Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:27

Санкт-Петербургда жапырт дрон чабуулунан бир киши каза таап, бир нечеси жараат алды

Украинада согуш башталганына беш жылга аяк басты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




14:05 4.2.2023

Украина чыгышындагы кармаш

Орусиялык күчтөр Кременной районунда улам чабуул коюп жатат. Бул тууралуу "Согушту изилдөө институту" америкалык аналитикалык борборунун күнүмдүк отчетунда айтылат. Кременной жана Сватово - орусиялык коргоо күчтөрдүн Луганск облусундагы коргонуу пункттары. Бул аймактарга украиналык күчтөр жакындап келди, ошол эле маалда орусиялык күчтөр да ыңгайлуу позицияны ээлегенге аракет кылууда.

Мындан тышкары орусиялык күчтөр Бахмут жана Донецк районунда чабуулун улантып жатканы кабарланууда.

Украиналык күчтөрдүн Башкы штабы орусиялык күчтөр Кременной жана Бахмут районунда чабуулга өткөнүн, башка аймактардай эле чоң жоготууга учурап жатканын билдирүүдө.

13:45 4.2.2023
  • Орусиянын армиясы Украинага караштуу аймактар: Лиман, Бахмут, Авдеевка, Новопавловка багытында чабуулун улантууда;
  • Вашингтон Украинага 2,2 миллиард долларлык аскердик жардам бериле турганын жарыялады;
  • Германия Украинага 88 даана "Леопард" танкасын берет;
  • Украиналык аскер чалгын кызматы Путин мартка чейин Донецк жана Луганск облустарын басып алуу буйругун бергенин билдирди;
  • Киевде 3-февралда Украина-Евробиримдиктин 24ү саммити өттү;
  • Орусиялык армия басып алган Энергодарда машине жарылып, Орусиянын ИИМинин кызматкери каза болду.
12:03 4.2.2023

Вашингтон Украинага берилип жаткан аскердик жардамдын 2,2 миллиард долларлык жаңы пакети тууралуу жарыялады.

Анын алкагында Киев биринчи жолу GLSDB ракеталык кыймылдаткычы бар, 150 чакырымдык алыстыкка жетчү жогорку тактыктагы бомбаларды алат. Мындан сырткары бул пакетке Hawk зениттик ракеталык комплекстер, Puma учкучсуз учактары, Javelin танктарга каршы системалары жана HIMARS жапырт артиллериялык системаларына дүрмөттөр кошо келет.

Inside Defense басылмасы Пентагонго таянуу менен билдиргендей, жаңы жардамдын курамында ири калибрлүү пулемёттор, жогорку деңгээлде корголгон чопкутталган автоунаалар, көптөгөн ок-дарылар, байланыш каражаттары жана талаа жабдуулары да берилет.

АКШ буга чейин Украинага 80 чакырымдык аралыкка учуп жетчү гана ракеталарды берип келген. Ноябрда америкалык Boeing компаниясы өзү өндүргөн GLSDB ракеталарын Киевге жеткирүүнү сунуштаган.

АКШ, Европа өлкөлөрү, Жапония жана Австралия ушул кезге чейин Украинага ондогон миллиард долларлык жардам жеткирди. Анын ичинде көмөктөр аскердик, каржылык жана гуманитардык форматта келди. Негизги жардамды АКШ берди.

Былтыр 24-февралда президент Владимир Путиндин буйругу менен орус күчтөрү Украинага басып кирген. Бул аралыкта миңдеген карапайым тургун набыт болду.

Киев майданда 13 миңдей жоокери көз жумганын былтыр жыл соңунда билдирген. Орусиянын Коргоо министрлиги акыркы жолу 21-сентябрда согушта 6 миңдей аскерин жоготконун маалымдаган. Пентагон орус армиясынын жоготуулары өлгөндөрдү жана жараат алгандарды кошкондо 100 миңден көп деп эсептеген. Бул маалыматты көз карандысыз булактар бышыктай электигин эске салабыз.

22:09 3.2.2023

Былтыр 24-февралда Орусия Украинага басып кирип, кеңири масштабда согуш башталгандан бери Киевде биринчи жолу Евробиримдиктин бараандуу делегациясы катышкан саммит өттү. Батыш уруштун алгачкы күнүнөн тарта украин элине финансылык, аскердик жана саясий колдоосун улантууда. Москва европалыктардын Киевге көрсөтүп жаткан көмөгүн кескин сындап, украин армиясын жаңы курал-жарак менен жабдуу - жаңжалды дагы ырбатканы менен анын жүрүшүн өзгөртө албайт деп эскертүүдө.

Жума күнү Киевде Европа биримдигин Украина саммити башталарда абадан эскертүү берилип, бийлик жарандарды жакын жерлердеги баш калкалоочу жайларга барууга чакырды. Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен баштаган 15 комиссар Киевге бейшембиде келген.

Еврокеңештин президенти Шарл Мишел, Украинанын президенти Владимир Зеленский, Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен Киевде, 3-февраль, 2023-жыл.
Еврокеңештин президенти Шарл Мишел, Украинанын президенти Владимир Зеленский, Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен Киевде, 3-февраль, 2023-жыл.

“Европа биринчи күндөн тарта Украина тарапта турду. Анткени биздин континенттин келечеги азыр жазылып атканы түшүнүктүү”, – деди Еврокомиссиянын төрайымы.

"Силер өз тагдырыңар үчүн гана кармашып жаткан жериңер жок, биз аны билебиз. Бул жерде эркиндик үчүн, демократиянын авторитардык режимдерге каршы күрөшү жүрүүдө. Путин Украинаны жок кылам деп, Орусиянын келечегине тобокелге салып жатат", - деди Урсула фон дер Ляйен.

Киев европалык өнөктөштөрүнө Украинанын келечеги эркин жана бирикен Европа менен чогуу экенин такай белгилеп келет. Былтыр июнда Брюссел Киевге Евробиримдикке мүчөлүккө талапкер макамын берген.

"Орусия болгон күчүн топтоп, Украинага гана эмес, эркин Европага, эркин дүйнөгө каршы реванш алуунун аракетинде. Мындай душманды жеңүү үчүн майдандагы эрдик жетишсиз. Эркин, бейпил, бириккен Европаны биздин күчтүү институттар менен кура аларыбызга ишенели”, – деди Зеленский.

Самитте финансылык жана аскердик жардам, ошондой эле украин товарларын шаркеттин базарына чыгарууну кеңейтүү, Киевге энергетикалык каатчылыкты жабууга жардам берүү, Евробиримдиктин Орусияга каршы санкциялары, Москванын жоопкерчилигине байланыштуу маселелер кирет.

Бейшембиде Волгоград шаарында 80 жыл мурунку Сталинград салгылашуусундагы жеңишти эскерген иш-чара өттү. Ага катышкан президент Владимир Путин бул тарыхый окуядагы орус элинин каармандыгын эскерип, "Орусия Украинада жеңишке жетет" деп шыктандырды.

“Эми крест басылган немистердин "ЛЕОПАРД" танктары кайрадан бизди коркута баштады. Украин жергесинде Гитлердин жолдоочулары бандеровчулардын колу менен Орусияга каршы согушка даярданып атышат”, – деген Путин.

II Дүйнөлүк согуштун тарыхында Сталинград салгылашуусунда 1 миллиондой кишинин каны төгүлүп, Советтик кызыл армия фашисттердин мизин кайтарган.

Дагы жүктөңүз

​
XS
SM
MD
LG