Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июль, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:16
Орусиянын соккусунан кийин, Сумы
Орусиянын соккусунан кийин, Сумы

Түз ободо Орусия Сумыга авиабомба таштап, беш киши каза болду

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




23:27 29.3.2023

Украинанын куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын Бахмуттагы фронт тууралуу маалыматы

"Орусия сутка ичинде Украинага бир жолу ракетадан жана 16 жолу абадан сокку урду, реактивдүү системадан төрт жолу атты. Украинанын бардык аймагы ракета жана авиация соккусуна кабылуу тобокелдиги жогору бойдон сакталып турат. 29-мартта Херсон облусундагы Берислав шаарындагы инфраструктурага урулган аба соккудан карапайым тургундар жараат алды, жеке үйлөр жана жарандык объекттер кыйрады.

Каршылаш бардык күчүн Лиман, Бахмут жана Марьинка багытында чабуул коюуга жумшап жатат. Украинанын аскерлери 48 чабуулдун мизин кайтарды. Орусиялык күчтөр Бахмутту курчоого аракет кылып, азыноолак жылыш болууда. Бирок украин күчтөрү көптөгөн чабуулга туруштук берип, шаарды кармап турат.

Запорожье жана Херсондо каршылаш коргонууга аракет кылууда. Донецк облусундагы Малиновка, Гуляйполе, Староукраинка жана Волшебное пункттарын, Запорожьеде Веселое, Берислав, Казацкое, Зеленовка, Антоновка, Днепровское пункттарын, Херсон облусунда Херсон шаарын аткылады.

Орусия аннексияланган Крымдын Армен жана Жанкой райондорунда фортификациялык курулуштарды жүргүзүп, окопторду казып жатат. Ишке карапайым тургундар тартылууда.

Украинанын аба күчтөрү бир суткада өздүк курам менен баскынчылардын техникасына каршы беш жолу сокку урду. Андан тышкары орусиялык бомба таштоочу Су-24М согуштук учагын жок кылды. Ракета жана артиллериядан Орусиянын аскер техникасын, бир курал-жарак жана эки күйүүчү-майлоочу сактоочу жайын жок кылышты", - деп билдирди Башкы штаб.

17:18 29.3.2023

Украинанын Запорожье облусундагы Орусиянын аскерлери көзөмөлдөгөн Мелитополь шаарында шаршембиде бир нече жарылуу болду. Анын артынан бир катар райондордо жана жака-белиндеги айылдарда электр жарыгы өчүп калды. Шаар бийлиги украин армиясы сокку урганын билдирди. Бирок кандай курал колдонулганын тактаган жок. Мелитополь майдан тилкесинен 60 километр алыс жерде орун алган.

Украиналык RIA Melitopol басылмасы жазганына караганда, жергиликтүү тургундар шаардын түндүк тарабында жана аскердик аэродром жакта бери дегенде 10 жарылуунун добушун угушкан.

Шаардын украиналык мэри Иван Федоровдун айтымында, жарылуулардын бири поезд депосунун жанында болгон.Кийин бул маалыматты Орусия дайындаган бийликтин өкүлдөрү бышыктады. Жабыркагандар жок деп кабарланды. Күбөлөр Мелитополдун аэродромун орус аскерлери өзүнүн негизги аба майданы кылып алганын айтышат. Ал депого жакын жайгашкан.

Орус армиясы Херсон шаарынан чегингенде түштүк фронтунун командачылыгы Мелитополго көчүрүлгөн. Акыркы кездерде ал жакта диверсиялар, орус бийлигинин өкүлдөрүнө кол салуулар болгону кабарланып келет.

Мелитополду былтыр марттын башында орус аскерлери ээлеп алган. Былтыр 30-сентябрда орус президенти Владимир Путин шаар жайгашкан Запорожье облусун жана кошуна мамлекеттин дагы бир нече аймагын Орусияга кошуп алуу тууралуу жарлыкка кол койгон. Дүйнөлүк коомчулук бул аракетти мыйзамсыз аннексия деп атап, кескин айыптап келүүдө.

12:24 29.3.2023

Блинкен: жарашууга чакырыктар Орусияга утуш алып келет

АКШнын Мамкатчысы Энтони Блинкен өлкөнүн көпчүлүк бөлүгүн орусиялык аскерлер аннексиялап турган азыркы кырдаалда Украина менен тезинен жарашуу чакырыктары Орусияга гана ыңгайлуу болуп, чырдын чечилбей тоңуп турушуна алып келе турганын айтты.

Блинкен бул тууралуу Вашингтондо өзү жетекчилик кылган эл аралык "Украина үчүн бекем жана адилеттүү дүйнө" аттуу дискуссияда билдирди. Мамлекеттик катчы мындай элдешүүнү Москва азыркы кырдаалды колдон чыгарбай кайра куралдануу жана жаңы кол салуу үчүн пайдаланат деп эсептейт.

"Алгачкы жолу көзгө жакшы көрүнүшү мүмкүн, замбиректин атылбай турганын ким каалабайт, бирок бул эки жүздүү тузак болушу мүмкүн, андан качуу керек", - деди Блинкен.

12:06 29.3.2023

Геолокация Красноярск крайындагы темир жолдо ИС-3 танкы турганын көрсөттү

Дүйшөмбү, 27-январда социалдык тармактарда советтик ИС-3 ("Иосиф Сталин-3") танкынын аты аталбаган темир жол станциясында турган сүрөтү тарады. "Свобода Радиосу" сүрөттү геолокация кылганда ал Красноярск крайындагы Боготол станциясы экени маалым болду. (координат) Сүрөт качан тартылганы белгисиз, кайсы бир версияда 2021-2022-жылдары тартылганы айтылууда. Поезд Украинаны карай жылууда деп айтууга болбойт, бирок Боготол буга чейин ушул жылы Примор крайындагы Арсеньев шаарынан Т-54/55 танкы ташылган темир жол бутагында жайгашкан. ИС-3 үлгүсүндөгү танктар 1943-1953-жылдары жасалган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG