Брюссел: Киевдин курал берүүнү тездетүү суранычы
Украина Брюсселде экинчи күнү катары менен чогулуп жаткан Батыштагы өнөктөш өлкөлөрдүн коргоо министрлеринен курал-жарак берүүнү тездетүүнү суранды.
Украин президенти Владимир Зеленский өз кайрылуусунда, ошондой эле жыйынга катышкан украин расмий өкүлдөрүнүн билдирүүлөрүндө өлкө чыгышындагы Донбасста орус күчтөрүнүн чабуулу күчөгөнү белгиленди. 15-февралда Украин куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы Бахмут шаарынын тегерегинде гана эмес, Лиман, Авдеевка, Купянсканын да айланасында кармаш жүрүп жатканын билдирди.
Зеленский Батыштан украиндерге курал-жабдык келгенче орус күчтөрү майданда болушунча илгерилөөгө аракеттенип жатканын айтты.
“Алган башкы багытыбыз өзгөрүүсүз экенин ишеним менен айта алам. Украина өз өнөктөштөрү менен террордук мамлекеттин жеңилиши үчүн баарын жасайт. Аны тез арада ишке ашырууга болгон күчүн жумшайт”, - деди украин лидери шейшембинин кечиндеги кайрылуусунда.
14-февралда Брюсселде башталган жыйындын биринчи күнү НАТОнун коргоо министрлери украин бийлиги сураган чабуул койчу учактарды берүү боюнча бир пикирге келген жок. Германиянын коргоо министри Борис Писториус Киевге согуштук учактарды берүү кийинчерек талкууланарын айтты.
“Эгерде Украинанын аба мейкиндиги жакынкы үч-төрт ай ичинде коопсуз бойдон кала турган болсо, анда биз кийинки кадамдар жөнүндө сүйлөшө алабыз. Азыр чопкутталган танк бөлүктөрүн жайгаштыруу маанилүү",-деди Германиянын коргоо министри Борис Писториус.
АКШнын коргоо министри Ллойд Остин Киевдин өнөктөштөрү орустардын басып кирүүсүнөн коргонуу үчүн Украинага "эмне качан керек болсо" камсыздоону улантарын айтты.
"Согуштун эң маанилүү учурунда жеңип чыгуу үчүн украин армиясынын муктаждыктары бар", - деди Пентагондун жетекчиси Брюсселде өткөн жолугушууда.
Остин өнөктөштөр кошумча танктарды, ок-дары жана абадан коргонуу системасын берерин, системаларды интеграциялоо жана украин аскерлерин машыктыруу пландары тууралуу айтты.
Батыштын чалгын кызматтары Украинанын чек арасында Орусия аскердик күчүн топтоп жатканы тууралуу маалымат таратты.
Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков, Брюселдеги жыйынды комментарийлеп жатып, НАТО эки өлкө ортосундагы көйгөйгө кийлигишүүнү улантып жаткандыгын белгиледи.
"НАТО бизге душман уюм, муну алар күн сайын ырастап жатышат. Украинадагы кагылышууларга тиешеси бар экендигин көрсөтүү үчүн колдорунан келгенди аткарып жатыштат".
14-февралда орус күчтөрү Украинанын Донецк облусундагы чабуулун улантып жаткан маалда Киевдин НАТОдогу өнөктөштөрү Брюсселде чогулуп, мындан аркы аскердик жардамды көбөйтүүнү талкуулашты.
Украин бийлиги орус армиясынын артиллериясы Донецкиде ондогон калктуу конушка, анын ичинде Бахмут шаарына чабуул коюп жатканын билдирди.
Донецк облусунун губернатору Павел Кириленко “Бахмутта душмандын октору же дрондору жетпеген коопсуз бир дагы чарчы метр жер жок” – деди.
Украин күчтөрү өлкөнүн түндүк-чыгышындагы ондогон калк жашаган жерлерде орус күчтөрүн "көптөгөн жоготууга дуушар кылып", мизин кайтарып жатканы шейшембиде кабарланды.
Британ чалгын кызматынын 14-февралдагы отчетунда соңку үч күндө орусиялык “Вагнердин” жалданмалары “Донбасстагы Бахмут шаарынын жака-белинде, анын ичинде Красная Гора кыштагында бир аз илгерилгени” белгиленет.
Орус күчтөрү бир нече айдан бери стратегиялык шаарларды ээлеп алуунун аракетинде. Алардын бири Бахмутка дүйшөмбүдө катуу артиллериялык чабуул жасалды. Орустар Бахмутту ээлеп алса Донецк аймагындагы жаңы плацдарм болуп бермекчи.
НАТОнун баш катчысы Йенс Столтонберг украин расмийлерине таянып, Орусия Украинага жапырт чабуул баштаганын билдирди.
Украин күчтөрү өлкөнүн түндүк-чыгышындагы ондогон калк жашаган жерлерде орус күчтөрүн "көптөгөн жоготууга дуушар кылып", мизин кайтарып жатканы 14-февралда кабарланды.
Украинанын куралдуу күчтөрүнүн билдирүүсүндө украин аскерлери "коргонууну бекемдөө үчүн кошумча чараларды көрүп жатканы" айтылат. Билдирүүдөн өткөн суткада Орусия 32 абадан жана эки жолу ракетадан сокку урганы белгилүү болду.
Британ чалгын кызматы 14-февралдагы отчетунда соңку үч күндө орусиялык “Вагнердин” жалданмалары “Донбасстагы Бахмут шаарынын жака-белинде, анын ичинде Красная Гора кыштагында бир аз илгерилгени” белгиленет.
Орус күчтөрү бир нече айдан бери стратегиялык шаарларды ээлеп алуунун аракетинде. Алардын бири Бахмутка дүйшөмбүдө катуу артиллериялык чабуул жасалды. Орустар Бахмутту ээлеп алса Донецк аймагындагы жаңы плацдарм болуп бермекчи.
НАТОнун баш катчысы Йенс Столтонберг украин расмийлерине таянып, Орусия Украинага жапырт чабуул баштаганын билдирди.
Би-би-си радиосу кабарлагандай, быйыл 1-январдан бери мобилизацияланган орус жоокерлеринин 40% набыт болду. Алардын арасында жаңы жыл түнү Донецк облусунун Макеевка кыштагында орус базасында жок кылынган 109 аскер да бар.
Би-би-си жана "Медиазона" 12-февралга карай Украинада 14 093 орус жоокери набыт болгонун жазды. Долбоордун авторлору 27-январдан бери эле тизмеге 1555 киши кошулганын, бул согуш башталгандан берки эң чон көрсөткүч экенин белгилешет.
"Медиазона" өлгөндөрдүн статистикасын кайсы аскердик бөлүктө кызмат кылганын, кайдан согушка жөнөтүлгөнүн жана башка маалыматтар менен кошо жарыялады.
Украинанын президенти Владимир Зеленский орус күчтөрү соккуларын улантып, Украинанын энергетикалык системаларына “жаңы террордук чабуул” коюшу ыктымал экенин эскертти.
Зеленский жекшембидеги кайрылуусунда, өлкөнүн энергетикалык тармагы талкаланса электр жарыгын берүүгө жаңы чектөөлөр кирерин эскертти.
Соңку айларда орус күчтөрү Украинанын энергетикалык жана жылуулук системасын бутага алууда. Эксперттердин пикиринде, Москва мындай жол менен карапайым калкты жарыксыз, жылуулуксуз, суусу жок калтырып, моралдык жактан кысым көрсөткүсү келет.
10-февралда Орусия Украинанын алты аймагындагы энергетикалык системага сокку урду. Өткөн аптада президент Зеленский Лондонго, Брюсселге, Парижге барып, Киевдин өнөктөштөрүнөн аскердик жардам, анын ичинде заманбап курал-жабдык берүүнү сурады.
Украинанын чыгышында Донбасс аймагында катуу салгылаш уланууда. Орус күчтөрү стратегиялык Бахмут шаарын ээлеш үчүн катуу чабуулун улантууда.
12-февралда “Вагнердин” негиздөөчүсү Евгений Пригожиндин Бахмутка чукул Красная Гора конушун “Вагнер” аскердик компаниясынын отряддары "чабуул коюп ээлеп алды” деген үнү жазылган кабар Телеграм каналына чыкты.
Бирок “Эркин Европа/Азаттык” радиосу Пргожиндин согушка чейин 600 тургун жашаган конушту басып алганын ырастай албайт.