Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:20
Одесса, Орусиянын соккусунан күйүп кеткен транспорттор. 13-июль, 2026--жыл
Одесса, Орусиянын соккусунан күйүп кеткен транспорттор. 13-июль, 2026--жыл

Түз ободо Украина: Орусия транспорт ишканасын бутага алды

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




18:57 11.3.2023

Орусиялык армиянын эки аптадагы жоготуусу 1638 адамга жетти

"Медиазона" орусиялык армиянын Украинадагы жоготуулары тууралуу Би-Би-Си менен бирге жүргүзгөн кезектеги маалыматты жарыялады. Тизме эки жумада 1638 адамга толукталып, маркумдардын жалпы саны 16774кө жеткен.

"Бул бардык убактагы эң көп көрсөткүч" деп эсептейт басылма. Айрыкча "ЧВК Вагнер" азгырган абактагылардын арасында жоготуу көп болууда".

"Медиазона" согушта өлгөндөрдүн саны орусиялык армиянын Украинадагы жоготуусунун реалдуу санын билдирбесин, иш жүзүндө мындан да көп адам өлүшү мүмкүн экенин белгилейт. Басылма аймактык медиаларга чыккан жана жергиликтүү бийлик берген кабарлардын, каза тапкандардын туугандарынын социалдык баракчаларга жазган билдирүүлөрүнүн негизинде маалымат топтоп келет.

18:43 11.3.2023

Орусиялык армиянын аткылоосунан кийин Украинада бир суткада ондогон жай тургундар набыт болуп, жараат алышты

Жергиликтүү бийлик бүгүн эртең менен Херсондо үч адам каза таап, экөө жарадар болгонун билдирди. Ага чейин бийликтер облуста орусиялык соккудан үч адам өлүп, бешөө жарадар болгонун билдирген.

Днепропетровск облусунда жергиликтүү бийлик эки адам кайтыш болуп, бешөө жараат алганын билдирди.

Донецк облусунда бир суткада эки адам каза таап, 14 жай тургун жарадар болгон. Харьков облусунда бир жай тургун жарадар болуп, дагы бирөө минага жарылган.

18:37 11.3.2023

Настоящее Время каналына эки орусиялык аскердик телефон сүйлөшүүсү келип түшкөн. Аны украин чалгын кызматында ишенимдүү булак берген. Бул сүйлөшүүдөн Түндүк флотунда кызмат өтөгөн Говоров аттуу адам Шевцов аттуу башка аскерге орусиялык армияга чакыруу тууралуу айтканын угууга болот. Говоровдун айтымында каршылаш тарапты курчоого ала турган отряддарга орусиялык бийликти сындаган жана аскерде кызмат кылуудан баш тарткандарды топтоого тымызын буйрук берилген.

18:32 11.3.2023

Бахмуттагы кырдаал

Бахмуттун борбордук бөлүгүндөгү фронттун линиясы Бахмутка дарыясынын жанында жүрүп жатат. Украиналык аскерлер шаардын батыш тарабында коргонууда, орусиялык күчтөр чыгыш тарабын ээлешти деп айтылат Британиянын Коргоо министрлигинин баяндамасында. Түндүктөн түштүккө карай аккан дарыядагы көпүрөлөр кыйраган. 200-800 метр кеңдиктеги тилке менен маңдайдагы курулуштар "ЧВК Вагнердин" украиналык позицияны курчоого алуусуна тоскоол болууда. Бирок украиналык армияны камсыздоону орусиялык күчтөрдүн шаарды түндүк жана түштүк тараптан айланып өтүүгө аракет кылганы үзгүлтүккө учуратышы мүмкүн.

Шаардын түндүк тарабында орусиялык күчтөр металл иштетүүчү заводдун өнөр жай аймагына чыкканын (орусиялык аскер булактары ага киргенин айтууда-ред.) америкалык Согушту изилдөө институту билдирип, өнөр жай аймагындагы украин коргонуу күчтөрүн курчоого алуу "ЧВК Вагнер" үчүн кымбатка турушу мүмкүн экенин белгилеген.



Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG