Орусиянын Коргоо министрлиги Донецк облусунун Макеевка аймагында украин аскерлеринин ракеталык чабуулунан мерт болгондордун саны 89га жеткенин билдирди. Алардын арасында полктун командиринин орун басары дагы бар экенин ырастады.
Орус куралдуу күчтөрүнүн өкүлү Сергей Севрюков чабуулга өздүк курамдын чөнтөк телефон менен жапырт колдонгону себеп болгонун, анын айынан аскерлердин турган жери аныкталып калганын айтты. Коргоо министрлиги чабуулдун мизин кайтарууда HIMARS комплексинин атуучу бөлүгү жабыркаганын кабарлады. Украина бул маалыматты азырынча ырастай элек.
Бул чбуула Макеевкада 1-январга карага түнү болгон. Кремлге ыктаган каналдар ракеталык чабуулдан жүздөгөн адам өлгөнүн жазып чыккан.
Украин армиясынын стратегиялык коммуникациялар департаменти өзүнүн Телеграм-каналында 400 киши набыт болгонун, дагы 300гө жакыны жараат алганын маалымдаган.
Донецк жикчилдеринин куралдуу күчтөрүнүн мурдагы башчысы Игорь Стрелков (Гиркин) каза тапкандардын жана жарадар болгондордун санын "жүздөгөн" деп сыпаттап, кампадагы ок-дарылар жардырылганын айткан.
Сокку аскерлер жайгашкан кесиптик-техникалык окуу жайынын имаратына тийген. Окуя болгон жерден тартылган видеодон лицейдин имараты талкаланганы көрүнүп турат. Украин каналдары каза болгондор Самара облусунан мобилизацияланганын кабарлаган.
Бир кол салууда 90дой аскердин өлүмү - Орусия согуш башталгандан бери моюнга алган эң чоң жоготуу болуп саналат.
Орус армиясы Украина менен согуштагы жоготуулары тууралуу так маалымат бербейт. Пентагон ноябрда Орусия менен Украинанын ар биринин жоготкон жана жарадар болгон аскерлеринин саны 100 миңдей деп болжолдогон.
Согуш маалында мындай маалыматты көз карандысыз булактардан текшерүү кыйын.
Макеевкада орус армиясынын ондогон аскери набыт болду
Жаңы жылдын алгачкы үч түнү тең майданда кармаш күчөдү.
Украина орус күчтөрү Киев баш болгон чоң шаарларды дрондор менен бутага алганын билдирди.
1-январга караган түнү Москва аннексиялап алган Донецк облусунун Макеевка кыштагына украин армиясы урган ракеталык соккудан ондогон киши набыт кеткени маалым болду.
Орусиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков украиндер АКШда чыгарылган курал менен сокку урганын айтты.
“Орусиянын абадан коргонуу системасы “Хаймарстын” эки реактивдүү снарядын атып түшүрдү. Дүрмөттөлгөн төрт снаряд аскерлер убактылуу жайгашкан жерге түшүп, 63 аскер кызматкерибиз курман болду”, - деген орус армиясынын өкүлү маркумдардын жакындарына бардык зарыл болгон жардам берилерин белгиледи.
Жыл жаңырган маалда базага жасалган сокку тууралуу маалымат тарагандан кийин орусиялык улутчул блогерлер жаңы барган аскерлерди курал-жарак сакталган кампага чукул жайгаштырганы үчүн командирлерди жоопко тартууга чакырык жасашты.
Телеграм-каналында миллиондон ашык катталуучусу бар Рыбар аттуу блогер Макеевкада 100дөн ашуун адам жараат алганын, 600дөй киши болгонун жазды.
Украинанын Коргоо министрлиги Макеевкада 400дөй киши мерт болгонун билдирүүдө. Фронттон жүздөгөн чакырым алыстагы Киев баш болгон чоң шаарларды бутага алган Орусиянын дрондору дээрлик атып түшүрүлгөнүн маалдымады.
Президент Владимир Зеленский Москва ирандык дрондорду колдонуп, «Украинаны алсыратуу» аракетин улантарын 2-январдагы телекайрылуусунда айтты.
"Алар Украинанын элин, абадан коргонуу системасын, энергетиканы алсыратуу максатын көздөп тургандай. Украина террористтердин бул максатын ишке ашыруусуна жол бербөө үчүн колдон келгендин баарын жасайт", – деди Зеленский.
Орусиянын Украинага басып кирип, согуш баштаганына бир жылга чукулдады. Москва майданда аскерлери алсырагандан кийин абадан чабуул койгонго өткөн.
Орусиянын президенти Владимир Путин жаңы жылдык кайрылуусунда "атайын операция" муну менен токтоп калбасын, өлкөнүн келечеги үчүн күрөш уланарын билдирди.
31-декабрдагы кайрылуусунда украин лидери Владимир Зеленский өз элине алкыш айтып, "күч бирдикте" деп шыктандырды.
Украина орус күчтөрү басып алган аймактарынын 40 пайызын бошотконун өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн башкы кол башчысы Валерий Залужный шейшембиде жарыялады. Украин генералы майданда 100 миң орус аскери набыт болгонун кошумчалады.
Москва былтыр сентябрда согушта 6 миңдей жоокер курман болгонун ырастаган. Би-Би-Си жана “Медиазона” басылмасынын журналисттери ачык булактарга таянып, 10 миңден ашуун орус жоокери өлгөнүн аныктаган.
Пентагон ноябрда Орусия менен Украинанын ар биринин жоготкон жана жарадар болгон аскерлеринин саны 100 миңдей деп болжолдогон. Согуш маалында маалыматтарды көз карандысыз булактардан текшерүү кыйын экенин да эске салабыз
Украина орус аскерлери 2022-жылдын 24-февралынан бери басып алган аймактарынын 40 пайызын бошотту. Бул тууралуу Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы колбашчысы, генерал Валерий Залужный жарыялады.
Залужный согуш башталгандан бери 100 миң орус аскери набыт болгонун кошумчалады.
Орусиянын Коргоо министрлиги былтыр сентябрда Украинадагы согушта 6 миңдей жоокер курман болгонун расмий тастыктаган. Би-Би-Синин орус кызматы жана “Медиазона” басылмасынын журналисттери ачык булактарга таянып, согушта 10 миңден ашуун орус жоокери набыт болгонун аныкташкан.
Пентагон ноябрда Орусия менен Украинанын ар биринин жоготкон жана жарадар болгон аскерлеринин саны 100 миңдей деп болжолдогон.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн маалыматы боюнча, расмий Киев былтыр согуш жүрүп жаткан аймактардан 600 миң адамды эвакуациялаган.
Согуш маалында маалыматтарды көз карандысыз булактардан текшерүү кыйын.