Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:04
Орусиядагы аскерлердин сөөгү коюлган мүрзө, 2023-жыл
Орусиядагы аскерлердин сөөгү коюлган мүрзө, 2023-жыл

Согушта өлгөн 282 миңдей орусиялыктын аты-жөнү аныкталды

Украинада согуш башталганына беш жылга аяк басты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




12:03 4.4.2023

Одессанын администрациясы 4-апрелге караган түнү аймакка орус армиясы учкучсуз учактардын жардамы менен сокку урганын билдирди.

"Абадан коргонуу күчтөрүнүн ишинин жыйынтыгы боюнча атып түшүрүүлөр бар", - деп билдирди облустун аскердик администрациясынын башчысы Юрий Крук Фейсбук баракчасына.

Мурдараак украин ЖМКлары Одессада бир нече жарылуу болгонун кабарлашкан. Жарылуу тууралуу маалыматтан кийин аймакта аба коркунучу тууралуу эскертүү жарыяланган.

Учкучсуз учактардын соккусунан кийинки кесепеттер тууралуу маалымат айтыла элек.

Украинанын Аскер-аба күчтөрү шейшембиге караган түнү орус армиясы Ирандын "Шахед-136" жана "Шахед-131" учкучсуз учактарын колдонуу менен Украинага түштүк багыты боюнча чабуул жасаганын билдирди.

"Жалпы жонунан Азов деңизинин чыгыш жээгинин аймагынан 17ге чейин учкучсуз учактар учурулган", - деп айтылат маалыматта. Украин армиясынын маалыматына караганда, Ирандын 14 дрону жок кылынды.

12:03 4.4.2023

Брянск облусунда белгисиз учкучсуз учак аскер комиссариатына сокку урду

Бул тууралуу "Дождь" телеканалы облустун губернатору Александр Богомаздын билдирүүсүнө таянып кабарлады.

Чабуулдан улам Брянск облусундагы Сев районундагы аскер комиссариаты талкаланды. Богомаздын айтымында, жабыр тарткандар жок.

11:48 4.4.2023

Туткундарды алмашуу

Украинага орусиялык туткундан 10 аскер адамы жана эки жай тургун кайтып келди. Алардын арасында оор жараат алган беш адам бар. Канча орусиялык аскерлер алмашылганы тууралуу маалымат жок.

11:41 4.4.2023

Орусиялык аскерлер Бахмут, Авдеевка и Марьинканы курчоого алып жатат

Украинанын куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын билдирүүсүндө Орусиянын армиясы Бахмутка чабуул коюп толук көзөмөл орнотууга аракет кылууда. Киев 20 чабуулдун жана Ивановка шаарынын районундагы чабуулдун мизин кайтарганын билдирди.

Дагы жүктөңүз

​
XS
SM
MD
LG