Украинанын Орусия басып алган Мелитополь шаарында жарылуу болду
Калааны сырттан башкарган мэри Иван Федоров орус коопсуздук күчтөрү жайгашкан имарат аткыланганын билдирди.
“Орусия менен биргебиз” кыймылынын төрагасы Владимир Рогов таңкы саат сегизден өткөндө артиллериялык куралдан аткылоо болгонун маалымдады. Анын белгилешинче, көп тармактуу коллеждин жанындагы имарат жарым-жартылай талкаланган, төрт адам жабыркаган.
Запорожье облусундагы Мелитополь шаары согуштун башында аннексияланган.
"Азаттык" радиосунун орус кызматы тактаган кабарларга ылайык, Орусиянын Херсондон чегинген түштүк фронттун командачылыгы Мелитополго жайгашкан.
Ростовдо депутат балдар эмгегин аскердик керектөө үчүн пайдаланууну сунуштады
Ростов облусунда ата-эненин уруксаты жок эле мектеп окуучуларын окоп үчүн шамдарды даярдоого тартууну сунуштады. Мындай демилгени Коммунисттер партиясынын (КПРФ) аймактык депутаты Татьяна Иващенко көтөргөнүн Кавказ.Реалии жазды.
Окоптук шамдарды жана маскировка үчүн торлорду жасоону Иващенко "коомдук мааниси чоң ыктыярдуу эмгек" деп атап, мындай ишке окуу жайларын тартууга ата-энелердин уруксаты кереги жок экенин айтты.
Авдеевкада коммуналдык кызматтын жумушчулары эвакуация болууда
Бул тууралуу шаар мэри Виталий Барабаш жазды. Ал кырдаалды өткөн жылы Донецк облусундагы Марьинкадагы абалга салыштырды. Анда орусиялык армия бул шаарды толугу менен талкалаган. Барабаш Авдеевка тууралуу "орусиялыктар биздин жерге өз ракетасы менен ай пейзажын тартуула, күндөн күнгө коркунучтуу болуп баратат" деп жазды.
Авдееваканын мэри элди шаардан чыгып кетүүгө чакырып "орусиялык ракеталар жана снаряддар кандай гана көз карашты карманбасын эч кимди аябай турганын эскертти". Согуш башталганга чейин Украинанын Авдеевка шаарында 31 миңдей калк жашачу.
НАТО Путиндин өзөктүк курал тууралуу риторикасын кооптуу жана жоопкерчиликсиз деп атады
Бул тууралуу Reuters агенттигинин жекшемби күнү жарык көргөн макаласында айтылат. Түндүк атлантикалык блоктогу аты белгисиз ишенимдүү булакка шилтеме берилген макалада, НАТО Путиндин Беларуска ядролук курал жайгаштыруу жөнүндө билдирүүсүн кооптуу деп эсептей турганы айтылат.
Басылманын булагынан айтымында, НАТО Орусия "СНВ-III" аттуу стратегиялык чабуулду чектөө жана токтотуу чаралары тууралуу келишимден чыгып кетүү менен өз милдеттерин эрте токтоткону белгиленген.
Мамдепартаменттин өкүлү Ведант Пател 26-мартта АКШ Украинага каршы өзөктүк курал колдоно турганынын белгилерин көрбөй турганын айткан. Вашингтон өзүнүн өзөктүк күчтөрүн жогорку даярдыкта кармоону зарыл деп эсептебейт.