Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:39
Орусиядагы аскерлердин сөөгү коюлган мүрзө, 2023-жыл
Орусиядагы аскерлердин сөөгү коюлган мүрзө, 2023-жыл

Согушта өлгөн 282 миңдей орусиялыктын аты-жөнү аныкталды

Украинада согуш башталганына беш жылга аяк басты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




17:13 30.3.2023

Орус ыктыярчылар корпусу 2-мартта Брянск облусуна барганы тууралуу видео жарыялады

2-мартта "Орус ыктыярларчылар корпусу" Брянск облусундагы чек арадагы айылдарга кол салуу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды. Орусиялык бийликтер бул кол салууда эки жай тургун каза болгонун билдирип, терактка байланыштуу иш козгогон. Украин бийликтеринин өкүлдөрү окуяны Орусиянын ички чыр-чатагы деп атады. "Орус ыктыярларчылар корпусу" - Орусиянын жарандарынан турат. Алар Путиндин бийлишине каршы.

17:06 30.3.2023

Орусиялык күчтөр Бахмут районундагы чабуул койгон операциясын улантууда. Алар шаардын түштүк жана түштүк-чыгыш жагында алга жыла алганын Согушту изилдөө институтунун изилдөөчүлөрү билдирди.

23:41 29.3.2023

Орусиянын Белгород шаарына ракета атылды

Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гладков Белгород районундагы Черемошное айылы аткылоого кабылганын билдирди.

"Алдын ала маалыматта жабыркагандар жок. Бир нече калктуу пунктта электр берүү үзгүлтүккө учурады. Авариялык жана ыкчам кызматтар жерине барып, ишти жөнгө салып, абоненттерди резервдеги булактарга туташтырууга аракет кылууда", - деди Вячеслав Гладков.

Орусиялык медиа бул атышуу үчүн жоопкерчиликти Украинага жүктөдү.

23:27 29.3.2023

Украинанын куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын Бахмуттагы фронт тууралуу маалыматы

"Орусия сутка ичинде Украинага бир жолу ракетадан жана 16 жолу абадан сокку урду, реактивдүү системадан төрт жолу атты. Украинанын бардык аймагы ракета жана авиация соккусуна кабылуу тобокелдиги жогору бойдон сакталып турат. 29-мартта Херсон облусундагы Берислав шаарындагы инфраструктурага урулган аба соккудан карапайым тургундар жараат алды, жеке үйлөр жана жарандык объекттер кыйрады.

Каршылаш бардык күчүн Лиман, Бахмут жана Марьинка багытында чабуул коюуга жумшап жатат. Украинанын аскерлери 48 чабуулдун мизин кайтарды. Орусиялык күчтөр Бахмутту курчоого аракет кылып, азыноолак жылыш болууда. Бирок украин күчтөрү көптөгөн чабуулга туруштук берип, шаарды кармап турат.

Запорожье жана Херсондо каршылаш коргонууга аракет кылууда. Донецк облусундагы Малиновка, Гуляйполе, Староукраинка жана Волшебное пункттарын, Запорожьеде Веселое, Берислав, Казацкое, Зеленовка, Антоновка, Днепровское пункттарын, Херсон облусунда Херсон шаарын аткылады.

Орусия аннексияланган Крымдын Армен жана Жанкой райондорунда фортификациялык курулуштарды жүргүзүп, окопторду казып жатат. Ишке карапайым тургундар тартылууда.

Украинанын аба күчтөрү бир суткада өздүк курам менен баскынчылардын техникасына каршы беш жолу сокку урду. Андан тышкары орусиялык бомба таштоочу Су-24М согуштук учагын жок кылды. Ракета жана артиллериядан Орусиянын аскер техникасын, бир курал-жарак жана эки күйүүчү-майлоочу сактоочу жайын жок кылышты", - деп билдирди Башкы штаб.

Дагы жүктөңүз

​
XS
SM
MD
LG