Орус армиясынын Украинанын Донецк облусуна караштуу Авдеевка шаарын аткылоосунан беш айлык наристе менен анын чоң энеси набыт кетти. Бул тууралуу аталган облустун аскердик администрациясынын башчысы Павел Кириленко Телеграм-каналына жазды. Анын ырасташынча, бул үй-бүлө коопсуз жайга убактылуу көчүп кетүүгө такыр көнбөй койгон.
Наристе менен анын 69 жаштагы чоң апасынын мерт болгону тууралуу маалыматты Башкы прокуратура дагы ырастады жана бул окуяга байланыштуу иликтөө башталганын билдирди.
Буга чейин Украинанын Башкы штабы Белогоровка, Бахмут, Авдеевка жана Марьинка согуштук аракеттердин очогу бойдон калып жатканын маалымдаган.
Жон Кирби америкалыктарды Орусиядан чыгып кетүүгө чакырды
Кошмо Штаттарынын Улуттук коопсуздук кеңешинин өкүлү Жон Кирби америкалыктарды коопсуздук үчүн Орусиядан кетүүгө чакырды. Анын сөзүн CNN телеканалы таратты.
"Азыр америкалыктар Орусияда жүрчү маал эмес. Эгер сиз иш менен же эс алып жүргөн болсоңуз, сапарыңыздын кандай гана максаты болсо дагы Орусиядан азыр кетишиңиз керек. Орусия сиз үчүн жакшы жай эмес. Орусия азыр америкалык жарандар үчүн душман чөйрө. Эгер сиз ал жакта жүрсөңүз чукул кетишиңиз керек”, - деген Кирби.
Ал ошондой эле президенттин администрациясы Орусияда камакка алынган журналист Эван Гершкович менен жолугушууга аракет көрүп жатканын белгиледи.
Мунун алдында АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен дагы америкалык жарандарды Орусиядан чыгып кетүүгө, бул өлкөгө барбай турууга үндөгөн.
Украин аскерлери Киев облусундагы Буча шаарын орус күчтөрүнөн бошотконуна бир жыл толду.
"Бучаны бошоткондо азезил башка жакта эмес, жерде экенин көрдүк. Дүйнө басып алынган аймактардагы коркунучтуу кылмышка күбө болду. Биз бул согуштун курмандыктарын эч качан унутпайбыз жана орусиялык киши өлтүргүчтөрдү жоопко тартууну талап кылабыз", - деди Украинанын президенти Владимир Зеленский бул күнгө байланыштуу кайрылуусунда.
Зеленский Словакия, Хорватия, Словения жана Молдованын лидерлери менен бирге орус оккупациясында курман болгондорду эскерүү үчүн жума күнү Бучага барды.
Словакиянын премьер-министри Эдуард Гегер, Словениянын премьер-министри Роберт Голоб, Хорватиянын премьер-министри Андрей Пленкович жана Молдованын президенти Майя Санду менен Бучада курман болгондордун элесине урмат көрсөтүштү.
Украинанын Башкы прокуратурасынын маалыматында, орус армиясы Бучадагы жана Буча районундагы баскынчылык учурунда 9 миңдей аскер кылмышын жасаган. 1400 жай тургун каза болгон. Москва Бучадагы үрөй учурган көрүнүштөр үчүн Киевди күнөөлөгөн.
Буча бошотулганына бир жыл
Бүгүн украин аскерлери Киев облусундагы Буча шаарын орус күчтөрүнөн бошотконуна бир жыл толду. Украинанын Башкы прокуратурасынын маалыматында, орус армиясы Бучадагы жана Буча районундагы баскынчылык учурунда 9 миңдей аскер кылмышын жасаган. 1400 жай тургун каза болгон.
"Бучаны бошоткондо азезил башка жакта эмес, жерде экенин көрдүк. Дүйнө басып алынган аймактардагы коркунучтуу кылмышка күбө болду. Биз бул согуштун курмандыктарын эч качан унутпайбыз жана орусиялык киши өлтүргүчтөрдү жоопко тартууну талап кылабыз", - деди Украинанын президенти Зеленский бул күнгө байланыштуу кайрылуусунда.