Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:09
Украина, Киев. 2026-жылдын 16-июлу.
Украина, Киев. 2026-жылдын 16-июлу.

Киев баллистикалык ракета менен аткыланып, адам өмүрү кыйылды

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




14:55 7.12.2022

Орусиянын армиясы 6-декабрда Херсон, Кривой Рог жана Краматорскинин инфраструктурасына сокку урду, жарадарлар бар, бир адам каза тапты.

6-декабрда Орусиянын Курск жана Брянск облустарындагы аэродром жана май сактаган кампага БПЛА менен сокку урулду.

Украинанын Башкы штабы авиациянын жардамы менен Донбасста эки багытта чабуул жасап атканын билдирди. Бахмут тынымсыз аткылоого кабылып, орусиялык армия шаарды курчоого алууга аракет кылып жатат.

Орусия жана Украина 6-декабрда туткундарды 60/60 форматында алмашты.

Германия Украина Patriot системасын берүүдөн баш тартты.

23:18 3.12.2022

  • Михаил Подоляк: согуш башталгандан бери 13 миң украиналык аскер кызматкери каза болду;
  • Херсон кайрадан аткылоого кабылып, электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурады;
  • Украинанын аскер күчтөрү Орусия Запорожьедеги калктуу пункттардан айрым бөлүктөрүн алып кетип жатканын ырастады;
  • Европадагы Украина элчиликтери канга боелгон жана жаныбарлардын көзү салынган баштыктарды алууда;
  • Киев-Печердук лаврынын дин кызматкери "орусиялык ыры" үчүн жоопко тартылды.

22:57 3.12.2022

Кременная-Сватово багытындагы кармаштар

Украиналык аскерлер Луганск облусундагы багытта жай жылууда. Муну украиналык да, орусиялык да булактар билдирүүдө.

Орусиялык аскердик блогдордо украиналык аскерлер орусиялык күчтөр Харьковдон чегингенден кийин таяныч пункттарына айланткан Кременая жана Сватово шаарларын бириктирген трассадагы Чернопавловка аймагына карай чыкканы тууралуу маалымат пайда болду.

Украинанын Башкы штабы Чернопавловкада орусиялык чабуулдардын мизи кайтканын билдирди.

Луганск администрациясынын башчысы Сергей Гайдай Сватово-Кременная фронтундагы участокто украиналык күчтөр жоону "жай, бирок ишенимдүү тебелеп" баратканын билдирди. "Уруш ар бир жүз метр сайын болуп жатат, алдыга карай секириктер бар деп айтууга болбойт". Аймакта орусиялык күчтөр коргонуучу позицияга өтүп, миңдеген согушкерди соттолгондорго кошуп алып барган.

Аяздын түшүшү менен жер тоңуп жатканы жана бул аскерлерге аракет жасоого жеңилдик берери кабарланды. Буга чейин күзгү жамгырдан улам баткак болгондуктан кыймылга тоскоолдук жаралган.

22:43 3.12.2022

Бахмуттун кварталдары

Украиналык агенттик UNIAN Бахмут шаарынын бузулган кварталдарынын аэросъемкасын жарыялады. Акыркы айларда орусиялык армия шаарга чабуул коюп жатат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG