Украинадагы согуш башталгандан бери Кытайдын коргонуу тармагындагы ишканалары Орусиянын санкцияга кабылган коргонуу өндүрүштүк компаниялары менен кызматташуусун улантып келишкен. Бул тууралуу бажыдагы маалыматтарды изилдеген CNN телеканалы кабарлады.
Андагы маалыматтарга караганда, Бээжиндеги Poly Technologies компаниясы 2022-жылдын ноябрына чейин Орусияга көп жабдууларды жөнөтүп турган. Анын ичинде тик учактарга жана радио аппараттарга тетиктер жеткирилип келген.
Мындан сырткары Улан-Удэ авиациялык заводу Poly Technologies товар жеткирип келсе, Орусиянын Ми-171 жана Ми-171 тик учактарына да көп тетиктер келгени аныкталган.
19-февралда АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Кытай Орусияга кыйраткыч эмес аскердик жардамын улантып жатканын, жакындан тартып курал-жарактарды жеткирүүнү караштыра баштаганын айтып чыккан. Ал Бээжин Москвага курал жеткире баштаса, анын кесепети оор болорун эскерткен.
Мындан кийин CNN, Der Spiegel жана Wall Street Journal басылмалары өз булактарына таянуу менен Кытай Орусияга учкучсуз учактарды, курал-жарактарды берүүнүн үстүндө иштеп жатканын жазып чыгышкан.
Украин аскерлери Бахмутту орусиялык күчтөрдүн курчап алышына жол берген жок. Бул тууралуу жердеги аскерлердин жетекчиси Александр Сырский билдирди. Анын айтымында, кырдаал оор, бирок аскерлер шаарды сактап турат.
Украинанын президентинин кеңсесинин башчысы Михаил Подоляк La Stampa басылмасына берген интервьюсунда Бахмутту коргоп турган аскерлер эки айдан кийин контрчабуулга өтөрүн билдирди.
"Биз орусиялыктарды алсыратып, анан чабуулга өтөбүз. Бизге алыска уча турган ракеталар керек", - деди ал.
Подоляк Бахмут стратегиялык жактан маанилүү бойдон кала берерин белгиледи. Бул чабууга даярдыкты акырына чыгарууга жол берүүдө.
"Биз 155-мм калибрдеги оор артиллериялык снаряддарга көбүрөөк муктажбыз. Биз шашпайбыз, эки ай ичинде кайра уюша алабыз", - деди кеңешчи.
Киевдин "Түндүк агым 1" жана "Түндүк агым 2" газ куурларындагы жарылууларга тиешеси жок.
Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский билдирип, мындай жалган маалымат украин армиясына аскердик жардам берүүнү жайлаткысы келген өлкөлөр үчүн пайдалуу экенин айтты.
Зеленский мындай билдирүүлөрдүн артында Орусия турарын белгиледи.
Ал Украина азыр Орусия менен эле эмес, Москва менен соодасы солгундап, бизнеси жабыр тарткандар менен да күрөшүп жатканын кошумчалады. Зеленскийдин айтымында, бул Евробиримдиктин бир катар өлкөлөрүнө да тиешелүү.
Буга чейин Батыштын бир катар алдыңкы маалымат каражаттары орус газ түтүктөрүн бузууга белгилүү бир украиначыл топ катышканын жазып чыгышкан. Анын катышуучулары бул ишти украин бийлиги менен макулдашпаганын айтышкан.
Зеленский басма сөздөгү мындай маалыматтарды "өтө кооптуу" деп атады.
2022-жылдын сентябрында "Түндүк агым 1" жана "Түндүк агым 2"газ куурларынын төрт линиясынын үчөө зыян тарткан. "Түндүк Агым 2" түтүгүндөгү иштебеген бир линия бүтүн калган. Орусиянын Украинага чабуулуна байланыштуу ал линияга каршы санкция салынган.
"Түндүк агым-1" орус газын Германияга жеткирүүчү негизги куур болуп, андан ары Евробиримдик өлкөлөрүнө бөлүштүрүлчү.
Орусиянын түрмөсүнөн Украинадагы согушка жөнөтүлүп, ал жакта каза болгон бир өзбек жаранынын сөөгү мекенине жеткирилди. Бул тууралуу Өзбекстандын коопсуздук кызматы 10-мартта кабарлады.
Расмий маалыматка ылайык, маркум Каракалпакстан автономиялуу республикасынын 43 жаштагы тургуну болгон. Быйыл 30-январда Орусиядан Украинадагы согуш тутанган аймакка жөнөтүлгөн. Ал чейин Орусияда миграцияда жүрүп камалганы айтылат, бирок бирок эмне себептен түрмөгө түшкөнү тууралуу маалымат жок.
Өзбекстандын атайын кызматы жарандарга кайрылып, чет өлкөдө аскерге жалданып, куралдуу жаңжалдарга катышкандарга катаал жаза каралганын эскертти.
Буга чейин "Азаттыктын" өзбек кызматы Самарканд облусунун эки тургуну Украинадагы согушта өлгөнүн, алардын сөөгү мекенине жеткирилгенин жазган. Андан тышкары, дагы беш өзбекстандык каза тапканы тууралуу маалыматтар бар. Бирок Ташкент расмий түрдө эч бирин бышыктаган эмес.
Орусиядагы "Вагнер" жалданма аскер уюму абактардан согушка алып кеткен жарандардын арасында борборазиялыктар да бар экенин, айрымдары каза болгонун мурдараак "Азаттык" жазган. Өлгөндөрдүн алтоо кыргызстандык экени аныкталган.