Орусиядагы "Вагнер" жалданма аскерлер уюмунун негиздөөчүсү Евгений Пригожин алардын катарына кошулган 5 миң соттолуучуга ырайым берилгенин жарыялады.
Анын билдирүүсүн компаниянын басма сөз кызматы таратты.
Бизнесмендин билдиришинче, келишим аяктагандан кийин кайтып келгендердин 0,31% гана кайрадан кылмышка барган. Пригожиндин сөзүнө караганда, бул тынч замандагы көрсөткүчкө караганда 10-20 эсеге аз.
Краматорск шаарынын мэри Александр Гончаренко орусиялык күчтөрдүн ракета соккусунан кийин кыйраган имараттардын сүрөтүн чыгарды. Адамдар арасында жабыркагандар жок.
Украинанын Бахмут шаарында айыгышкан кармаш уланууда жана соңку 24 саатта Орусия ондогон сокку урду.
Бул тууралуу Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы 25-мартта билдирди.
Башкы штаб мындан сырткары Бахмут фронтунун айланасындагы Лиман, Бахмут, Авдеевка, Марьинка жана Шахтерск тилкелеринде 60тай кагылышуу катталганын тактады. Бул райондордо акыркы апталарда катуу кармаштар болуп жатат.
25-мартта Херсон облусунун түштүгүндөгү Аймактык коргонуу күчтөрү соңку суткаларда орус тараптан көптөгөн аткылоо болгонун маалымдады. Дүрмөттөр турак жайларга тийип, эки адам өлгөнү да кабарланды. Херсон шаардык кеңеши Днепр дарыясына жакын жашагандарды “коопсуз жактарга чыгып кетүүгө” чакырган.
Швеция, Норвегия, Финляндия жана Дания бириккен аскердик-аба күчтөрүн түзүү макулдашуусуна кол койду. Түндүк Европа өлкөлөрү 250 кыргын салуучу учактарды, абадан коргонуу жана чалгын системаларын чогуу иштете турган болушту.
Даниянын Аскердик-аба күчтөрүнүн командири, генерал-майор Ян Дам Reuters агенттигине билдиргендей, мындай чечим Орусиянын Украинадагы согушунун фонунда кабыл алынды.
Түндүк өлкөлөр Орусия тараптан болчу ыктымал коркунучка чогуу каршы турушат.
Макулдашууга Германиянын Рамштайн аскердик базасында кол коюлду. Ага НАТОнун Аскердик-аба күчтөрүнүн командири, генерал Жеймс Хекер да катышты.
Түндүк Европа өлкөлөрү саясий, экономикалык жана маданий байланышта болгону менен аскердик мамиледе ар кайсы статуста болгон. Дания 1949-жылдан бери НАТОдо мүчө, ал уюмдун негиздөөчүлөрүнүн бири.
Финляндия менен Швеция буга чейин нейтралитет макамында келишкен. Орусия Украинага кеңири масштабда кол салган соң аталган өлкөлөр НАТОго кошулууга арыз беришкен. Норвегия НАТОго мүчө, бирок калган үч өлкө кирген Евробиримдикке кошулган эмес.