Орусияда камакка алынган америкалык журналист Эван Гершковичтин артынан атайын кызмат аңдып жүргөн болушу мүмкүн. Бул тууралуу The Wall Street Journal (WSJ) басылмасы жазды. Ага ылайык, Гершкович репортаж даярдап жүргөндө анын сары изине күч органдарынын бир катар кызматкерлери түшүп, журналисттин баскан-турганын камерага тартып, аны менен маектешкен адамдарга басым-кысым жасалган.
Басылма ошондой эле Гершкович анын телефону тыңшалып жаткан болушу мүмкүндүгүн айтканын билдирди.
Орусияда расмий аккредитациядан өткөн журналист 29-мартта Екатеринбургда Москванын Киевге каршы согушуна жана “вагнерчилерге” карата орусиялыктардын мамилеси тууралуу материал даярдап жүргөндө кармалган.
Бейшембиде Москва соту аны 29-майга чейин камоо чечимин чыгарган. Ал тыңчылыкка айыпталууда. ФСБ Гершкович АКШнын тапшырмасы менен аскердик өнөр жай комплексинин ишканаларынын бири тууралуу маалымат чогултуп жүргөн деп эсептейт. Кайсы ишкана экени айтылган жок.
Зеленский Медведев менен Кабаеванын үй-бүлөсүнө санкция салды
Украин президенти Владимир Зеленский орусиялык бир катар жарандарга жана ишканаларга карата кезектеги санкция тууралуу жарлыкка кол койду.
Тизмеге 33 адам жана 200дөн ашык компания киргизилген. Арасында мурдагы президент, Орусиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасы Дмитрий Медведев, аялы Светлана жана уулу Илья бар. Мындан тышкары президент Путин менен жакын мамиледе делген мурдагы спортчу Алина Кабаеванын апасы Любовь Кабаева кирген.
Санкцияга Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун кыздары, бир катар аймактын башчылары, ири ишканалардын жетекчилери дагы илинди. Ошондой эле Финансы министрлиги, Федерация кеңеши дагы киргизилди.
Москва Киевдин жаңы санкциялык тизмеси тууралуу азырынча комментарий бере элек.
Орусия Украинага каршы согуш ачкандан бери бир катар өлкөлөр орус бийлик өкүлдөрүнө жана алардын жакындарына, жарандарына жана ишканаларына каршы санкция салган.
Украина президенти Владимир Зеленский 1-апрелдин кечиндеги кайрылуусунда ЕККУ атайын иш алып барып жатканын, анын жыйынтыгында Орусия украиналык балдарды күч менен депортациялаганы үчүн жооптуу болорун жарыялады.
Бахмут, Авдеевка, Марьинка
Жогорудагы үч шаарда ушу тапта катуу кармаш болуп жатканын Украинанын куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы билдирди. Маалыматта орусиялык аскерлер Бахмутту курчоого алганын токтото элек, бирок украин армиясы шаарды колдон чыгарбай кармап турат. Мындан тышкары Орусиянын Авдеевка жана Марьинка багыттарындагы чабуулдары ийгиликсиз болгону кабарланууда.
Украинанын жана Батыштын Бахмуттагы кырдаалга көз салган аккаунттарында орусиялык "Вагнер" компаниясынын жоочуларынын тактикасы өзгөрүшү мүмкүн деген божомолдор жазыла баштады. Андагы маалыматтарда "вагнерчилер" Бахмутту мурдагыдай курчоого албай, борбордук бөлүгүн карай жылууга аракет кылууда.