Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июль, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:11
Орусиянын соккусунан кийин, Сумы
Орусиянын соккусунан кийин, Сумы

Түз ободо Орусия Сумыга авиабомба таштап, беш киши каза болду

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




12:19 3.4.2023

Орусиянын мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары аскердик кабарчы делген Владлен Татарскийди (өз аты Максим Фомин) жардырууга шек саналгандардын тек-жайы аныкталганын, Тергөө комитети “Адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш ишин козгогонун билдирди.

Маалыматка ылайык, Санкт-Петербургда кафедеги жардырууну 26 жаштагы Дарья Трепова жасаган. Тергөө Владлен Татарский сүйлөп жаткан кафеге жардыргыч зат орнотулган статуэтка салынган кутуну Дарья Трепова алып келген деп эсептейт.

Медиа каражаттары Дарья Трепованын жолдошу Дмитрий Рылов да издөөгө алынганын кабарлашты. Бирок ал Санкт-Петербургда кафедеги жолугушууга катышкан эмес. Ал жардырууну уюштурууга катышкан деп шек саналууда.

Маалым болгондой, Трепов менен Рылов былтыр февралда Санкт-Петербургдагы согушка каршы митингде кармалып кайра коё берилген.

Жекшемби күнү Санкт-Петербургдун борборундагы кафеде жардыруу болгон. ТАСС агенттиги “Стрит-бар” деген кафеде жардыргыч зат менен дүрмөттөлгөн жабдык иштетилгенде бир киши каза таап, 16сы жабыркаганын жазган.

Жардыруудан аскердик кабарчы аталган Владлен Татарский (өз аты Максим Фомин) мерт кеткен. Кафеде анын чыгармачыл кечеcи өтүп жатканы айтылды.

Татарский буга чейин Донбасста орусиячыл күчтөрдүн катарында согушуп, ал жактан репортаж даярдап келген. Украин маалымат каражаттары аны кремлчил пропагандачы деп аташат.

00:03 3.4.2023

Санкт-Петербургдун борборундагы кафеде жекшембиде жардыруу болгонун орусиялык маалымат каражаттары жазды.

ТАСС агенттиги шаардын чукул кызматтарына шилтеме менен маалымдагандай, "Стрит-бар" деген кафеде жардыргыч зат менен дүрмөттөлгөн жабдык иштетилгенде бир киши каза тапты, 16сы жабыркады.

“Фонтанка” сайты өз булактарына таянып, жардыруудан аскердик кабарчы Владлен Татарский (өз аты Максим Фомин) мерт кеткенин билдирди. Кийин бул маалыматты шаардык милициянын басма сөз кызматы бышыктады.

ТАСС билдиргендей, тартип коргоо органдары Татарский бутага алынганын белгиледи. Кафеде анын чыгармачыл кечеcи өтүп жаткан. Колго жасалган жардыруучу жабдык ага тартууланган айкелченин ичине катылган.

Татарский буга чейин Донбасста орусиячыл күчтөрдүн катарында согушуп, ал жактан репортаж даярдап келген. Украин маалымат каражаттары аны кремлчил пропагандачы деп аташат.

Орусиялык медиа кечеге 100 чакты киши катышып жатканы маалымдалды.

Социалдык тармактардын колдонуучулары дем алыштарда "Стрит-барга" "Кибер Z фронт" деген талкуу клубу чогулуп турарын жазышты.

Ал эми “Фонтанка SPB Online” Телеграм-каналы билдиргендей, ал кафе мурда бизнесмен Евгений Пригожинге таандык болчу.

Пригожин “Вагнер” менчик аскердик компаниясынын негиздөөчүсү.

23:51 2.4.2023

Донецк облусундагы Константиновка шаарында ракета соккусунан алты киши набыт болгонун украин президентинин администрация башчысы Андрей Ермак билдирди.

«16 көп кабаттуу турак жай, 8 жер там, бала бакча, салык инспекциясынын имараты, газ тутүктөрү, 3 машина зыян тартты», - деп жазды Телеграм-каналына Ермак. Анын айтымында, орус армиясы шаарга С-300 зениттик-ракета системасынан жана «Ураган» системасынан сокку урган.

Украин куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы 2-апрелдеги бюллетенинде орус армиясы мурдагыдай эле Лиман, Бахмут, Авдеевка жана Марьинка багыттарында чабуул коюп келатканын билдирди. Штабдын маалыматына караганда, аскерлер акыркы 24 саатта ал жактарда 70 чабуулдун мизин кайтарышты.

Каршы тарап Бахмутту алуу аркеттерин улантып, шаардын борбордук бөлүгүндө кармаштар жүрүп жатканы кабарланды.

Орусиянын Коргоо министрлиги жекшемби күнү Донецк, Луганск жана Запорожье облустарындагы согуштук аракеттер тууралуу маалымдап, Константиновкага чабуулду комментарийлеген жок. Москва жарандык жайларды бутага албаганын айтып келет.

Херсон облусунда орус аскерлеринин соккуларынан бир карапайым киши мерт кеткенин, экөө жарадар болгонун аймактын администрациясы билдирди. Маалыматка ылайык, алты жолу калк жашаган кварталдар аткыланды.

23:50 2.4.2023

Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин катчысы Алексей Данилов «Крымды бошотууга карай 12 кадам» деген программаны жарыялады. Документте жарым аралды Киевдин көзөмөлүнө кайтаруу чаралары каралган. Атап айтканда, Крымды Орусия менен байланыштырган көпүрөнү толук алуу, 2014-жылдан кийин жайгашкан орус жарандарын чыгаруу, Севастополдун аталышын алмаштыруу тууралуу кеп болот.

Даниловдун айтымында, шаарга жаңы аталыш керек, анткени Севастополь «орусиялык идеологияда, уламыш ойлоп табууда жана тарыхты кайра жазып чыгууда роль ойнойт».

«Украинанын Жогорку Радасы балким жаңы аталышка байланыштуу чечим кабыл алат. Балким, Ахтиар болуп калат», - деп белгиледи Данилов. Кара деңиздеги калаа ошентип бир нече кылым мурун аталчу.

Катчы сөз болгон программаны Коопсуздук жана коргоо кеңешинин аппараты даярдап чыкканын, ага кеңири чөйрөдөгү эксперттер тартылганын билдирди.

Аннексияланган Севастополдун орусиялык губернатору Михаил Развозжаев украиналык саясатчылардын билдирүүлөрүнө "олуттуу мамиле кылбай эле койсо болорун" ТАСС агенттигине айтты.

Орусия Крым жарым аралын 2014-жылы аннексиялап алган. Былтыр орус президенти Владимир Путин кошуна өлкөнүн Херсон, Запорожье, Донецк жана Луганск облустарын да ушундай жол менен кошуп алуу ниетин жарыялаган.

Киев жана Батыш аннексияны эч кандай шартта тааныбасын алдын ала эскертишкен. Украина Орусия ээлеп алган аймактарын куралдуу күрөш менен кайтарып аларын билдирген.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG