Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Июль, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:39

Киевге дагы сокку урулуп, 10 киши жарадар болду

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




13:13 8.4.2023

7-апрелге карата Украинадагы согушта 19 688 орус аскери каза болгон. Алардын кеминде 1800гө жакыны мобилизацияга тартылган жарандар. Жоготууларды “Медиазона" басылмасы менен Би-Би-Си радиосунун орус кызматынын журналисттери жана ыктыярчылар аныктаган.

Мурдагыдай эле бир аптадагы жоготуулардын басымдуу бөлүгүн Бахмуттун жанындагы салгылашууларга катышып жаткан “ЧВК Вагнердин” жалданма аскерлери түзөт. Журналисттер март айында орус абактарынан жалдангандар согуштагы жоготуулардын эң көп бөлүгүн түзгөнүн белгилешкен.

Каза болгондордун 2200дөн ашыгы – орус армиясынын жана башка күч түзүмдөрүнүн офицерлери. Алардын 220дайы подполковник жана андан жогорку наамда болушкан. Согушта өлгөндөрдүн көбү Краснодар крайынын, Башкырстандын, Свердлов, Челябинск, Волгоград облустарынын тургундары болгон.

"Медиазона" согушта өлгөндөрдүн эсеби орус армиясынын Украинадагы жоготуусунун реалдуу санын билдирбей турганын, иш жүзүндө мындан да көп адам өлүшү мүмкүн экенин белгилейт. Басылма аймактык медиаларга чыккан жана жергиликтүү бийлик берген кабарлардын, каза тапкандардын туугандарынын социалдык баракчаларга жазган билдирүүлөрүнүн негизинде маалымат топтойт.

13:03 8.4.2023

Кулеба Крымдагы орусиялыктар тууралуу: "Украин жерлеринде рахат алуунун мөөнөтү бүтүп баратат"

«Яндекс» издөө системасынын маалыматы орусиялыктардын Крымга кызыгуусу жоголгонун айгинелеп турат деп билдирди Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба.

Анын айтымында, орусиялыктар Украинадан уурдалган жерлерден рахат алуу аягына чыгып баратканын түшүнө баштады.

"Март айында "Крымда эс алуу" деген издөө (129 000) 2022-жылга караганда (261 000) эки эсе аз болгон. Карапайым украиналыктар да Украинадан уурдап алынган жерлерде эс алуу мүмкүн болбой калганын түшүнүп турат", - деп айтылган мекеменин Твиттердеги билдирүүсүндө.

12:52 8.4.2023

Орусиялык "мекенчил" Телеграм-каналдар фотошоптун жардамы менен "АКШнын чалгын кызматынын маалыматын" орусиялык күчтөрдүн жоготуусун төмөндөтүү менен таратууда

Буга The Wall Street Journal басылмасынын журналисти Ярослав Трофимов көңүл бурган. Маалымат чыгып кетти деген скриншоттор орусиялык каналдарда тарап атат. Графикалык редактордун жардамы менен андагы Орусиянын согуштагы жоготуусу 43,5 миң адамдан 17,5 миңге түшкөн. Украинанын 17,5 жоготуусу 71,5 миң деп жогорулатып көрсөтүлгөн. Фейктин авторлору Орусиянын 6000 миң танкы кыйраган деген жериндеги бир нөлдү жана жок кылынган 72 учак тууралуу айтылган жердеги "2" санын алып салышкан. Кыйраган 82 тик учактын "2" санын алып коюшкан.

12:34 8.4.2023
  • АКШнын Коргоо министрлиги Украинага берилген америкалык жардам тууралуу жашыруун маалыматтарды чыгарган булакты издеп жатат. Киев аны орусиялык фейк деп атады.
  • Украин күчтөрү Донецкой облусунда орусиялык Су-25 үлгүсүндөгү 30-учакты атып түшүрдү.
  • Орусия Украинанын куралдуу күчтөрүнө шаардык курулушта кармаша алганы менен теңтайлашууга аракет кылууда.
  • Орусиялык авиация Херсон облусуна алты жолу абадан бомба таштады.
  • Брянск облусунун соту украин учкучу Александр Морозовду тергөө абагына камоо чечимин чыгарды.
  • Полтавада совет доорунда тургузулган генерал Алексей Зыгин менен Николай Ватуниндин, акын Александр Пушкиндин эстелигин алып таштоо чечими кабыл алынды.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG