Ак үй "Вагнердин" жоготуулары 30 миңге жетиши мүмкүн экенин АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин расмий өкүлү Жон Кирби билдирди.
Ак үйдүн маалыматында Орусия Украинага кол салгандан бери "ЧВК Вагнердин" 30 миңдей жалданма жоочусу каза болгон же оор жараат алган.
9 миңдей согушкер өткөн жылдын лекабрь айында каза болгон. Кирбинин айтымында, өлгөндөрдүн 90% орус абактарында жатып согушка тартылгандар.
“Алар өзүнүн мүчөлөрүнө, айрыкча соттолгондорду эт туурагычка ойлонбой түртүп жатат", - деди Кирби.
Февраль айынын эки аптасында Украинадагы согушта каза болгон орусиялыктардын саны мурдагы айларга салыштырмалуу беш эсе көбөйгөн – 1679 адамдын өлүмү ырасталган.
Бул согуш башталган бир жылдан ашуун убактан берки жоготуулардын эң көбү. Бул тууралуу Би-Би-Синин орус кызматы жана орусиялык Mediazona басылмасынын бирге жасаган иликтөөсүндө айтылат.
17-февралга карата журналисттер 14 709 кишинин өлүмүн тастыктаган. Каза болгондордун басымдуу бөлүгү "ЧВК Вагнердин" жалданма аскерлери экени аныкталган. Алардын арасында абакта жаза мөөнөтүн өтөп жаткандар да бар.
Мүнхендеги жыйында сөз сүйлөгөн Франциянын президенти Эммануэл Макрон учурда Москва менен сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүн көрбөй турганын баса белгиледи. Анын айтымында, азыр Орусия менен "диалог курчу учур эмес". Франциянын президенти сүйлөшүүлөр “Украина тандайт” деген шартта гана жүрүшү мүмкүн экенин белгиледи. Украина Европаны коргош үчүн "Орусиянын баскынчыл согушу токтошу зарыл. Биз өз колдообузду үзгүлтүксүз көрсөтүшүбүз керек", - деген Макрон.
Ошол эле учурда Европанын жана АКШнын алдыңкы саясатчылары Мүнхен конференциясында президент Владимир Путинди жоопко тартууну талап кылышты. Конференциянын катышуучуларынын айтымында, Орусияны жана анын президентин жасаган кылмыштары үчүн эле эмес, мыйзамсыз басып алуу, согуш ачкандыгы үчүн да жоопко тартуу зарыл.
17-февралда Германиянын Мүнхен шаарында эл аралык коопсуздук конференциясы башталды. Ага салттуу түрдө Германиянын канцлери Олаф Шольц, Франциянын президенти Эммануэл Макрон жана АКШнын вице-президенти Камала Харрис сыяктуу бир катар мамлекеттердин лидерлери, жогорку даражалуу өкүлдөрү катышууда.
Орусиянын Украинадагы агрессиясы быйылкы жыйындын негизги темаларынын бири. Согуштун бир жылдыгына туштап өтүп жаткан конференцияда Украинанын президенти Владимир Зеленский видео кайрылуу жасады.
Ал өз сөзүндө Библиядагы алп Голиафты жеңген Давиддин окуясын мисалы кылып, Путиндин Орусиясын Голиафка салыштырды. Украинаны колдоп, агрессияга каршы чыккандардын баарын "Давиддер" деп атады.
Зеленский дагы бир жолу Батыш өлкөлөрүн Украинага аскердик оор техникадан жардам берүүнү тездетүүгө чакырды. Ал Украина эл аралык таанылган чек аралардагы бүт аймагын кайрадан алууга аракет кыларын белгилеп, Кремль менен компромисске барбай турганын кошумчалады.
Мүнхен конференциясы 1962-жылдан бери өткөрүлөт. Ага ондогон мамлекеттин лидерлери, министрлер, саясатчылар жана коомдук ишмерлер келет. Орусия конференцияга 1999-жылдан бери катышып жүргөн.
2007-жылы Орусиянын президенти Владимир Путин Мүнхен конференциясында сүйлөгөндө АКШны жана анын союздаштарын "НАТОну кеңейтип жатат" деп сындап, бул Москва үчүн коркунучтуу экенин билдирген. Путиндин ушул сөзү Орусиянын Батыш өлкөлөрү менен мамилесинин начарлашынын башаты болгон деп сыпатталат.
2022-жылы Кремль Мүнхен конференциясы "максатынан тайып баратканын" билдирип, биринчи жолу ага катышуудан баш тарткан. Быйылкы жыйынга Москвадан расмий өкүлдөр чакырылган эмес.