Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:03

Санкт-Петербургда жапырт дрон чабуулунан бир киши каза таап, бир нечеси жараат алды

Жаңыланды

Украинада согуш башталганына беш жылга аяк басты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




15:44 4.3.2023

Запорожьедеги эл жашаган үйгө тийген орусиялык ракетанын айынан он адам каза болгонун Украинанын өзгөчө кырдаалдар башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

2-мартта орусиялык аскерлер С-300 ракеталык-зениттик комплексинен Запрожьеге чабуул коюшкан. Бир ракета эл жашаган көп кабаттуу үйгө тийип, 10 квартиралуу подъезд урап түшкөн. Уранды жана жарылуу толкуну тийген жакын аралыктагы үйлөр да жабыркаган. Өлкөнүн ӨКМ кызматы 11 адамды ( арасында кош бойлуу аял бар) куткарып, башка подъезде жашаган 20 жашоочуну эвакуация кылышкан.

Коммуналдык кызматтар имараттан чыккан 300 тоннадай калдыкты тазалашты.

10:35 4.3.2023

Мобилизацияга тартылгандан кийин Орусиянын президенти Путинге видео кайрылуу жолдогондор Украинанын Авдеевка аймагында чоң жоготууга учурады.

Сибирь.Реалии басылмасына бул тууралуу аскерлердин туугандары билдирген.

Мобилизация болгондор видео кайрылууда алар эч кандай даярдыксыз, куралсыз, артиллерия жана чалгындоо тараптын колдоосу жок чабуулга өтүп жатканын билдиришкен.

Аталган 1439-полкто Иркутск облусунан баргандар басымдуу болгон. Аскерлер буга чейин да үч жолу кайрылуу жолдошкон.

Алар анда өздөрү баш ийген "ДЭРдин" Славян бригадасы мобилизация болгондорду түздөн түз өлүмгө айдап жатканын, согуштан баш тарткандарды автомат менен атканын айтышкан.

Видео кайрылуу жасагандар жетекчилик аскердик даярдыгы жок, кырк жаштан өткөн жана өнөкөт оорулуу адамдардан турган топтон чабуул койчу бригада түзгөнүнө даттанышкан.

09:37 4.3.2023

Соңку кабарлар

  • Орусиялык ракета Запрожьедеги үйгө тийип беш адам каза болду;
  • Краснодардагы аскердик аэродромдун учуу-конуу тилкесине жакын өрт чыкты;
  • УАК: орусиялык аскерлер Бахмутка чабуул коюшууда:
  • АКШ Украинага жардамдын 400 млн. доллардык жаңы пакетин бөлүүдө;
  • "Медиазона" орусиялык армиянын жоготуусу 527 миңге жеткенин жазды;
09:32 4.3.2023

Бахмутту коргоо уланып жатканын билдирди аймактык коргонуунун 112-бригадасынын пресс-офицери Андрей Ковалев.

"Орусиялык баскынчылар чабуул койгонго аракет кылганы менен бир дагы багытта ийгиликке жете алган жок. Мен азыр орусиялык баскынчылар Купянск, Лиман, Бахмут, Авдеевка, Шахтерск багытында жылууга аракет кылып жатканын эске салам", - деди Ковалев "Донбасс.Реалии" радиосуна.

Анын айтымында, Украинанын куралдуу күчтөрү коргонууну улантууда. Ошол эле маалда орусиялык аскерлер Бахмуттун жанында чоң жоготууга учурап жатышат.

"Бизде Запрожье облусундагы Токмак аймагында орусиялык баскынчылар крематорий жайгаштырганы тууралуу маалыматтар бар. Анда мобилизацияга тартылып, Бахмут багытында каза болгондордун да сөөгүн өрттөп жатышат", - деди Ковалев.

Офицер мындан тышкары каза болгон орусиялык аскерлерди аннексия болгон Крымга жеткирип, Симферополь аймагындагы крематорийде өрттөп жатканын да кошумчалады.

"Бахмуттун айланасында орусиялык баскынчылардын өздүк курамынын жоготуусу Чеченстандагы эки согушка караганда көп", - деди ал.

Буга чейин орусиялык ЧВК Вагнердин башчысы Пригожин Бахмут курчоого алынганын айткан. Украинанын Башкы штабы орусиялык күчтөрдүн Бахмутту курчоо аракети үзгүлтүккө учураганын билдирди.

Дагы жүктөңүз

​
XS
SM
MD
LG