Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:57

Санкт-Петербургда жапырт дрон чабуулунан бир киши каза таап, бир нечеси жараат алды

Жаңыланды

Украинада согуш башталганына беш жылга аяк басты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




19:53 27.2.2023

Евробиримдик Орусияга каршы онунчу экономикалык санцияларды жарыялады. Брюсселдин "кара тизмесине" жеке адамдар да илинди. Бул ирет санкцияга кабылган 96 уюмдун ичинде Украинага каршы колдонулуп келген дрондорду өндүргөн жети ирандык ишкана да бар.

Тизмеге Орусиянын RT Arabic жана Sputnik Arabic медиа мекемелери да кирди.

Буга чейин салынган санкцияларды кыйгап өтүүгө жол бербөө максатында бул ирет жаңы чектөөлөр "эки багытта колдонулчу" товарларды Орусиянын аймагынан транзит аркылуу ташып өтүүгө да тыюу салды. Буга жарандык да, аскердик да тармак үчүн зарыл болгон ар кандай электрондук товарлар кирет.

Жаңы санкциялар Орусиянын жарандарына Евробиримдиктин маанилүү органдарында жана инфратүзүмдөрүндө жогорку кызматтарды ээлөөгө тыюу салат.

Санкцияга кабылган банктардын катарын “Альфа-банк”, "Тинькофф" жана “Росбанк” толуктады.

Евробиримдиктин тышкы иштер боюнча башкы комиссары Жозеп Боррель санкциялардын “кара тизмесине” алты миңдей украин балдарын депортациялап, күчтөп асыроого берүүгө көмөктөшкөндөр да кирерин билдирди:

"Миңдеген украиналык балдарды мажбурлап депортациялоо жасалган кылмыштардын тизмесинде өзүнүн ыпластыгы менен өзгөчө айырмаланып турат. Бейкүнөө украиналык балдарды уурдоо, аларды орусиялык үй-бүлөлөргө асыроого берүү үчүн жарандыгынан жана улутунан ажыратуу адам укуктарын, эл аралык мыйзамдарды жана Женева конвенциясын ачык бузуу болуп саналат. Бул украиналык балдар тез арада Украинага кайтарылышы керек".

Ал арада Орусиянын президенти Владимир Путин НАТОнун мүчөлөрүн Украинага курал-жарак берүү менен "жаңжалга тартылып жатат" деп айыптады. Россия-1 телеканалына берген интервьюда Путин НАТОнун өзөктүк мүмкүнчүлүктөрүн эске алуудан башка аргасы жок экенин жана АКШ баштаган аскердик альянс Орусияны жеңүүгө умтулуп жатканын билдирди. Путин "Мындай шартта алардын өзөктүк мүмкүнчүлүктөрүн кантип көрмөксөнгө сала алабыз?" деп суроо салды.

"Алар Украинага ондогон миллиард долларлык курал-жарак жөнөтүп жатышат. Бул чындап эле согушка катышуу. Батыш өлкөлөрүнүн бир гана максаты мурдагы Советтер Союзун жана анын негизги бөлүгүн - Орусияны бөлүп-жаруу. Ошондо гана алар балким бизди цивилизациялуу элдердин катарына кошот. АКШнын Советтер Союзу ураган соң дүйнөнү өздөрү каалагандай калыпка салуу аракеттери мына ушул кырдаалга келип такады. Биз жооп кайтарууга милдеттүүбүз".

02:18 27.2.2023

Иркутск облусунан мобилизациялангандар Орусиянын президенти Владимир Путинге видео кайрылуу жолдоду. Анда «ДНРдин 1-славян бригадасы аларды өлүмгө айдап жатат, ал эми чабуулга баруудан баш тарткандарды автомат жана артиллерия менен аткылашууда» деп айтышкан. Видео кайрылуу “Люди Байкала” Телеграм-каналына жарыяланган.

Видеодогу аскерлер 1439-полктон экенин билдиришкен. Буга чейин ушул эле полктун экинчи батальону да ушундай кайрылуу жаздырышкан. Видеодогулар азыр ал батальон толугу менен жок кылынганын айтышты.

“Биздин кол башчыларыбыз бизге ачык эле өлүмгө айдаларыбызды айтышууда”, - деген жоокерлер. Алар аймакты коргоого тартылабыз деп келгенин, бирок анын ордуна чабуул коюучу бригадага киргенин айтышып, эч кандай артиллерия, байланыш, саперлор жана чалгынчыларсыз Авдеевск багытына чабуул коюуга мажбур болуп жатканын айтып чыгышты.

“Үйгө кайтып баруунун жалгыз жолу - жарадар болуу деп бизге командирлер ачык эле айтып жатат”, - деген жоокерлер командирлеринин аты-жөнүн билбей турганын, алардын жалгыз үмүтү президент экенин билдиришти.

Мобилизациялангандардын мындай кайрылуулары кадыресе көрүнүшкө айланган. 2023-жылдын февраль айынын башында бир жуманын ичинде эле Интернетке үч кайрылуу жарыяланган. Анда аскерлер эбегейсиз жоготуулар болуп жатканына, шарттын начар экенине жана командирлерден ур-токмок жеп жатканына даттанышкан.

21:14 26.2.2023

АКШнын Чалгын кызматынын директору Уильям Бернс Кытай бийлиги Орусияга Украинадагы согушта колдонула турган курал-жарак берүү мүмкүнчүлүгүн карап жаткандыгы тууралуу маалыматы бар экендигин билдирди. Бирок анын айтымында, Бээжин азырынча акыркы чечимди кабыл ала элек. Бул тууралуу ал CBS News телеканалынын эфиринде билдирди.

Буга чейин Кытай Орусияга курал-жарак берүү тууралуу келишим түзүшү мүмкүн экендигин CNN, Financial Times жана Spiegel сыяктуу абройлуу батыш медиа каражаттары жазып чыгышкан. Өткөн жумада АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен АКШ мындай келишимге каршы экенин жана Бээжин муну ишке ашыра турган болсо, кесепети оор болорун билдирген.

Бернстин айтымында, учурда АКШнын атайын кызматында Кытай Орусияга курал-жарак берип жаткандыгы тууралуу эч кандай дилил жок. АКШ бийлиги бул маселени утур-утур көтөрүү менен Кытай бийлигин Орусияга курал-жарак берүү ниетинен баш тарттырууга ынандыргысы келет.

Кытай жакында эле 12 пункттан турган тынчтык планын сунуштады. Анда мамлекеттердин аймактык бүтүндүгүн урматтоо, сүйлөшүүлөрдү алдын ала коюлган шарттары жок баштоо, "Кансыз согуш" менталитетинен баш тартуу, Орусияга каршы кабыл алынган санкцияларды айыптоо сыяктуу бир катар сунуштар камтылган. Бирок анда согушту токтотууга багытталган иш-аракеттер сунушталган эмес.

Батыш өлкөлөрүнүн лидерлеринин көбү Кытайдын сунушун салкын кабыл алып, ал Орусияга гана ыңгайлуу экенин ишарат кылышкан. Франциянын президенти Эммануэл Макрон Кытайдан Орусияга басым жасоого жардам берүүсүн өтүнүп, Бээжинди курал-жарак бербөөгө чакырган.

17:15 26.2.2023

Жапон өкмөтү Орусияга карата санкциялардын санын көбөйтүп, экспортто да жаңы чектөө киргизмекчи. Бул тууралуу "Чоң жетинин" (G7) лидерлеринин онлайн саммити учурунда Жапониянын премьер-министри Фумио Кисида билдирди.

Анын маалыматына караганда, орусиялык 120 ишкердин жана компаниялардын активдери тоңдулурат. Мындан тышкары дрондордун тетиктерин Орусияга сатууга тыюу салынат. Ошондой эле Орусияга мунай өндүрүүгө керектелүүчү, компьютердик жана электрондук жабдууларды, 3D-принтерлерди экспорттоону чектейт.
Ал эми Орусиядан арак, жыгачтын айрым түрлөрүн, станокторду жана алтын импорттоого тыюу салды.

Жапониянын "кара тизмесинде" жалпысынан 900 орусиялык жаран жана 450 ишкана-мекемелер бар.

Санкциялар Орусиянын Украинадагы согушту улантып жатканына жооп катары кеңейтилүүдө. Орусия менен Жапониянын мамилеси былтыр, 24-февралда Орусия Украинага кол салгандан кийин курчуган.

Жапония Орусиянын бул кадамын сындап, АКШ жана Европа өлкөлөрү жарыялаган санкцияларга кошулган.

Москва Жапонияны "дос эмес" өлкөлөрдүн тизмесине кошуп, Экинчи дүйнөлүк согуштан бери чечилбей келе жаткан маселелерди тынчтык жолу менен сүйлөшүүлөргө чекит койгон. Жапон жарандарына Курил аралдарына кирип-чыгууга тыюу салган.

Түштүк Курилдеги Итуруп, Кунашир, Шикотан жана Хабомаи аралдары Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин СССРдин көзөмөлүнө өткөн. Союз бузулганда аралдарга анын мураскери катары Орусия ээ болуп, өзүнүн аймагы деп эсептейт.

Дагы жүктөңүз

​
XS
SM
MD
LG