Израилдин өкмөтү ирандык учкучсуз учактарына каршы тура алган радиоэлектрондук күрөштүн заманбап техникасына экспорттук лицензия берүүнү жактырды.
Лицензия Иранда чыгарылган "Шахед 136" (Shahed 136) деп аталган "жанкечти" дрондорунун чабуулуна туш болуп жаткан Украинага берилет. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары анонимдүү израилдик жана украиналык булактарга таянып жазып чыгышты.
Киев жана эл аралык коомчулук Москваны Украинага сокку урууда Ирандын "Шахед-136" учкучсуз учактарын колдонууда деп айыптайт. Орусия менен Иран муну четке кагууда.
Жакында украин делегациясы радио жана теле сигналдар менен күрөшө түрган радиоэлектрондук күрөштүн заманбап техникасынын (РЭБ) бет ачарына катышуу үчүн Израилге барган. Экспорттук лицензия берүү боюнча келишимге азырынча кол коюла элек.
Украинанын өкүлү Израилге барган учурда украин армиясына баллистикалык ракетага каршы турган системалар керек экенин билдирген. Анын айтымында, соңку айларда украин армиясы учкучсуз учактардан коргонуунун натыйжалуулугун жогорулатты.
Кошмо Штаттардын сенатындагы Демократиялык фракциянын башчысы Чак Шумер Израилдин бул чечимин кубаттады. Анын бейшембидеги билдирүүсүндө учкучсуз учактардан "көбүнчө жайкын тургундар жараат алып же өлүмгө дуушар болуп, ири зыян тартууда".
АКШ Конгрессинин делегациясынын Израилге жакында болгон сапары маалында сенатор жана анын кесиптештери Израилдин өкмөтүнө Украинага пилотсуз учактарга каршы күрөшүүгө жардам берүүгө чакырган.
Бахмут үчүн кармаш уланууда
Украиналык жоокер Рейтер агенттигине шаарда кырдаал оор, бирок туруктуу экенин билдирди. Орусиялык күчтөр бир нече айдан бери курчоого алууга аракет кылып жаткан Бахмутту Киев таштап кетпей турганын билдирген. Шаар үчүн кармашта тараптардын жоготуулары он миңдеп саналат.
Учурда орусиялык күчтөр Бахмуттун түштүк-батыш тарабын көздөй жылууга аракет кылып, украин армиясына келип жаткан жардамдын жолун бууганга аракет кылууда. Бахмуттун өзүндө жана түндүгүндө катуу кармаш болуп жатат.
AMX-10 RC француз танкалары Украинага келди
Париждин Киевге убада кылган AMX-10 RC танктары Украинага келди. Бул тууралуу Франциянын коргоо министри Себасьтян Лекорню Улуттук ассамблеяда билдиргенин "Фигаро" жазды. Анын айтымында, айрым танктар азыр фронтто.
Ал эми Польша Украинага МиГ-29 согуштук учагын жакынкы күндөрү берет.
Советтик өндүрүштөн чыккан МиГ-29 төрт согуштук учак жакынкы күндөрү бериле турганын 16-мартта өлкө президенти Анджей Дуда билдирди. Бул февралдагы кол салуудан берки согуштук авиацияны Украинага берилип жатышын биринчи жолу расмий ырастоо.
Дуда учактар бериле турганын Чехиянын президенти Петр Павел менен жолуккандан кийин билдиргенин Польшанын басма сөз агенттиги кабарлады. Сөз 1995-жылы Варшава Чехиядан өзүндө чыккан тик учактарга алмашкан кыргын салуучу учактар тууралуу болуп жатат. Ачык маалыматтарда Польшада 28 даана МиГ-29 учагы бар. Дуданын айтымында, анын 16сы иштейт. Калганы Украинага тетик түрүндө же оңдоодон өткөндөн кийин берилиши мүмкүн.
Украинага басып киргенден бери Орусиянын бийлиги адам укуктары жаатындагы эл аралык нормалардын “кеңири спектрин” жана эл аралык гуманитардык укуктарды бузду. Айрымдарын согуш кылмыштары деп сыпаттаса болот.
БУУнун колдоосу менен эл аралык комиссия жүргүзгөн иликтөөнүн баяндамасында адам өлтүрүүлөр, мыйзамсыз эркинен ажыратуу, кыйноо, зордуктоо жана сексуалдык башка ыдык көргөзүү, балдардын мыйзамсыз депортациясы тууралуу кеп болот. Отчетто ошондой эле Орусиянын Украинанын энергетикалык инфраструктурасына аеосуз чабуулдарын адамзатка каршы кылмышка теңесе болору айтылат.
Баяндаманын авторлору орус бийлиги көзөмөлдөгөн аймактарда карапайым тургундардын же согушка катышпаган адамдардын көзүн тазалоо учурлары тууралуу далилдер чогултулганын жазышты.
Орус аскерлери калктуу аймактарга каршы жардыргыч заттар менен чабуул коюп, элдин азап чегүүсүн көз жаздымда калтырууда деп айтылат.
13-мартта Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту Орусиянын Украинага басып киргенине байланыштуу согуш кылмыштары боюнча эки иш ачууну жана ага тиешеси бар адамдарды кармоо буйругун чыгарууну караштырууда деген маалымат тараган.
New York Times маалымдагандай, айып эки пункт боюнча тагылмакчы. Биринчисинде, Украинанын инфраструктурасын атайлап талкалоо, экинчисинде, украиналык балдарды Орусияга алып кетүү жөнүндө айтылат. Киев жеткинчектерди күчтөп алып кетип жатышканын айтып, мындай аракетте геноциддин белгилери бар деп эсептейт.
Женева конвенциясы, бир катар документтер согушкан тараптарды жарандык жана аскердик жайларды айырмалай билүүгө милдеттендирет. Эл аралык укук жарандык объектилерди бутага алууга тыюу салат.
Көптөгөн далилдерге карабай Орусия аскердик жайларды гана бутага алганын айтып келет.