Орусиянын түрмөсүнөн Украинадагы согушка жөнөтүлүп, ал жакта каза болгон бир өзбек жаранынын сөөгү мекенине жеткирилди. Бул тууралуу Өзбекстандын коопсуздук кызматы 10-мартта кабарлады.
Расмий маалыматка ылайык, маркум Каракалпакстан автономиялуу республикасынын 43 жаштагы тургуну болгон. Быйыл 30-январда Орусиядан Украинадагы согуш тутанган аймакка жөнөтүлгөн. Ал чейин Орусияда миграцияда жүрүп камалганы айтылат, бирок бирок эмне себептен түрмөгө түшкөнү тууралуу маалымат жок.
Өзбекстандын атайын кызматы жарандарга кайрылып, чет өлкөдө аскерге жалданып, куралдуу жаңжалдарга катышкандарга катаал жаза каралганын эскертти.
Буга чейин "Азаттыктын" өзбек кызматы Самарканд облусунун эки тургуну Украинадагы согушта өлгөнүн, алардын сөөгү мекенине жеткирилгенин жазган. Андан тышкары, дагы беш өзбекстандык каза тапканы тууралуу маалыматтар бар. Бирок Ташкент расмий түрдө эч бирин бышыктаган эмес.
Орусиядагы "Вагнер" жалданма аскер уюму абактардан согушка алып кеткен жарандардын арасында борборазиялыктар да бар экенин, айрымдары каза болгонун мурдараак "Азаттык" жазган. Өлгөндөрдүн алтоо кыргызстандык экени аныкталган.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусия Украинанын өзөктүк жайларын кризиске кептеп жатат деп эсептейт
"Бул соккунун айынын Запорожьедеги атомдук станция кайра түйүндөн өчүрүлдү. Кырдаал курч. Орусия муну атайын, биздин атомдук объектилерде критикалык абал жаратуу үчүн жасап жатат. Бул Орусия өзөктүк чөйрөдө ыктыярдуу катышуучу боло албасын көргөзүп турат. Демек Орусиянын атомдук тармагы эртерээк санкцияга илинсе, дүйнө ошончолук коопсуз болот", - деди Зеленский видео кайрылууда.
Ал дүйнө Орусияга "атомдук объектти террор үчүн колдонууга жол бербеши керек" деп айтты.
"Энергоатом" компаниясы билдиргендей, 9-мартта Орусиянын ракета соккусунан Запорожье АЭСнин акыркы линиясы өчүп калып, кийин электр жарыгы калыбына келтирилген.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башчысы Валерий Залужныйдын маалыматында 9-мартта Орусиянын армиясы Украинанын аймагын карай 81 ракета аткан. Алардын ичинде 6 "Кинжал" жана 20 "Калибр" бар. Мындан башка Shahed-136/131 дрону менен сегиз жолу чабуул жасалган. 48 канаттуу ракетанын 34ү жана төрт дрон атып түшүрүлгөн.
Орусиялык күчтөр Запорожье АЭСин 2022-жылы март айында басып алган. Ушул убакка чейин Орусия жана Украина станциянын аткылоого кабылганы боюнча бири-бирин күнөөлөп келет.
Financial Times: аналитиктер Орусия эмнеге өтө кымбат "Кинжал" ракетасын коротуп жатканын түшүнбөйт
- Бейшембинин кечинде 25 жогорку ылдамдыктагы баллистикалык ракета Украинанын аймагына түштү. Бул типтеги бир дагы ракета бутага алынган эмес. Украинанын куралдуу күчтөрү аларда мындай ракетаны атып түшүрчү каражаттар жок экенин айтууда.
- Падышалык институттун бириккен кызматынын жогорку изилдөөчүсү Жастин Бронк гезитке берген интервьюсунда үн чыгаруучу "Кинжал" ракетасынан алтоо бир учурда колдонулганы таң калычтуу болгонун айткан. Бул өтө сейрек, заманбап аскер аба күчтөрүнө каршы колдонулчу ракета.
- Украин чалгын кызматынын атын жашырган булагынын айтымында, согушка чейин Орусиянын 50 "Кинжалы" болгон. Бейшембиде анын 15и колдонулган.
- Орусиянын баалуу ракеталарды колдонуп жатканы аналитиктер үчүн табышмактуу болууда. Алар буга үч жүйө болушу мүмкүн деп эсептешет. Биринчиден, Орусия кайсы бир максатты коргошу мүмкүн, бирок буга баллистикалык "Искандер" ракетасы деле жетиштүү болмок. Экинчиден, "Искандерлер" түгөнүп баратышы мүмкүн. Үчүнчүдөн, Орусиянын армиясы согуштун жүрүшүндө сокку урууда куралды ыксыз жана табышмактуу түрдө колдонуп жатат. Бронктун айтымында, бул кадам чечим кабыл алуу борборго түздөн түз көз каранды болгону үчүн деп эсептейт.
- Акыркы маалыматтарда Украина, АКШ убада кылган Patriot системасынын бирин алды, бирок аны азырынча колдоно элек.
ISW: Орусия адамдар жана курал жетишсиз экенине карабай генерал Мурадовдун карьерасын сактап калуу үчүн Угледарга жаңы чабуул даярдап жатат
Америкалык согушту изилдөө институту (ISW) бюллетенинде орусиялык 136-аткычтар бригадасынын жоокеринин видеокайрылуусуна көңүл бурушкан. Анда жоокер угледар багытында талкаланган 155-деңиз пехотасынын бригадасын алмаштырыша турганын айтканын көрүүгө болот.
Жоокер бардык калибрдеги снаряддар жетишсиз экенине даттанып, болгон курал-жарак азыр Бахмутка кетип жатканын айткан. (Бул багытты көзөмөлгө алган Пригожин дагы "снаряд жетишсиздигине" даттанган).
ISWнын пикиринде, бир бригаданы экинчисине алмаштыруу бул тилкедеги орусиялык күчтөрдүн чыңдалып жатканын билдирбейт. Донбасс фронтундагы орусиялык башка күчтөрдү кармап туруу үчүн Угледардын астында орусиялыктар 24 чакырым алга жылышы керек. Бирок муну согуш башталган бир жыл ичинде ишке ашыра алышкан жок.
Анткен менен жакында коргоо министри Сергей Шойгу Донбасска барган. ISWнын пикиринде ал "угледар багытынын дараметин билүү жана Чыгыш аскер аймагынын жетекчиси, генерал-полковник Рустам Мурадовдун ордун сактап калуу үчүн барган". ISW аналитиктери Шойгу Мурадовго Угледарды кандай болбосун колго алып, Коргоо министрлигин сындан куткарууга буйрук берген деп эсептешет.