Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:11

Санкт-Петербургда жапырт дрон чабуулунан бир киши каза таап, бир нечеси жараат алды

Жаңыланды

Украинада согуш башталганына беш жылга аяк басты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




10:31 15.3.2023

Орусияда 1-апрелден тарта армияда келишимдик негизде кызмат өтөөгө чакыруу башталат. Жергиликтүү басылмалар келишимдик негизде кызмат өтөөгө чакырыла турган аскерлердин жалпы санын жарыялай баштады. Андагы маалыматтарга караганда Коргоо министрлигинин планы боюнча армияны 400 миң аскерге толуктоо зарыл.

Иштин негизги бөлүгү аскер комиссариаттарына жүктөлүп, пландын аткарылышына губернаторлор жооп берет. Коргоо министрлигинин планына ылайык, Челябинск жана Свердлов облустарында 10 миң, Пермь аймагында 9 миң адам кызмат өтөшү керек.

Ошондой эле шейшембиде Воронеж облусунун тургундарына кайрадан аскер комиссариаттарынан чакыруу кагаздары таратыла баштаганы кабарланды. Мындай көрүнүш былтыр сентябрда президент Путин жарыялаган "жарым-жартылай мобилизациядан" кийин болгон. Облус бийликтери бул "аскердик каттоодо тургундар тууралуу маалыматтарын жаңыртуу үчүн жасалып жатат" деп ырастоодо.

"Вёрстка" басылмасы аскер комиссариаттары орус армиясынын жоготууларынын ордун толтурууга аракет кылып жатканын, алардын катарына зоотолгон машинанын айдоочулары, артиллеристтер кирерин жазды. Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков мобилизациянын экинчи толкуну боюнча пландарды четке какты.

"Кремлде бул тууралуу талкуу болгон жок", - деди Песков.

  • Январда британиялык The Times гезити Батыштын чалгын кызматтарындагы булактарына таянып, Орусияда мобилизациянын экинчи айлампасы жарыяланышы мүмкүндүгүн, анын алкагында жарым миллионго чейин адам армияга чакырылышы ыктымалдыгын жазган. Кремль муну четке кагып келет.
  • Расмий маалыматтарга караганда, өткөн жылдын сентябрынан бери “жарым-жартылай мобилизациянын” алкагында запастагы 330 миңден ашуун орусиялык аскер кызматына чакырылган. Октябрдын аягында Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу мобилизация аяктаганы тууралуу маалымат берген. Андан кийин Путин да долбоор аяктаганын жарыялап, бирок тиешелүү жарлыкка кол койгон эмес. Муну менен Орусияда расмий мобилизация ишин улантууда.
  • Январь айында Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу үч жыл ичинде орусиялык аскерлердин санын бир жарым миллион кишиге жеткирүү максатын билдирген. Алардын дээрлик жарымы келишимдик негизде кызмат өтөгөн аскерлер болушу ыктымал деген божомол бар. Мамлекеттик думага армияга чакыруу жашын жогорулатууну караган мыйзам долбоору киргизилди. Ушу тапта Орусияда 18-27 жаштагылар куралдуу күчтөрдө кызмат өтөөгө милдеттүү. Мыйзам кабыл алынса, 2026-жылдан тарта уландар 21 жаштан тартып аскерге алынат, эмки жылдан баштап кызмат өтөөгө жаш курагы 30га чейинкилер чакырылат.
00:01 15.3.2023

Орусиялык Су-27 Кара деңиздин үстүнөн америкалык дрон менен кагышты

Бул тууралуу France-Presse агенттиги АКШ армиясынын европалык башкармалыгына шилтеме берүү менен билдирди.

"Биздин учуучу аппарат MQ-9 эл аралык мейкиндикте кадыресе операцияларды жүргүзүп жаткан. Ошол маалда орусиялык учак сүзүп, кулап түштү", - деди америкалык Аскер-аба күчтөрүнүн Европадагы жана Африкадагы жетекчиси Жеймс Хекер. Ал орусиялык аскерлердин жүрүм-турумун "коопсуз эмес" жана "профессионалдуулукка жатпайт" деп атап, бул алардын өзүнө коркунуч туудурганын кошумчалады. Хекер АКШ бул аймакта өз операцияларын уланта бере турганын билдирди.

Аскер аналитикасына адистешкен dvidshub.net сайты кагылышуу MQ-9түн учушуна орусиялык эки согуштук учактын жолтоо кылуу аракетинен улам болгонун жазды.

MQ-9 Reaper учкучсуз учагын америкалык жана британиялык аскерлер 2001-жылдан бери колдонуп келет. Орусиянын Украинага кол салуусунан кийин бул аппарат сокку урууга жөндөмдүү болсо да Кара деңиз үстүндө чалгындоо иштерин гана жүргүзүп келген.

19:02 14.3.2023

16:32 14.3.2023

Орусиялык армия шейшембиде эртең менен Краматорск шаарын аткылады. Журналисттер жеринен кабарлагандай, калаа борборунда бир нече турак жай зыян тартты. Жергиликтүү бийлик кеминде бир киши мерт болуп, дагы бир нечеси жарадар болгонун билдирди.

Кийинчерек шаардык кеңеш көп батирлүү 25 үй жана бир жер там, бала бакча, музей жана административдик имаратка зыян келтирилгенин кабарлады. Алдын ала маалыматтарда сокку С-300 ракетасынан урулганы айтылды. Уранды астында кишилер болушу мүмкүн, куткаруу иштери жүрүүдө.

Соккунун кесепети тартылган видеону украин президенти Владимир Зеленский Телеграм-каналына жарыялады.

Краматорск Донецк облусунда Киевдин көзөмөлүндө кала берген эң чоң шаар. Ал азыр айыгышкан кармаштардын чордонуна айланган Бахмуттан 20 километр алыс орун алган.

Дагы жүктөңүз

​
XS
SM
MD
LG