Украина дрондор чабуулуна кабылды
Украинанын бир катар облустарында 17-марттын кечинде аба коркунучу жарыяланды. Киев жана Житомир облустарында учкучсуз учактарды атып түшүрүү үчүн абадан коргонуу күчтөрү иштеп жатат.
18-мартка караган түнү Орусиянын күчтөрү Запорожье облусуна да ракета соккусун жасаганын бул шаардын кеңешинин катчысы Анатолий Куртев билдирди.
"Алдын ала маалыматта орусиялык ракета коомдук тамактануу жайынын имаратын талкалады. Жарылуу толкунунан үйлөрдүн терезеси күбүлүп, чатырлары кыйрады. Адамдар жабыр тарткан жок", - деп жазды Куртев Телеграм-каналына.
Киев шаардык аскердик администрациясы Shahed учкучсуз учактарынын баары атып түшүрүлгөнүн Телеграм-каналы аркылуу билдирди.
"Биздин абадан коргонуу күчтөрүбүз бардык дронду талкалады. Бул жолу кыйроолор жана курмандыктар болгон жок", - деп жазылган мекеме тараткан маалыматта.
Ирандык дрондор 18-марттын түнүндө Львов облусуна да чабуул койду.
Бул тууралуу РБК-Украина облустун аскердик администрация жетекчиси Максим Козицкийге таянып билдирди.
"Львовдун жашоочулары түнкү бирде Shahed 136 жанкечти-дрондору менен чабуул болгонун билдирди. Алдын ала маалыматта алты дрондун үчөөнү абадан коргонуу күчтөрү атып түшүрдү ", - деп билдирген Козицкий.
Ал "Запад" абадан башкаруу күчтөрүнө ыраазычылык билдирди. Анын айтымында үч дрон Явров районундагы эл жашабаган имараттарга тийген. "Имараттар талкаланды. Эң маанилүүсү эч ким жабыркаган жок", - деп билдирди Львов облустук аскердик администрациясынын өкүлү.
18-марттын түнүндө Shahed дрону Новомосковсидеги өзгөчө мааниси бар инфраструктуранын объектисин талкалаганын Днепропетровск облусунун аскердик администрациясынын жетекчиси Сергей Лысак билдирди.
"Дрон тийгенден кийин өндүрүштө өрт чыкты. Куткаруучулар өчүрүп жатат. Андан тышкары жакын жайгашкан алты үйгө зыян келтирилди. Төрт үй кыйрады. Адамдар жабыр тарткан жок", - деп жазды Лысак ишемби күнү таң эрте Телеграм-каналына.
Словакия өкмөтү 17-мартта Украинага советтик үлгүдөгү МиГ-29 согуштук учактарды берүүнү жактырды.
Бул тууралуу премьердин милдетин убактылуу аткаруучу Эдуард Хегер билдирди. Бул Украинага согуштук учак бере турганын расмий ырастаган экинчи өлкө.
Мунун алдында Польшанын президенти Анжей Дуда Киев жакын арада төрт даана МиГ-29 согуштук учагын ала турганын билдирген. Учактар бериле турган дата так айтылган эмес. Ушу тапта Словакиянын 11 МиГ-29 учагы бар. Анын ону Украинага берилсе, бирөө музейге коюлат. Мындан сырткары Киевге тетик катары пайдаланууга дагы үч кыргын салуучу учак, зениттик-ракеталык "Куб" комплекси берилери айтылды.
Словакия МиГ-29дан баш тартып, америкалык F-16 учактарын алууну макулдашты. Ага чейин өлкөнүн аба мейкиндигин коңшу Чехиянын аскер-аба күчтөрүнүн учактары күзөтүп турмакчы.
Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Словакия менен Польшанын Украинага согуштук учак берүү ниетин "керектен чыккан эски техникалардан арылуу аракети" деп билдирди. Анын айтымында, бул учактар "мөөнөтү өткөндүктөн жок кылынууга тийиш" жана аларды жеткирүү согуш аракеттеринин жүрүшүн өзгөртпөйт.
Словакиянын өкмөтү Орусия менен болгон согушта Украинаны активдүү колдоп келет. Буга чейин бул өлкө Киевге советтик С-300 зениттик-ракеталык комплекстерин, Zuzana 2 гаубицасын жана башка аскердик техникаларды берген. Ошол эле учурда Словакия өкмөтү отставкага кетип, мөөнөтүнөн мурда шайлоо сентябрь айына белгиленген.
Украин бийлиги Орусия басып киргенден бери Батыштан жаңы үлгүдөгү аскердик техникаларды сурап келет.
МиГ-29 истребителдерин украин куралдуу күчтөрү колдонот. World Air Forces 2022 маалымдамасында көрсөтүлгөндөй, согушка чейин Украинада мындай үлгүдөгү 51 учак бар болчу.
Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту Орусиянын президенти Владимир Путинди "Украинадагы кырдаалдын контекстинде" кармоого ордер чыгарды. Бул тууралуу маалымат соттун расмий сайтына жарыяланды. Ошондой эле Орусиянын балдар омбудсмени Мария Львова-Беловага дагы украиналык балдарды Орусиянын аймагына мажбурлап алып чыкканы үчүн кармоого ордер чыкты.
Гаага соту эки айыпталуучу тең аскердик кылмышка барып, элди күч менен депортациялап, башка жакка көчүргөн деп шек санайт. Путин “мындай ишти жасаган же ага жол берген жарандарды жана өзүнө баш ийген аскерлерди тийиштүү деңгээлде көзөмөлдөй алган эмес” деп айтылат билдирүүдө.
Айрыкча Украинанын Орусия оккупациялап алган аймактарынан балдар сыртка чыгарылганын эл аралык укук геноцидге теңейт.
Орусия 2016-жылдан бери Рим статутуна кошулбагандыктан Гаага сотунун юрисдикциясын тааныбайт.
Орусиянын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова соттун чечиминин Москва тааныбай турганын билдирди. "Биздин өлкөдө Эл аралык кылмыш сотунун чечиминин, анын ичинде укуктук көз караштан алганда эч кандай таасири жок", - деп жазды Захарова социалдык сайттарга.
Украинанын президентинин кеңсесинин башчысы Андрей Ермак Телеграм-каналында Эл аралык соттун чечимине комментарий берип, "бул башталышы гана" деп жазды.
Орусиянын Свердлов районундагы Березовский көрүстөнүндө бир нече жуманын ичинде окшош крест жана гүлчамбарлар коюлган дээрлик 70 мүрзө пайда болду. Мүрзөлөрдүн такталарына аты жазылган адамдардын арасында мурда оор кылмыштар үчүн соттолгондор да бар экенин E1.ru порталына шилтеме кылып "Азаттыктын" орус кызматы билдирди.
Журналисттер бул көрүстөнгө сөөгү коюлгандардын арасында "Вагнер" жеке менчик компаниясынын Украинадагы согушта мерт болгон жалданмалары да бар экенин жазышты.
Жергиликтүү ритуалдык кызматкердин айтымында, бул көрүстөнгө жакындары табылбаган адамдардын сөөгү алып келинип жатат.
"Жеке менчик аскердик компаниядан ["Вагнер"] айтышкандай, адам өлгөндөн кийин анын туугандарын үч күн издешет. Эгер таба алышпаса, ал жакка алып барышат. Орусияда ошол жактан жер берилген. Өздөрү коюшат", - деп айтып берген ал кызматкер.
Жаңы пайда болгон мүрзөлөрдүн баарында январь жана февраль айларында өлгөн 25 жаштан 53 жашка чейинки курактагы эркектердин аты-жөнү жазылган. E1.ru порталынын журналисттери алардын айрымдары тууралуу маалыматтарды соттун документтеринен табышкан. Мисалы, 2017-жылы Курган облусунун тургуну 90 жаштагы пенсионерди, Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагерин металл буюм менен башка чаап өлтүрүп, маркумдун төрт медалын уурдап кеткени үчүн соттолгон.
Журналисттер Березовский көрүстөнүнө көмүлгөндөрдүн биринин тууганы менен да сүйлөшкөн. Ал өлгөн киши Украинада "Вагнер" жеке менчик компаниясынын катарында согушуп жүргөнүн, мурда "киши өлтүрүүгө аракет кылды" деген айып менен түрмөгө түшкөнүн айтып берген.
Февраль айынын соңунда Орусиянын баш калаасы Москванын жака-белиндеги "вагнерчилердики" делген мүрзөгө борбор азиялыктардын да сөөгү көмүлгөнү белгилүү болгон. Алардын арасында орус абактарынын биринде жаза мөөнөтүн өтөп жаткан кыргыз жараны, 40 жаштагы Аман Айдаралиев бар экени ачыкка чыккан. Буга чейин Орусияда түрмөдө отурган бир нече кыргыз жараны "вагнерчилердин" катарына кошулуп, Украинада каза тапкан.