Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:05
Украина. Орусиянын соккусуна кабылган конуш.
Украина. Орусиянын соккусуна кабылган конуш.

Харьков авиабомба жана дрон чабуулуна кабылды

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




23:58 21.1.2023

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 20-январдын кечинде Украинанын президенти Владимир Зеленский менен телефондон сүйлөшүп, расмий Москва менен Киевге согушту токтотуу үчүн ортомчу болуу ниетин билдирди.

Бул маалыматты Reuters агенттиги Түркиянын расмий булактарына таянып жарыялады.

Эрдоган Киев облусундагы тик учак кырсыгына байланыштуу Зеленскийге көңүл айтканы да белгилүү болду.

5-январда Эрдоган Орусиянын өлкө башчысы Владимир Путин менен да телефондон сүйлөшүп, согушту токтотууга үндөгөн.

23:55 21.1.2023

Украинанын президенти Владимир Зеленский Киевдин союздаштарын заманбап согуштук техниканы, алардын ичинде танктарды жеткирүүнү тездетүүгө үндөдү.

АКШнын коргоо министри Ллойд Остин Германиянын Рамштайн базасында өткөн форумда НАТОдогу кызматташтарын Киевге тезинен көмөк көрсөтүүгө чакырды.

"Орусия күчүн топтоп, курал-жабдык менен кайра камсыздоонун чарасын көрүүдө. Азыр кол куушуруп отурчу маал эмес. Бул тереңирээк карай турган кез. Украин эли бизди карап турат. Кремл да бизди карап турат. Тарых да бизди карап турат", - деди Пентагондун башчысы.

Рамштайн-форумуна видео аркылуу кайрылган президент Зеленский союздаштарына «канча танк беребиз деп соодалашпай, душманды токтото турган эң зарыл нерселерди жеткирүүнү» айтты.

20-январда НАТОго кирген өлкөлөрдүн коргоо министрлери Германиядагы америкалыктардын Рамштайн авиабазасында Украинага курал-жабдык жеткирүүнү координациялоону талкуулашты.

19-январда Пентагон украиндерге 2,5 миллиард доллардык жардам берилерин жарыялаган. Бул жолу Киев алдыңкы NASAMS зениттик-ракеталык комплекстерин, сегиз "Авенджер" зениттик-ракеталык комплексин, 59 “Брэдли” согуштук машинесин, 90 "Страйкер" бронетранспортерун, минадан коргоно алчу 53 чопкутталган техниканы, 350 жогорку мобилдүү, көп кырдуу техника жеткирүүнү убада кылды.

Жардамда HIMARS, HARM ракеталык системасын, артиллериялык снаряддары, танкка каршы ракеталарды, 3 миллиондон ашуун ок-дары жана башка курал-жарактын түрү берилет.

Германия катуу басым алдында Украинага Leopard 2 танктарын берүүнү чечип жатканы маалым болду. Өткөн аптада Британия Challenger 2 танктарын Украинага бермей болгон.

23:55 21.1.2023

АКШнын Финансы министрлиги Орусиядагы "Вагнердин" менчик аскердик компаниясын эл аралык уюшкан кылмыштуу уюм деп таап, кийинки аптада кошумча санкцияларды салмай болду.

Бул тууралуу 20-январда Улуттук коопсуздук кеңешинин басма сөз катчысы Жон Кирби билдирди.

Маалыматка ылайык, Байдендин администрациясы Вагнер" компаниясын "континенттер аралык коркунуч жаратып жатат" деп санайт. Кошумча санкциялардын чоо-жайы азырынча белгисиз.

"Вагнер" компаниясы жана анын негиздөөчүсү Евгений Пригожин Кошмо Штаттардын жана Европа Биримдигинин "кара тизмесине" киргизилген. Орусиялык бул компанияны ар кандай куралдуу жаңжалдарга, анын ичинде Украинага кол салууга аралашып, аскердик кылмыштарга барган деп айыпташкан.

Вашингтондун эсебинде, ушу тапта Украинанын аймагында 50 миңдей "вагнерчи" жүрсө, алардын 40 миңи орус абактарынан согушка тартылган жалданмалар.

Пригожин АКШнын соңку чечимин "акыры Вагнер" компаниясы менен америкалыктар кесиптештер болуп калды. Биздин мамилени "кылмыштуу кландардын өз ара чечишмейи" деп караса болот" деп комментарийлегенин "Конкорд" компаниясынын басма сөз кызматы жарыялады.

16:28 18.1.2023

Украинанын Киев облусунда тик учак кулап, жыйырмадай адам курман болду. Арасында балдар жана ички иштер министри баштаган мамлекеттик кызматкерлер бар. Тик учак балдар бакчасынын жанына түшүп, имараттан өрт чыкты. Кырсыктын себеби азырынча анык эмес.

18-январда эртең мененки кырсыкта тик учак балдар бакчасынын жанына түшүп, имараттан өрт чыкты. Акыркы такталган маалыматтарга караганда, бери дегенде 17 киши каза болду, алардын төртөө балдар. Ооруканага түшкөн 22 кишинин 10у жеткинчектер.

Киев облусунун Бровары шаарында кулаган тик учакта Украинанын ички иштер министри Денис Монастырский, анын орунбасары Евгений Енин, статс-катчы Юрий Лубкович, жалпысынан тогуз киши бараткан. Алардын баары каза болду.

Жергиликтүү медиа кырсыкка кабылган тик учак Украинанын Коргоо министрлигине таандык экенин жазды.

Киев облусунун аскердик администрациясынын башчысы Алексей Кулеба тик учак балдар бакчасы менен эл жашаган үйдүн ортосуна түшкөнүн айтты:

"Окуядан кийин балдар арасында дайынсыз жоголгондор тууралуу маалымат жок. Жеткинчектер башка имаратка эвакуацияланды. Алар менен тийиштүү адистер иштеп жатышат. Ата-энелер да келген. Урандыларды тазалоо иштери уланууда".

Кырсыктан кийин тартылган сүрөт.
Кырсыктан кийин тартылган сүрөт.

Апаат болгон жерге Бровары шаарынын мэри жана полиция башчысы дароо келген.

Күбөлөрдүн билдиришинче, кырсык болгон учурда туман каптап турган. Тик учак турак жайдын жанына кулаганга чейин бала бакчаны сүзгөн.

Киевдин мэри Виталий Кличко тик учак кыйраганда каза болгон министр тууралуу мындай деди:

Каргашада көз жумган ички иштер министри Денис Монастырский.
Каргашада көз жумган ички иштер министри Денис Монастырский.

"Ал жаш, мекенчил жигит эле. Украина үчүн көп нерсе жасап аткан, полицияны реформалап жаткан. Бул Украина үчүн, анын үй-бүлөсү, балдар үчүн чоң трагедия".

Тик учактын кулашынын себебин тергөөчүлөр аныктоого киришкенин министрдин кеңешчиси Антон Геращенко билдирди.

"Тергөөчүлөр кырсыктын себептерин тактап жатат. Бул диверсиябы, техникалык мүчүлүштүкпү же учуу коопсуздугунун эрежелерин бузуубу, аны жакында билебиз. Денистин, Евгенийдин үй-бүлөсүнө жана жакындарына жана бул каргашада каза болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө чын дилимден көңүл айтам", - - деп жазды Геращенко Фейсбуктагы баракчасына.

Президент Владимир Зеленский окуяны трагедия деп атап, Коопсуздук кызматына жана Улуттук полицияга бардык жагдайларын аныктоону тапшырды.

Окуянын чоо-жайын иликтөөнү башкы прокурор Андрей Костин жеке көзөмөлүнө алганын көзөмөл органынын Телеграм-каналында кабарланды.

Бул кырсык дээрлик бир жылдай убакыттан бери өлкөгө басып кирген орус армиясы менен салгылашып жаткан украиналыктардын азабына кошул-ташыл болду. Төрт күн мурун орус күчтөрүнүн ракетасы Днепрдеги турак жайга тийгенде 40 кишинин өмүрү кыйылган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG