Украинанын президенти Владимир Зеленский орус күчтөрү соккуларын улантып, Украинанын энергетикалык системаларына “жаңы террордук чабуул” коюшу ыктымал экенин эскертти.
Зеленский жекшембидеги кайрылуусунда, өлкөнүн энергетикалык тармагы талкаланса электр жарыгын берүүгө жаңы чектөөлөр кирерин эскертти.
Соңку айларда орус күчтөрү Украинанын энергетикалык жана жылуулук системасын бутага алууда. Эксперттердин пикиринде, Москва мындай жол менен карапайым калкты жарыксыз, жылуулуксуз, суусу жок калтырып, моралдык жактан кысым көрсөткүсү келет.
10-февралда Орусия Украинанын алты аймагындагы энергетикалык системага сокку урду. Өткөн аптада президент Зеленский Лондонго, Брюсселге, Парижге барып, Киевдин өнөктөштөрүнөн аскердик жардам, анын ичинде заманбап курал-жабдык берүүнү сурады.
Украинанын чыгышында Донбасс аймагында катуу салгылаш уланууда. Орус күчтөрү стратегиялык Бахмут шаарын ээлеш үчүн катуу чабуулун улантууда.
12-февралда “Вагнердин” негиздөөчүсү Евгений Пригожиндин Бахмутка чукул Красная Гора конушун “Вагнер” аскердик компаниясынын отряддары "чабуул коюп ээлеп алды” деген үнү жазылган кабар Телеграм каналына чыкты.
Бирок “Эркин Европа/Азаттык” радиосу Пргожиндин согушка чейин 600 тургун жашаган конушту басып алганын ырастай албайт.
Орусиядагы "Вагнер" менчик аскердик компаниясынын жалданма согушкерлери Украинанын түштүгүндөгү Бахмут шаарынын чекесиндеги Красная Гора кыштагын ээлеп, көздөгөн максатына жеткенин жарыялады.
12-февралда “Вагнердин” негиздөөчүсү Евгений Пригожиндин “Бүгүн Красная Гора конушун “Вагнер” аскердик компаниясынын отряддары чабуул коюп ээлеп алды” деген үнү жазылган кабар Телеграм каналына чыкты.
Телеграмдагы дагы бир кабарында “вагнерчилер” Красная Гора кыштагынын оозунда турганы көрүнөт. Бирок “Эркин Европа/Азаттык” радиосу Пргожиндин согушка чейин 600 тургун жашаган конушту басып алганын ырастай албайт.
“Вагнерге” таянган орус күчтөрү стратегиялык маанидеги Бахмут шаарын басып алуу Украинанын чыгышындагы Москванын “атайын операциясынын” эң маанилүү максаты экенин жар салган.
Киев мындай окуяларды бир жылдан бери орус армиясы оор жоготоууларга учураган чакта Москванын фронтто ийгиликке жеткенин көрсөтүүсүнүн аргасы деп сыпаттайт.
Жума күнү Пригожин орустар Бахмутту алууга милдеттүү экенин, бирок орус күчтөрү катуу каршылыкка кабылып жатканын билдирген.
Британиянын чалгын кызматы украиндердин аскердик статистикасына негиздеп, соңку эки аптада орус күчтөрү күнүгө 820дан сокку уруп турганын, согуш башталгандан берки эң чоң жоготуураларга дуушар болгонун билдирди.
Британдар орус күчтөрүнүн жоготууларын аскердик курамдын тиешелүү даярдыктан өтпөгөнү, координациялоо, ресурс жагынанан чабал экендиги менен негиздеп, ага Бахмутту мисал келтирет.
12-феврала украин армиясы Луганск жана Донецк облустарына бир күндө эле 11 жолу чабуул жасалганын билдирди.
Орус армиясы ишембиде Батыштын курал-жабдыгын майданга жеткирбеш үчүн Украинанын темир жана автожолдоруна ракета жана дрондор менен “жапырт чабуул” жасалганын маалымдады.
Мындан улам көптөгөн шаар-кыштактар жарыксыз калды. Бирок украин бийлиги өлкөнүн түштүгү менен чыгышында эл жарыксыз отурбайт деген оптимисттик ишенимин билдирди.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн кол башчысы Валерий Залужный Орусия деңиз алдындагы дрондорду колдонгонун билдирди. Ал 11-февралда Фейсбуктагы баракчасына буга байланыштуу АКШ армиясынын Штаб башчыларынын бириккен комитетинин жетекчиси Марк Милли менен сүйлөшкөнүн жазды. Залужныйдын ырасташынча, мындай дрондор Кара деңиздеги жарандык кемелердин коопсуздугуна коркунуч жаратат.
Буга чейин Орусияда мындай курал бар экени жана анын колдонулганы тууралуу маалымдалган эмес. Согушту чагылдырган бир катар орусиячыл Телеграм-каналдар 10-февралда орус аскерлери деңиз дронун колдонгон болушу мүмкүндүгүн жазышкан. Анда дрон Одессадагы көпүрөнүн түркүгүн талкалады делген видеолор жайгаштырылган.
The Insider басылмасы бул видеолор тартылган жерди аныктап, Затокта шаарчасындагы көпүрө жайгашкан жерден тартылганын ырастаган. Жардыруудан көпүрө канчалык жабыркаганы белгисиз. Буга чейин бул көпүрө Одесса облусунун түштүгүн Украинанын башка аймактарын түз байланыштырган жалгыз жол болчу.
10-февралда Орусия Украинанын түштүгүндө чабуулун көбөйтүп, өлкөнүн экинчи чоң шаары Харьковдун стратегиялык инфраструктурасына бир нече жолу сокку урган. Запорожьенин энергетика тармагына да чабуул жасалган.
Эксперттер Орусия жердеги чабуулдарын күчөтүүнүн алдында аба соккуларын көбөйтүп жатканын белгилешет.
Украинанын президенти Владимир Зеленский апта башында Лондонго, Брюсселге, Парижге барып, Киевдин өнөктөштөрүнөн аскердик жардам, анын ичинде заманбап курал-жабдык берүүнү өтүндү.
Украинанын башкы штабы Угледардын жанында орусиялык армия өтө чоң жоготууга учураганын кабарлады.
Буга чейин орусиялык булактар армия ийгиликсиз чабуулунан кийин чоң жоготууга учураганын моюнга алышкан. Донецк облусундагы бул аймакта алар ондогон танктарын жана чопкутталган техникасын жоготкон. Каза болгон жана жарадар болгондор ондоп, балким жүздөп саналат. "Тир сыяктуу атышты", - деп жазган орусиячыл жикчилдердин мурдагы жетекчиси Игорь Стрелков.
Угледар Украинанын Донецк облусундагы шаар. Орус армиясы калаага август айында чабуул койгон. 14 миң калктуу шаар кармаштын чордонуна айланды.