Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:14
Орусиядагы аскерлердин сөөгү коюлган мүрзө, 2023-жыл
Орусиядагы аскерлердин сөөгү коюлган мүрзө, 2023-жыл

Согушта өлгөн 282 миңдей орусиялыктын аты-жөнү аныкталды

Украинада согуш башталганына беш жылга аяк басты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




10:54 25.3.2023
  • 24-марттын түнү Орусияга Украинага ракета жана учкучсуз учактар менен ондогон сокку урду. Каза тапкандар бар.
  • Украина Орусияга оор жараат алган туткундарды өткөрүп берди.
  • Орусиянын коопсуздук кызматынын майору Украинага согушка баруудан качканы үчүн 6,5 жылга соттолду
  • Украинада 2022-жылдын 24-мартынан бери каза болгон орусиялык 18 023 аскердин аты-жөнү белгилүү болду.
16:53 24.3.2023

Украинанын Константиновка калаасына урулган соккуда набыт болгондор саны беш кишиге жетти. Мурдараак үч аял набыт болгону айтылган. Өзгөчө кырдаалдар кызматы дагы эки эркек каза тапканын маалымдады.

Башкы прокуратура Орусиянын күчтөрү С-300 зениттик-ракеталык комплексинен урулган соккуда өлгөндөр катуу кармаш жүрүп жаткан Бахмут шаарынан жер которуп келгендер экенин билдирген.

Донецк облусунда жайгашкан Константиновка шаарындагы көзөмөл-өткөрүү пунктуна 24-мартка караган түнү ракета атылган.

Орусия ушул түнү Украинанын Кривой Рог калаасына да дрондон сокку урду. Днепропетровск облусунун аскердик админстрациясынын башчысы Сергей Лысак жабыркагандар жоктугун билдирди.

Анын айтымында, орустар колдонгон ирандык "Шахед" учкучсуз учактарынын бирин украиналык аскерлер атып түшүрдү. Андан тышкары, шаар беш зениттик ракета менен аткыланды. Кол салуунун кесепети иликтенип жатат.

16:53 24.3.2023

Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдүн лидерлери 23-мартта Брюсселдеги саммитте алдыдагы 12 айда Украинага 1 миллион артиллериялык ок-дары жөнөтүү планын бекитишти.

Шаркетке мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер жана коргоо министрлери бул планды апта башында жактырышкан.

Биргелешкен билдирүүдө Орусия агрессиясын токтотуп, тез арада Украинанын эл аралык коомчулук тааныган аймагынан аскерлерин толук чыгарып кетиши керектиги белгиленген.

22-мартта Украинага биргелешип ок-дарыларды сатып берүү боюнча Евробиримдиктин макулдашуусуна Испания да кошула турганы белгилүү болгон. Муну менен Европа биримдигинин бул биргелешкен демилгесине кошулган өлкөлөрдүн саны 18ге жетти.

15:12 24.3.2023

24-мартка караган түнү Орусия аткан ракета Украинанын Константиновка калаасындагы көзөмөл-өткөрүү пунктуна тийип, үч адам набыт кетти. Алар айыгышкан согуш болуп жаткан Бахмут калаасынан жер которуп келген аялдар экенин, урандылардын астында калып каза тапканын Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Дагы эки киши жараат алган.

Тергөөнүн маалыматына караганда, орустар С-300 зениттик-ракеталык комплексинен аткылаган.

Прокуратура Украинанын Кылмыш-жаза кодексиндеги Согуш мыйзамдарын жана эрежелерин бузуу беренеси менен кылмыш ишин козгоду.

Константиновка шаары Донецк облусунда жайгашкан.

Андан тышкары, Орусия 24-мартка караган түнү Украинанын Кривой Рог калаасына дрондон сокку урду. Днепропетровск облусунун аскердик админстрациясынын башсысы Сергей Лысак жабыркагандар жоктугун билдирди.

Анын айтымында орустар колдонгон ирандык "Шахед" учкучсуз учактарынын бирин украиналык аскерлер атып түшүрдү. Андан тышкары, шаар беш зениттик ракета менен аткыланды. Кол салуунун кесепети иликтенип жатат.

Түн жарымында калаада абадан эскертүү жаңырды.

Дагы жүктөңүз

​
XS
SM
MD
LG