НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна берген интервьюда өнөктөштөр украин аскерлери өлкөнүн калган аймактарын бошотуп, "Путиндин аскерлерин чегинүүгө мажбур кылууну" каалашарын айтты.
Анын пикиринде, ошондо гана Киев менен Москванын болочок тынчтык сүйлөшүүлөрү тууралуу кеп кылса болот, качан жана кандай шартта өткөрүлөрүн украин тарап гана чечет, НАТО ага канча керек болсо ошончо жардам берет.
"Биз Украинаны колдошубуз керек, себеби Путиндин Украинада жеңишке жетпей жатканын көргөзүү биздин коопсуздук кызыкчылыгыбызга төп келет”, - деп айтты Столтенберг.
Баш катчы бул уруш “логистиканын кармашы”, "алсыратуучу согуш" болуп калганын, майданга ок-дары, курал-жарак жана жабдууларды жеткирүү маанилүү экенин белгиледи. Андыктан Киевди колдогон мамлекеттер өз кору түгөнбөсүн деп курал чыгарууну көбөйтүүдө.
Столтенберг орус армиясынын абалына токтолуп, аскердик дем, техника жана даярдык төмөн болгону менен Орусия согушка улам жаңы кишилерди салып жатканын, орус куралдуу күчтөрүн жеңил-желпи кабыл албоо керектигин айтты.
Баш катчы аннексияланган Крымды согуштук аракеттер менен бошотуу мүмкүнбү жана НАТО зарыл болсо, андай операцияга жардам береби деген суроого түз жооп берген жок. Ошол эле маалда "өнөктөштөр Украинанын өзүн коргоо укугун колдойт жана колдоону керек болушунча улантат" деген тезисти кайталады.
БУУ Орусия Украинага басып киргенден бери кеминде 501 украиналык бала чарчап калганын ырастады.
Уюмдун балдар фондунун – ЮНИСЕФтин аткаруучу директору Кэтрин Рассел билдиргендей, бул – тактоого мүмкүн болгон гана статистика. Ал миңдей украиналык жеткинчек жараат алганын кошумчалап, "Согушта алган көзгө көрүнбөгөн жарааттардан адам өмүр аягына чейин жабыркашы мүмкүн", - деп айтты Рассел.
ЮНИСЕФтин жетекчиси ар бир бала тынч жашоодо чоңоюуга татыктуу экенин белгиледи.
Ал эми украин башкы прокурорунун кеңсеси быйылкы жылдын 3-апрелине карай орусиялык баскынчылыктан 467 бала набыт болгонун, 994ү түрдүү жараат алганын билдирди.
"Бул сандар так эмес. Согуш аракеттери жүрүп жаткан, убактылуу оккупацияланган жана бошотулган аймактарда маалыматты тактоо иши уланууда", - деп кошумчалады прокуратура.
Андай учурлардын бири өткөн жума күнү, 31-мартта Донецк облусунун Авдеевка шаарында болгон. Орус аскерлеринин артиллериялык аткылоосунан беш айлык ымыркай чоң энеси менен кошо мерт болгон.
Андан тышкары Киев каршы тараптын аскерлери ээлеп алган облустардан украин жеткинчектерин Орусияга алып кетип жатышканын айтып, алардын тизмесин берүүнү талап кылууда.
Украинанын Орусия оккупациялап алган аймактарынан балдар сыртка чыгарылганын эл аралык укук геноцидге теңейт.
17-мартта Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту Орусиянын президенти Владимир Путин менен балдар омбудсмени Мария Львова-Белованы камоо тууралуу ордер чыгарган. Аларга украиналык балдарды Орусиянын аймагына мажбурлап алып чыгарганына байланыштуу айып коюлган.
Москва айыптарды четке кагып, Тергөө комитети Эл аралык кылмыш сотунун прокурорлоруна кылмыш ишин козгоду.
Одессанын администрациясы 4-апрелге караган түнү аймакка орус армиясы учкучсуз учактардын жардамы менен сокку урганын билдирди.
"Абадан коргонуу күчтөрүнүн ишинин жыйынтыгы боюнча атып түшүрүүлөр бар", - деп билдирди облустун аскердик администрациясынын башчысы Юрий Крук Фейсбук баракчасына.
Мурдараак украин ЖМКлары Одессада бир нече жарылуу болгонун кабарлашкан. Жарылуу тууралуу маалыматтан кийин аймакта аба коркунучу тууралуу эскертүү жарыяланган.
Учкучсуз учактардын соккусунан кийинки кесепеттер тууралуу маалымат айтыла элек.
Украинанын Аскер-аба күчтөрү шейшембиге караган түнү орус армиясы Ирандын "Шахед-136" жана "Шахед-131" учкучсуз учактарын колдонуу менен Украинага түштүк багыты боюнча чабуул жасаганын билдирди.
"Жалпы жонунан Азов деңизинин чыгыш жээгинин аймагынан 17ге чейин учкучсуз учактар учурулган", - деп айтылат маалыматта. Украин армиясынын маалыматына караганда, Ирандын 14 дрону жок кылынды.
Брянск облусунда белгисиз учкучсуз учак аскер комиссариатына сокку урду
Бул тууралуу "Дождь" телеканалы облустун губернатору Александр Богомаздын билдирүүсүнө таянып кабарлады.
Чабуулдан улам Брянск облусундагы Сев районундагы аскер комиссариаты талкаланды. Богомаздын айтымында, жабыр тарткандар жок.