Бахмут шаарынын борборунда “айыгышкан салгылаш” жүрүп жатат.
“Вагнер" тобунун чабуул коюучу күчтөрү биздин жоокерлердин коргонуу сызыгын жырып өтүп, шаардын борборуна жылууга аракет көрүүдө”, - деп билдирди Украинанын кургактагы күчтөрүнүн кол башчысы генерал Александр Сырский.
Украиналык командачылык “душман ири жоготууларга учурап жатканын” белгиледи.
Ал арада Орусиядагы “Вагнер” жалданма тобунун башчысы Евгений Пригожин Бахмуттун борборунан алыс эмес жерде тартылган видеодо анын согушкерлерин шаарды алуу үчүн катуу кармаштар күтүп жатканын моюнга алды.
Ошол эле маалда чет өлкөлүк эксперттер Бахмуттун стратегиялык мааниси жок экенин, аны алуу Кремлдин символикалык жеңиши үчүн гана керектигин белгилешет.
Жергиликтүү маалымат каражаттарына берген комментарийлерде Бахмуттун жетекчилери 13-мартка карай ал жакта 4 миңдей киши жашап жатканын билдиришти. Урушка чейин калаанын калкы 70 миңдин айланасында болчу.
Украин Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы ошол эле күнү маалымдагандай, алдыңкы 24 саатта каршы тараптын 102 чабуулунун мизи кайтарылды, “орусиялык аскерлер ири жоготууларга карабай Бахмутту алуу аракетинен баш тарткан жок”.
Бухмат үчүн күрөш Орусия Украианага кол салгандан берки эң узак салгылашуу болуп калды.
Аскердик аналитиктер эки тарап тең чоң жоготууларга учураганын айтышууда.
Украинанын армиясы соңку бир сутканын ичинде Бахмут шаарынын айлана-тегерегинде орус күчтөрүнүн бир нече чабуулдарынын мизин кайтарганын билдирди. Эки тарап тең Украинанын Донецк аймагында жайгашкан бул шаардагы кырдаалды "оор" деп мүнөздөп жатышат.
"Соңку бир күндүн ичинде биздин куралдуу күчтөр душмандын 102 чабуулунун мизин кайтарды. Душман Бахмут шаарын басып алуу аракетин токтоткон жок", - деп билдирди 13-мартта Украинанын куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы.
Маалыматка ылайык, Орусиянын күчтөрү менен украин армиясынын ортосундагы айыгышкан салгылашуулар Бахмуттун жанындагы Лиман, Бахмут, Авдеевка жана Шахтер аймактарында уланып жатат.
Украинанын жөө аскерлеринин кол башчысы, генерал Александр Сырский 13-мартта Телеграм аркылуу билдиргендей, Орусиянын "Вагнер" менчик компаниясынын жалданма күчтөрү Бахмутка тынымсыз чабуул коюп, шаардын борборуна кирүүгө аракет кылып жатат.
"Вагнердин" башчысы Евгений Пригожин өзүнүн күчтөрү катуу каршылыкка туш болуп жатканын, украин армиясы шаарга "түгөнгүс резервдерин" жөнөтүп жатканын айтканын 12-мартта Орусиянын ТАСС жаңылыктар агенттиги жазды.
Украин армиясы орус күчтөрү Бахмуттун айланасында "чоң жоготууга" учураганын кабарлады. Маалыматты Орусиянын армиясы ырастай элек.
Бахмут үчүн күрөш Орусия былтыр Украинага кол салгандан берки кайсы бир аймак үчүн эң узакка созулган салгылашуу катары мүнөздөлүп жатат. Талдоочулар бул шаардын стратегиялык салмагынан күмөн санаганы менен Бахмуттун символикалык мааниси бар экенин айтышат.
Украинанын президенти Владимир Зеленский акыркы аптада Бахмутта Орусия миңге чукул аскеринен айрылганын билдирди. Ал бул тууралуу соңку видео кайрылуусунда айткан.
“6-12 марттын аралыгында Бахмут үчүн урушта Орусия 1100 аскеринен айрылып, дагы бир жарым миңдейи жараат алды”,-деген Зеленский. Ошондой эле курал-жарак сакталган 10 кампасы жана ондогон аскер техникалары жок кылынганын билдирди.
11-мартта “Медиазона" басылмасы орусиялык армиянын Украинадагы жоготуулары тууралуу Би-Би-Си менен бирге жүргүзгөн кезектеги иликтөөсүн жарыялады. Тизме эки аптада 1638 кишиге узарып, 16774кө жетти. Иликтөөдө соңку эки аптада жоготуулар саны кескин өскөнү айтылат.
Бул маалыматтарды Орусиянын Коргоо министрлиги комментарийлеген жок. Соңку айда Украинадагы жоготуулар тууралуу бир дагы расмий кабар чыккан эмес.
Украинанын чыгышында Бахмут шаары үчүн салгылаш уланууда. Бир канча айдан бери кармаштын чордону болуп турган калаанын батыш тарабында украиналык аскерлер коргонууда. “Орусиялык күчтөр чыгыш тарабын ээлешти” деп айтылат Британиянын Коргоо министрлигинин баяндамасында. Украинанын Башкы штабы 12-марттагы кезектеги брифингде Орусия Бахмутта алдыга жылуу аракетин улантып, украин аскерлери мекенди коргоого бар күчүн жумшап жатканын билдирди.
Украинанын коопсуздук кызматы туткунга түшүп калгандан кийин орусиялык аскер күчтөрү атып салган жоокердин аты-жөнү толук аныкталганын билдирди. Токойдо аскер кийимчен турган киши "Украинага даңк!" деп айткандан кийин автоматтан ок жеп, турган жеринде кулаганы тартылган тасма 6-мартта интернетте тараган. Видео качан жана кайда тартылганы белгисиз, ок чыгаргандар көрүнбөйт, алардын орусча сөгүнгөн үндөрү гана угулат. Украин тараптын иликтөөсүнөн кийин ал аймактык коргонуу бөлүгүндө снайпер болуп кызмат өтөгөн Александр Мациевский экени белгилүү болгон. Украинанын президенти Зеленский ага “Украинанын баатыры” наамын берди.
Украинанын коопсуздук кызматы тараткан маалыматта, Александр Мациевский аскер кызматына 2022-жылдын март айында чакырылып, декабрдын соңунда Донецк облусунун аймагындагы урушта дайыны табылбай калган. Иликтөөдө ал 2022-жылдын 30-декабрында атылганы, анын сөөгүн украин тарапка февралда өткөрүп берип, 14-февралда жерге берилгени аныкталган.