Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:24
Украина, Киев. 2026-жылдын 16-июлу.
Украина, Киев. 2026-жылдын 16-июлу.

Киев баллистикалык ракета менен аткыланып, адам өмүрү кыйылды

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




17:08 10.12.2022

Орусиялык күчтөр ишембиге караган түнү Одесса облусундагы энергетикалык объекттерге камикадзе-дрондору менен чабуул жасады. Бул тууралуу "Юг" ыкчам башкармалыгы кабарлады.

Инфраструктура жана жашоочу фондунун объектилери талкаланды. Украиналык абадан коргонуу күчтөрү Херсондо, Одессада жана Николаев облусунда төрт дронду атып түшүрдү.

Орусия Иранга заманбап аскердин жабдыктарды жана компоненттерди, тик учактарды жана абадан коргонуу системасын, ушундай дрондорго алмашкан. Бул тууралуу NBC News Ак үйдөгү жогорку кызматтагы чиновниктерге таянып билдирди.

Булактардын айтымында, 2022-жылы ирандык учкучтар орусиялык Су-35 истребителдерин башкарганды үйрөнүшкөн. Иран бул учактарды кийинки жылы ала башташы мүмкүн. Булактар Иран менен Орусиянын кызматташтыгы Украина эле эмес, бүткүл чөлкөм үчүн коркунучтуу экенин белгилешкен. "Биз Жакынкы Чыгыштагы жана бүткүл дүйнөдөгү өнөктөштөр менен бул тууралуу сүйлөштүк" деген NBCге булак.

16:57 10.12.2022

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Украинадагы аскердик аракеттер Орусия менен Украинанын ортосундагы согушка айланып кетиши мүмкүн деген чочулоосун билдирди.

"Украинада тириукмуш согуш болуп атат. Бул толук масштабдуу согушка айланып, НАТО менен Орусиянын урушуна өсүп кетиши мүмкүн. Биз мындан качуу үчүн күн сайын иштеп жатабыз", - деди ал норвегиялык NRK телекомпаниясына.

Столтенберг "согуш болушу мүмкүн экенинен күмөн санабасын" билдирип, Европанын башка өлкөлөрүн тарткан чыр-чатактан качуу маанилүү экенин кошумчалады.

18:21 9.12.2022
  • Акыркы маалыматтарда орусиялык аскерлер чыгыш фронтунун басымдуу бөлүгүндө чабуулга өтүп жатат
  • Орусиялык оппозиция өкүлү Илья Яшин Буча тууралуу стрими үчүн "Фейктер тууралуу" беренеси менен күнөөлүү деп табылды
  • АКШда Украинага аскердик жардамдын жаңы пакети даярдалууда
  • Украинанын "Энергоатому" Орусияны Запорожье АЭСнин кызматкерлерине кол көтөргөнү үчүн айыптады

18:16 9.12.2022

АКШ Украинанын абадан коргонуу жааты үчүн аскердик жардамдын жаңы пакетин даярдап жатат

Документтин долбоорлору колуна тийген Рейтер агенттиги жардамдын жалпы көлөмү 275 миллион доллар экенин кабарлады. Пакетке дрон жана башка абадан коргонуу системалары кирет. Улуттук коопсуздук кеңешинин өкүлү жардамдын жаңы пакети тууралуу айтуудан баш тартты. Украинага HIMARS системалары үчүн ракеталарын жана башка курал-жарактарды, Humvee автомашиналарын жана генераторлорду берүү да күтүлүүдө.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG