Украин делегациясы Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Парламенттик ассамблеясынын жыйындарына Орусияны мүчөлүктөн чыгармайынча бойкот жарыялоону чечти. Украин делегат Евгения Кравчук ЕККУнун парламенттик ассамблеясы орусиялык өкүлдөрдү мүчөлүктөн чыгаруу боюнча эрежелерди өзгөртө албаганын билдирди.
"Биз, украиналык делегация бул эл аралык уюм орусиялыктарга мамилесин өзгөртмөйүнчө, Парламенттик ассамблеянын ишине катышпайбыз", - деп жазды ал.
Орусия менен Украинанын өкүлдөрү Бириккен Араб эмираттарында жолугуп, туткундарды айырбаштоо жана аммиак экспортун талкуулашты. Бул тууралуу Reuters агенттиги ысымын атабаган булагына таянып жазды. Маалыматка караганда эки тараптын өкүлдөрү Араб Эмираттарында 17-ноябрда Перс булуңундагы араб өлкөлөрүнүн ортомчулугу менен жолугушкан. Сүйлөшүүдө кандай жыйынтыкка жетишилгени беймаалым.
Украинанын Түркиядагы элчиси Василий Бондардын айтымында, туткундарды айырбаштоо орус аммиагын экспорттоого жол ачуу шартынын бир бөлүгү.
Украинанын бир катар шаарларында, анын ичинде баш калаа Киевде суу жана жарык берүү калыбына келтирилди. 23-ноябрдагы орус армиясынын аба соккуларынан 2,8 миллион калкы бар борбор шаардын 70% жарыксыз, көп бөлүгү суусуз калган.
"Адистер түнү бою иштешти", -деп жазды Телеграмга Киевдин мэри Виталий Кличко.
Полтава облусунда 15,5 миң адам жарыксыз калган. Ал жакта да жарык берүү калыбына келтирилгени кабарланды.
Украинадагы үзгүлтүксүз аткылоонун натыйжасында үч адамдын, анын ичинде жаңы төрөлгөн наристенин өмүрү кыйылды. Бул тууралуу украин президентинин аппаратынан 23-ноябрда кабарлашты.
Расмий маалыматка ылайык, түндө орус армиясы Запорожье облусунун Вольнянск шаарындагы оорукананын төрөт бөлүмүнө С-300 ракетасы менен сокку урган. Чарчап калган ымыркайдын төрөлгөнүнө эки күн болгон, анын апасы аман калган.