өкүлдөрү кабарлады.

Ага ылайык, өз эрки менен убактылуу жер которууну каалаган жарандарга Кривой Рог шаарына же өлкөнүн батыш облустарына барып туруу сунушталды. Киев эвакуацияны кыш мезгилинде орус аскерлеринен бошотулган аймактарда жашоо шарт оор болушу ыктымалдыгы менен байланыштырып жатат.

12:08 22.11.2022

Украин президенти Зеленскийдин кеңсе башчысынын кеңешчиси Владимир Подоляк Батыш мамлекеттеринин Киевди Орусия менен сүйлөшүүгө көндүрүү аракетин таң калычтуу деп мүнөздөдү.

Ал украин күчтөрү фронтто алдыга жылып жаткан шартта Москва менен сүйлөшүү Киевдин капитуляциясына барабар болорун "Франц-пресс" жаңылыктар агенттигине айтты.

Дагы жүктөңүз

​
XS
SM
MD
LG