Украинада майданда каза тапкан дагы бир тажикстандыктын сөөгү мекенине жеткирилди. “Озоди” радиосунун маалыматына ылайык, маркум орусиялык абакта отурган жеринен былтыр күздө согушка жалданган. Жунайдулло Махмадулло маңзаттарды мыйзамсыз ташыган деген айып менен кесилип, дагы төрт жыл жабык жайда отурмак. Жакындарынын айтымында, ага согушка жарым жылга барсаң, ырайым аласың деп убада кылышкан.
Сөөгү 26-мартта Рудаки районундагы айылында жерге берилгени бейшембиде кабарланды.
Маркумдун досу журналисттерге айтып бергендей, январда Жунайдулло жарадар болуп, талаа госпиталына жөнөтүлгөн, туугандарына ал украин аскерлери ошол госпиталга чабуул койгондо набыт болду деп кабарлашкан. Жунайдуллонун артында аялы менен эки жаш баласы калды.
Орусияда жазасын өтөп жатып, согушка жалданган жана ал жакта каза тапкан тажикстандыктардын так саны белгисиз. «Озоди» радиосуна 20 чакты учур тууралуу белгилүү болгон.
23-мартта Орусиянын түрмөсүндө жатып, согуштук аракеттерге тартылган 48 жаштагы Ислом Саидмуродовдун сөөгү жерге берилген. Маркумдун жакындарынын айтымында, Ислом 2005-жылы Орусияда мыйзамсыз маңзат сатууга айыпталып кармалган.
Тажик бийлиги жарандарын Украинадагы согушутук аракеттерге катышуудан карманууга чакырган.
Орус армиясы былтыр жаз айларында оор жоготууларга учурагандан кийин "Вагнер" менчик компаниясы абакка кесилгендерди жалдап, согушка жөнөтө баштаганы белгилүү болгон. Алардын катарында орус абактарында отурган кыргыз, өзбек жана тажик жарандары да бар.
Абактан согушка тартылып, өлгөндөрдүн алтоо кыргызстандык экени аныкталган.
- автор Санжар Эралиев
Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик - МАГАТЭнин башкы директору Рафаэль Гросси Украинадагы Запорожье атомдук электр станциясына (АЭС) барып, абал менен таанышты. Станцияны ушу тапта орус аскерлери ээлеп турат.
Маалыматка караганда, Гросси Киев менен Москваны станцияны коргоо жаатында макулдашууга чакырууда. Киев атомдук станциядан орустар толук чыгып кетишин талап кылып келет.
"Абал өтө кооптуу"
Европадагы эң ири атомдук электр станциясында шаршемби күнү МАГАТЭнин миссиясын орус аскерлери коштоп жүрдү. Бул Рафаэль Гроссинин Запорожьедеги заводду орус күчтөрү басып алгандан берки экинчи сапары. Ал станцияны коргоо боюнча Киев менен Москванын ортосундагы келишимге ортомчулук кылуу аракеттерин улантуу максатын көздөй турганын бул ирет да белгиледи.
"Буга чейинки менде болгон маалыматтарда айтылгандар согуштук аракеттердин күчөгөнү, ал жерге жеткенге чейин эле аскерлердин жайнап жүргөнү, кыйраган жана талкаланган жайлардан даана байкалат. Жаңжал уланып жаткандыктан ал аймакта абал өтө кооптуу деңгээлге жеткендей. Андыктан заводду коргоп калуу үчүн макулдашууга болгон күчүбүздү салуубуз зарыл деген менин оюмду бышыктады",- деди Гросси.
Станцияны кыдыруу учурунда Гросси мекемедеги абал тууралуу Орусиянын өкүлдөрүнүн ойлорун укту. "Росэнергоатом" ишканасынын башчысынын кеңешчиси Ренат Карчаа заводдун айланасы дубал менен курчалганын, коопсуздук корголуп жатканына ынандырууга аракеттенгени көрүнөт. Бирок "Вести" басылмасы ал МАГАТЭнин сунушу ишке ашпай калганын айтканын жазды:
"Гросси мырза жана МАГАТЭ демилитаризация менен байланыштуу жагдай ишке ашпай турганын түшүнүштү жана муну мындан ары талкуулоодон баш тартышты. Тема жабылды, күн тартибинен чыкты",- деген Карчаа.
Киевдин талабы
Украинанын президенти Владимир Зеленский дүйшөмбүдө Запорожьеде Гросси менен жолукканда атомдук станциядан жана ага чектеш аймактан орус аскерлери токтоосуз чыгарылмайынча, өзөктүк коркунуч жана коопсуздукту калыбына келтирүү боюнча демилгелер ишке ашпай турганын белгиледи.
МАГАТЭ былтыр сентябрда өзөктүк кырсык болушу мүмкүн деген кооптонуу күчөгөндө Запорожье АЭСине байкоочуларын жайгаштырган. Аткылоолордон улам 25-августта АЭСтин тарыхында биринчи жолу бир аз убакытка электр энергиясы толук өчүрүлгөн болчу. Анда МАГАТЭ өзөктүк коопсуздук жана коргонуу зонасын түзүүнү сунуштап, согушкан тараптарды тез арада диалогго жана кеңешүүгө келүүгө чакырган.
Ушу тапта стратегиялык жай реакторлорду муздатып туруу үчүн гана зарыл болгон энергия менен камсыздалат.
Москва менен Киев өткөн жылы АЭС курулган жерди аткылаганы үчүн бири-бирин бир нече жолу айыпташкан.
Акыркы кездери орус күчтөрүнүн ракеталык соккуларынан Запорожье облусунда бир канча жайкын тургун каза болуп, турак жайлар кыйрады.
Европадагы эң ири АЭС - Запорожье облусунун Энергодар шаарында турат. Запорожье АЭСи былтыр орус армиясы Украинага басып киргенден көп өтпөй, мартта Орусиянын карамагына өткөн. Анын тегерегиндеги абалга БУУ жана дүйнөнүн бир катар өлкөлөрү тынчсыздануусун билдирген.
Орус ыктыярчылар корпусу 2-мартта Брянск облусуна барганы тууралуу видео жарыялады
2-мартта "Орус ыктыярларчылар корпусу" Брянск облусундагы чек арадагы айылдарга кол салуу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды. Орусиялык бийликтер бул кол салууда эки жай тургун каза болгонун билдирип, терактка байланыштуу иш козгогон. Украин бийликтеринин өкүлдөрү окуяны Орусиянын ички чыр-чатагы деп атады. "Орус ыктыярларчылар корпусу" - Орусиянын жарандарынан турат. Алар Путиндин бийлишине каршы.
Орусиялык күчтөр Бахмут районундагы чабуул койгон операциясын улантууда. Алар шаардын түштүк жана түштүк-чыгыш жагында алга жыла алганын Согушту изилдөө институтунун изилдөөчүлөрү билдирди.