Украинанын куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы 27-мартта орусиялык аскер күчтөрү эки ракеталык жана 23 ирет абадан сокку урганын, ошондой эле украиналык позицияларга, калктуу аймактарга ракеталык системалардан 38 жолу чабуул жасаганын билдирди. Бул тууралуу Эркин Европа/Азаттык радиосунун украин кызматы кабарлады.
"Украинанын бардык аймагына ракеталык жана абадан сокку уруу ыктымалдыгы жогору бойдон калууда. Орусиялыктар негизги күч-аракеттерин Купянск, Лиманск, Бахмут, Авдеевка жана Мариинск багыттарында чабуулдук аракеттерди жүргүзүүгө топтошту. Биздин жоокерлер душмандын 60тан ашык чабуулунун мизин кайтарышты", - деп айтылат командачылыктын билдирүүсүндө.
Украинанын башкы штабы Беларуста орусиялык бөлүктөрдү даярдоо уланып жатканын кабарлады. Орус армиясы Курск жана Белгород облустарынын чек ара аймактарында да аскердик позициясын сактап калып, Донецк облусунун Богдановка жана Ивановск райондору менен катар украин күчтөрүнүн карамагындагы Бахмут шаарына чабуулун улантууда.
"Орус армиясы оор жоготууларга учурап жатат. Маселен, Луганск облусунун Троицк конушунда өткөн суткада 100гө жакын каза болгон орусиялыктардын сөөгү борбордук райондук оорукананын жергиликтүү өлүкканасына жеткирилген. Мындан тышкары, 140ка жакын оор жаракат алган орусиялыктар дарыланууга келишти", - деп айтылат маалыматта.
Украин башкы штабы орус аскерлери топтолгон аймактарга үч жолу абадан сокку болгонун, бир командалык пункт менен орус күчтөрү курал-жарактарды топтогон төрт аймакка ракеталык, артиллериялык сокку урулганын маалымдады.
Британ чалгыны Орусия "шахид" дрондорун көбөйткөнүн билдирди
Марттын башынан бери Орусия Украинанын аймагына Ирандан чыккан Shahed дрондору менен кеминде 71 жолу чабуул койгон болушу мүмкүндүгүн Британиянын Коргоо министрлиги чалгынга таянып билдирди. Чалгын Орусия ирандык "жанкечти" дрон менен запасын толуктады деп эсептейт.
Шольц: Согуш узакка созулат
Германиянын канцлери Олаф Шольц ntv немис каналына берген интервьюсунда Украинадагы согуш жакында бүтөрүнө көзү жетпей турганын айтты. Ал Батыш өлкөлөрү, анын ичинде Германия дагы Украинаны узак убакытка колдоого даяр болушу керектигине токтолду. Канцлердин пикиринде, согуштун бүтүшү орус бийлигинин Украинанын көпчүлүк аймагын аннексиялай албай турганына түшүнгөнүнө көз каранды. "Бирок Орусия президенти антип эсептебейт" дейт Шольц. Ал "Путиндин империялык кыялы үчүн Орусия жана анын жаштары кан менен кун төлөп жатканын, бул өтө аянычтуу экенин" белгиледи.
Орусия өзөктүк куралын Беларуска жайгаштырат
Орусиянын президенти Владимир Путин Москва Беларуска жогорку тактыктагы өзөктүк куралын жайгаштыра турганын жарыялады. Аны менен интервьюну "Россия-24" каналы ишембиде көрсөттү.
Путиндин айтымында, 1-июлда Беларуста тактикалык өзөктүк куралды сактоочу жайдын курулушу аяктайт. Мындан тышкары Орусия коңшусуна мындай куралды алып жүрүүчү "Искандер" комплексин берген.
Орусиянын президенти беларус лидери Александр Лукашенко бул куралды өз өлкөсүнө жайгаштырууну узак убакыттан бери суранып келгенин айтты.
Путиндин сөзүнө караганда Беларуска өзөктүк куралды жайгаштыруу чечими Британия Украинага курамында кемитилген ураны бар снаряддарды бере турганын билдиргенден кийин кабыл алынган. Мындай снаряддар ядролук курал болуп саналбайт, Орусия өзү да антип эсептебейт. Путин Орусиянын мындай жүз миңдеген снаряды бар экенин айткан.
Ага карабай Москва Британиянын мүдөөсүнө кескин реакция жасаган. Лондонду өзөктүк эскалацияны курчутууга айыптап, жооп чаралар болорун билдирген. Анткен менен Путиндин ушул эле интервьюсунан Беларуска ядролук комплекс жана учактар Британиянын билдирүүсүнө чейин эле берилгенин угууга болот, бул тууралуу мурдараак Лукашенко да айткан. Интервьюдан улам беларус жергесиндеги мындай курал сактоочу жай Лондондун чуулгандуу билдирүүсүнө чейин эле курула баштаганын да байкоого болот.
Путиндин айтымында, Орусия Беларуска өзөктүк куралды өткөрүп бербейт, болгону бул өлкөнүн аймагына жайгаштырат. Орус президенти АКШ деле өзөктүк куралдарын Европа өлкөлөрүнө жайгаштырып жатканын жүйө келтирди.
- Жогорку тактикалык өзөктүк куралдын так аныктамасы жок, сөз кыймылы азыраак радиусту камтыган курал тууралуу болуп жатышы мүмкүн. "Искандер" ракеталарынын радиусу 500 км, Беларуска жайгашкан бул ракеталар атылчу болсо Польшанын бардык аймагына жана анын коңшуларына коркунуч келтириши мүмкүн.