Sky News телеканалы Иран Орусияга тымызын ири өлчөмдө курал-жарак бериши мүмкүндүгү тууралуу иликтөө жарыялады. Анда Каспий деңизи аркылуу келген 100 миллион даана ок-дары жана 300 миң артиллериялык снаряд тууралуу сөз болгон.
Журналисттердин ырасташынча, быйыл январда Ирандын портторунан Астраханга эки жүк ташуучу кеме келген жана анда курал-жарак жүктөлгөн 200дөй контейнер болгон. Атайын кызматтагы булактар аталган телеканалга эки кеме тең Орусиянын желеги менен сүзүп келгенин жана Москва жүк үчүн накталай акча төлөгөнүн кабарлаган.
Кемелердин жүрүшүн каттаган электрондук система январда эки кеме Ирандан Астраханга келгенин көрсөткөн жана бул спутниктен тартылган сүрөттөргө да түшүп калган.
Кемелерде кандай жүк болгонун башка булактардан тактоо азырынча мүмкүн эмес. Орус бийлиги жана кемелердин кожоюндары комментарий берүүдөн баш тарткан.
Киев Москваны согушта жарандык объекттерге чабуул жасоодо Ирандын "Шахед" дрондорун колдонуп жатканын айтып айыптап келет. Буга чейин Тегеран Орусияга жүздөгөн дрон бергени тууралуу маалыматтар чыккан. Москва мындай маалыматтар негизсиз билдирген.
Былтыр ноябрда Иран Орусияга учкучсуз аппараттарды жөнөткөнүн биринчи жолу бышыктаган, бирок Орусия Украинага каршы согуш баштаганга чейин чакан өлчөмдө берилгенин айткан.
8-мартта Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш Украинага барды. Ал Киевде “БУУнун Уставына, эл аралык укукка жана Башкы Ассамблеянын резолюциясына ылайык адилеттүү дүйнө түзүүнү” жактап сүйлөдү.
"Украинанын көз карандысыздыгы, биримдиги жана аймактык бүтүндүгү эл аралык коомчулук тааныган чек аралары менен чогуу сакталышы керек",- деди Гуттериш.
Баш катчы Киевде Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугушту.
Бул иш сапарда БУУ, Түркия, Орусия жана Украина ортосундагы Кара деңиз порттору аркылуу украин данын экспорттоо боюнча келишими талкууланары кабарланган.
Зеленский БУУ жана Украина дан келишиминин мөөнөтүн узартууну жактай турганын айтты.
Гуттериш Киевге Польша аркылуу барды. Баш катчынын Москвага баруу планы жок жана Киевден Нью-Йоркко кайтып кетемекчи. Былтыр августта Гуттериш Украинага да, Орусияга да барган.
Сеул биринчи жолу Польшадан Украинага түштүк кореялык компоненттери бар Krab гаубицасын жеткирүүгө макулдук берди. Reuters агенттиги жазгандай, аны польшалык Huta Stalowa Wola ишканасы Samsung Techwin компаниясы менен түзүлгөн келишим аркылуу 2014-жылдан бери чыгарат.
Варшава өткөн жылдын май айында украин армиясына Krab жеткирилгенин жарыялаган. Сеул түштүк кореялык компоненттери бар курал-жаракты реэкспорттоого уруксат бергенин ырастаган эмес эле.
Буга чейин Орусиянын президенти Владимир Путин Түштүк Корея Киевге курал жөнөтсө, Москва менен Сеулдун мамилеси бузуларын билдирген. Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёл буга жооп кылып, Сеул Украинага гуманитардык жардам гана берип жатканын айткан.
Түштүк Кореянын коргонуу боюнча сатып алуулар программасынын өкүлү өкмөт Украинага курал-жаракты түз бербей жатканын белгиледи.
Гаубица - бута түз көрүнбөгөн жерлерден атууга ыңгайлашкан артиллериялык курал.
Украина согуш маалында Орусиянын 70тен ашык аскердик учагын атып түшүрдү. Бул тууралуу Кошмо Штаттарынын аскерий аба күчтөрүнүн генералы Жеймс Хеккер Колорадодо конференцияда билдирди.
Генералдын ырасташынча, эки тараптан тең аскердик учактардын аз кыйрашын авивциянын жапырт колдонулушун чектеген натыйжалуу абадан коргонуу системалары менен түшүндүрсө болот.
Мунун алдында Польшанын коргоо министри Мариуш Блашчак Patriot абадан коргонуу системалары Украинага жеткирилгенин билдирген. Киев мындай жабыдуулар алынганын азырынча ырастай элек.
Орусия Украинага басып киргенден кийин НАТОго мүчө өлкөлөр Чыгыш Европада абадан коргонууну чыңдай баштаган. Германия баштаган аталган альянстын ондон ашык союздашы былтыр октябрда абадан коргонуу системаларын, анын ичинде америкалык Patriot зениттик-ракеталык комплексин биргелешип сатып алуу демилгесин көтөргөн.
Орусиянын президенти Владимир Путин америкалык зениттик-ракеталык комплекстин дараметин сындап, ал орусиялык С-300 сыяктуу иштебестигин, "эски система" экенин айткан.