Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:27

Санкт-Петербургда жапырт дрон чабуулунан бир киши каза таап, бир нечеси жараат алды

Жаңыланды

Украинада согуш башталганына беш жылга аяк басты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




10:17 9.3.2023

8-мартта Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш Украинага барды. Ал Киевде “БУУнун Уставына, эл аралык укукка жана Башкы Ассамблеянын резолюциясына ылайык адилеттүү дүйнө түзүүнү” жактап сүйлөдү.

"Украинанын көз карандысыздыгы, биримдиги жана аймактык бүтүндүгү эл аралык коомчулук тааныган чек аралары менен чогуу сакталышы керек",- деди Гуттериш.

Баш катчы Киевде Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугушту.

Бул иш сапарда БУУ, Түркия, Орусия жана Украина ортосундагы Кара деңиз порттору аркылуу украин данын экспорттоо боюнча келишими талкууланары кабарланган.

Зеленский БУУ жана Украина дан келишиминин мөөнөтүн узартууну жактай турганын айтты.

Гуттериш Киевге Польша аркылуу барды. Баш катчынын Москвага баруу планы жок жана Киевден Нью-Йоркко кайтып кетемекчи. Былтыр августта Гуттериш Украинага да, Орусияга да барган.

16:14 8.3.2023

Сеул биринчи жолу Польшадан Украинага түштүк кореялык компоненттери бар Krab гаубицасын жеткирүүгө макулдук берди. Reuters агенттиги жазгандай, аны польшалык Huta Stalowa Wola ишканасы Samsung Techwin компаниясы менен түзүлгөн келишим аркылуу 2014-жылдан бери чыгарат.

Варшава өткөн жылдын май айында украин армиясына Krab жеткирилгенин жарыялаган. Сеул түштүк кореялык компоненттери бар курал-жаракты реэкспорттоого уруксат бергенин ырастаган эмес эле.

Буга чейин Орусиянын президенти Владимир Путин Түштүк Корея Киевге курал жөнөтсө, Москва менен Сеулдун мамилеси бузуларын билдирген. Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёл буга жооп кылып, Сеул Украинага гуманитардык жардам гана берип жатканын айткан.

Түштүк Кореянын коргонуу боюнча сатып алуулар программасынын өкүлү өкмөт Украинага курал-жаракты түз бербей жатканын белгиледи.

Гаубица - бута түз көрүнбөгөн жерлерден атууга ыңгайлашкан артиллериялык курал.

13:26 8.3.2023

Украина согуш маалында Орусиянын 70тен ашык аскердик учагын атып түшүрдү. Бул тууралуу Кошмо Штаттарынын аскерий аба күчтөрүнүн генералы Жеймс Хеккер Колорадодо конференцияда билдирди.

Генералдын ырасташынча, эки тараптан тең аскердик учактардын аз кыйрашын авивциянын жапырт колдонулушун чектеген натыйжалуу абадан коргонуу системалары менен түшүндүрсө болот.

Мунун алдында Польшанын коргоо министри Мариуш Блашчак Patriot абадан коргонуу системалары Украинага жеткирилгенин билдирген. Киев мындай жабыдуулар алынганын азырынча ырастай элек.

Орусия Украинага басып киргенден кийин НАТОго мүчө өлкөлөр Чыгыш Европада абадан коргонууну чыңдай баштаган. Германия баштаган аталган альянстын ондон ашык союздашы былтыр октябрда абадан коргонуу системаларын, анын ичинде америкалык Patriot зениттик-ракеталык комплексин биргелешип сатып алуу демилгесин көтөргөн.

Орусиянын президенти Владимир Путин америкалык зениттик-ракеталык комплекстин дараметин сындап, ал орусиялык С-300 сыяктуу иштебестигин, "эски система" экенин айткан.

11:09 8.3.2023

Украина менен Орусия 7-мартта дагы туткундарды алмашты. Ага ылайык, 130 украиналык жана 90 орусиялык өз мекенине кайтарылды. Бул маалыматты украин президентинин кеңсесинин башчысы Андрей Ермак менен Орусиянын Коргоо министрлиги бышыктады.

Украинага кайтып келгендердин арасында чек арачылар, Улуттук Гвардиянын жоокерлери жана төрт аял бар. Ермак жалпысынан Мариуполдун 87 коргоочусу бошотулганын алардын көбү "Азовсталь" заволун кайтарып турганда колго түшкөнүн билдирди. Ал туткундардын көбү оор жарадар экенин белгиледи.

"Бахмут менен Соледарда туткунга түшкөндөрдү кайтардык. Жалпысынан Донецк багытынан 35 адам мекенине келди",-деди Ермак.

Орусиянын Коргоо министрлиги кайтарылган туткундарга медициналык жардам муктаж экенин кабарлады.

Киев менен Москва буга чейин 101 адамга 101 форматында февраль айынын ортосунда өз ара туткун айырбаштаган. Орусия Украинага каршы согуш ачкандан бери Киев 1993 жаранын туткундан бошотту.

Дагы жүктөңүз

​
XS
SM
MD
LG