Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:39

Санкт-Петербургда жапырт дрон чабуулунан бир киши каза таап, бир нечеси жараат алды

Жаңыланды

Украинада согуш башталганына беш жылга аяк басты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




16:14 13.3.2023

Украинанын армиясы соңку бир сутканын ичинде Бахмут шаарынын айлана-тегерегинде орус күчтөрүнүн бир нече чабуулдарынын мизин кайтарганын билдирди. Эки тарап тең Украинанын Донецк аймагында жайгашкан бул шаардагы кырдаалды "оор" деп мүнөздөп жатышат.

"Соңку бир күндүн ичинде биздин куралдуу күчтөр душмандын 102 чабуулунун мизин кайтарды. Душман Бахмут шаарын басып алуу аракетин токтоткон жок", - деп билдирди 13-мартта Украинанын куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы.

Маалыматка ылайык, Орусиянын күчтөрү менен украин армиясынын ортосундагы айыгышкан салгылашуулар Бахмуттун жанындагы Лиман, Бахмут, Авдеевка жана Шахтер аймактарында уланып жатат.

Украинанын жөө аскерлеринин кол башчысы, генерал Александр Сырский 13-мартта Телеграм аркылуу билдиргендей, Орусиянын "Вагнер" менчик компаниясынын жалданма күчтөрү Бахмутка тынымсыз чабуул коюп, шаардын борборуна кирүүгө аракет кылып жатат.

"Вагнердин" башчысы Евгений Пригожин өзүнүн күчтөрү катуу каршылыкка туш болуп жатканын, украин армиясы шаарга "түгөнгүс резервдерин" жөнөтүп жатканын айтканын 12-мартта Орусиянын ТАСС жаңылыктар агенттиги жазды.

Украин армиясы орус күчтөрү Бахмуттун айланасында "чоң жоготууга" учураганын кабарлады. Маалыматты Орусиянын армиясы ырастай элек.

Бахмут үчүн күрөш Орусия былтыр Украинага кол салгандан берки кайсы бир аймак үчүн эң узакка созулган салгылашуу катары мүнөздөлүп жатат. Талдоочулар бул шаардын стратегиялык салмагынан күмөн санаганы менен Бахмуттун символикалык мааниси бар экенин айтышат.

12:17 13.3.2023

Украинанын президенти Владимир Зеленский акыркы аптада Бахмутта Орусия миңге чукул аскеринен айрылганын билдирди. Ал бул тууралуу соңку видео кайрылуусунда айткан.

“6-12 марттын аралыгында Бахмут үчүн урушта Орусия 1100 аскеринен айрылып, дагы бир жарым миңдейи жараат алды”,-деген Зеленский. Ошондой эле курал-жарак сакталган 10 кампасы жана ондогон аскер техникалары жок кылынганын билдирди.

11-мартта “Медиазона" басылмасы орусиялык армиянын Украинадагы жоготуулары тууралуу Би-Би-Си менен бирге жүргүзгөн кезектеги иликтөөсүн жарыялады. Тизме эки аптада 1638 кишиге узарып, 16774кө жетти. Иликтөөдө соңку эки аптада жоготуулар саны кескин өскөнү айтылат.

Бул маалыматтарды Орусиянын Коргоо министрлиги комментарийлеген жок. Соңку айда Украинадагы жоготуулар тууралуу бир дагы расмий кабар чыккан эмес.

Украинанын чыгышында Бахмут шаары үчүн салгылаш уланууда. Бир канча айдан бери кармаштын чордону болуп турган калаанын батыш тарабында украиналык аскерлер коргонууда. “Орусиялык күчтөр чыгыш тарабын ээлешти” деп айтылат Британиянын Коргоо министрлигинин баяндамасында. Украинанын Башкы штабы 12-марттагы кезектеги брифингде Орусия Бахмутта алдыга жылуу аракетин улантып, украин аскерлери мекенди коргоого бар күчүн жумшап жатканын билдирди.

11:54 13.3.2023

Украинанын коопсуздук кызматы туткунга түшүп калгандан кийин орусиялык аскер күчтөрү атып салган жоокердин аты-жөнү толук аныкталганын билдирди. Токойдо аскер кийимчен турган киши "Украинага даңк!" деп айткандан кийин автоматтан ок жеп, турган жеринде кулаганы тартылган тасма 6-мартта интернетте тараган. Видео качан жана кайда тартылганы белгисиз, ок чыгаргандар көрүнбөйт, алардын орусча сөгүнгөн үндөрү гана угулат. Украин тараптын иликтөөсүнөн кийин ал аймактык коргонуу бөлүгүндө снайпер болуп кызмат өтөгөн Александр Мациевский экени белгилүү болгон. Украинанын президенти Зеленский ага “Украинанын баатыры” наамын берди.

Украинанын коопсуздук кызматы тараткан маалыматта, Александр Мациевский аскер кызматына 2022-жылдын март айында чакырылып, декабрдын соңунда Донецк облусунун аймагындагы урушта дайыны табылбай калган. Иликтөөдө ал 2022-жылдын 30-декабрында атылганы, анын сөөгүн украин тарапка февралда өткөрүп берип, 14-февралда жерге берилгени аныкталган.

21:35 12.3.2023

Орусиянын Москва облусунан Украинадагы согушка тартылган жарандардын энелери, жубайлары президент Владимир Путинге жана коргоо министри Сергей Шойгуга видео кайрылуу жолдошту. Тасманы 11-мартта "Говорит не Москва" , "Мобилизация" Телеграм-каналдары жарыялады.

Алардын ырасташынча, балдары жана күйөөлөрү орус армиясынын катарынан "Луганск элдик республикасы" жана "Донецк элдик республикасы" деп аталган күчтөрдүн командасына которулган. Орус бийлигине кайрылган аялдар туугандары тийиштүү аскердик даярдыктан өтпөй эле мобилизацияланганына, согуштун алдыңкы катарында "жем болуп жатышканына" нааразылыгын билдиришти.

Акыркы жумаларда интернетте мобилизацияга тартылгандардын өздөрүнүн да көптөгөн кайрылуулары пайда болду. Иркутск, Белгород, Калининград облустарынан, Тывадан согушка тартылгандар "Луганск элдик республикасы" жана "Донецк элдик республикасы" деген топторго кошулуп калганына, даярдыгы жок эле урушка жөнөтүлгөнүнө нааразы болушкан.

Алардын айтымында, даярдыксыз жана чалгындоо кызматынын колдоосу жок эле салгылашка түшүшөт, баш тарткандар токмоктолот.

Журналисттик иликтөөлөр жана чет элдик чалгын кызматтарынын маалыматтары көрсөткөндөй, Украинадагы согушта өлгөн орусиялыктардын арасында "Вагнер" жалданма аскер уюму жана мобилизация аркылуу урушка баргандар көбөйүүдө.

Дагы жүктөңүз

​
XS
SM
MD
LG