Украинанын президентинин кеңсесинин башчысынын кеңешчиси Михаил Подоляк жашыруун документтердин ачыкка чыгып кетишин орусиялык чалгын кызматынын оюну деп эсептейт.
"Жашыруун маалыматтарды чыгаруунун максаты 1) Көңүлдү башка жакка буруу, 2) Күмөн ой жаратып, ич ара шек саноого жол ачуу, 3) Ажырым жаратуу. Бул Орусиянын чалгын кызматынын адаттагы оюну. Ачык брифингдерди аласың, жалган маалыматтарды кошосуң, айрым элементтерди бөлүп алып, социалдык түйүндөргө жарыялайсың" деди Подоляк Твиттерде.
АКШнын жана НАТОнун жашыруун жүздөй документинин ачыкка чыгып кетиши боюнча "Агентство" мындай дейт:
Bellingcat интернет-басылмасынын журналисти Арик Толердин анализинде маалымат алгач 1-мартта пайда болгон. Жашыруун маалыматы бар сүрөттөр адегенде Minecraft оюнунун discord-серверинде пайда болгон (күйөрмандар уюмунун түйүнү). Атын атабаган америкалык кызмат адамдары ачыкка чыгып кетүү артында Орусия турат деп эсептейт.
Журналисттер Пентагондун документтериндеги фото сүрөттөр 4chan имиджбордуна, Твиттерде жана орусиялык Телеграм-каналдарда 6-7-апрелде пайда болгонун байкашкан. Бирок Арик Толер discord билдирүүлөрдү марттын башында бул жана башка сүрөттөр менен тапкан. Толердин маалыматында 30дан ашуун документ WowMao discord-серверде 1-2-мартта пайда болгон. Дагы 10 документ Minecraft оюнунун discord-серверинде 4-мартта чыккан. Сүрөттөрдүн жарымын Lucca деген колдонуучу жарыялаган. Толер discord-серверге мурда чыккан документтерди мисал кылып, Lucca ал документти башка колдонуучудан алышы мүмкүн деп эсептейт.
Бир айдан кийин, 5-апрелде discord-серверге чыккан үч файлды 4chan жарыялаган. Ошол күнү беш файл, ошол эле күнү тараптардын жоготуулары тууралуу редакциялаган беш документ орусиялык Телеграм-каналдарда тараган.
Эгер башында беш гана сүрөт социалдык медиага активдүү тарап жаткан болсо, 7-апрелдин кечинде чыккан документтердин саны жүзгө жеткенин The New York Times жазды. Жарыяланган документтердин көпчүлүгүндө февраль айы көрсөтүлгөн. Алар интернетке түзүлгөндөн тарта чыга башташы мүмкүн деп белгиледи басылма.
Украинанын аскерлеринин орус армиясы басып алган Запорожье атомдук станциясын (АЭС) кайтаруу аракети ийгиликсиз болгонун Британиянын Times гезити жазды.
Андагы маалыматта былтыр 19-октябрга караган түнү 600дөй украин аскери 30 катер менен Днепр аркылуу өтүүгө аракет кылган. Бирок орусиялык күчтөрдүн коргонуусу абдан тыгыз болгондуктан, чабуул жасаган тарап муну күткөн эмес.
Атын атагысы келбеген украин жоокери журналисттерге "Биз жакындай баштаганда алар танктарды жана артиллерияны да тартып, бизди түз эле суунун үстүндө аткылай башташты" деп билдирген.
Днепрден өтүп баратканда украин аскерлери орустардын позицияларын HIMARSтын жардамы менен атууга үлгүргөн.
"Акыры украин аскерлеринин чакан тобу гана жээкке жете алган. Алар Энергодардын четинде орус армиясы менен үч саатка созулган атышуудан кийин артка чегинүүгө аргасыз болушкан", - деп жазды Times.
Журналисттер радиация чыгып кетүү коркунучуна карабай Запорожье атомдук станциясын Киевдин көзөмөлүнө кайтарууга ишенген украин бийликтеринин аракети суроо жаратып жатканын белгилешет.
“Энергоатомдун” жетекчиси Петр Котиндин айтымында, станцияны Украинага кайтаруунун бир гана жолу - украин аскерлери ок чыгарбастан Крым менен Мелитополго карай илгерилегенде гана мүмкүн болмок.
Киев менен Москва азырынча Times гезити чыгарган маалыматка комментарий бере элек.
Социалдык тармактарда АКШнын Украина, Жакынкы Чыгыш жана Кытайга байланыштуу жашыруун документтеринин бир бөлүгү пайда болгонун америкалык New York Times гезити жазды.
Жалпысынан жүздөн ашуун документ жарыяланышы мүмкүн эле, анын ичинде бир топ убактан бери салгылашуу жүрүп жаткан Бахмуттун аскердик картасы, "Кытай, Инд-Тынч океан аскер театры, Жакынкы Чыгыш жана терроризм боюнча жашыруун брифингдерден слайддар" бар. 23-февралдагы слайддардын бири Secret/NoForn - "чет өлкөлөргө жайылтууга болбойт" деп жазылган.
Пентагондун мурдагы жогорку даражалуу кызматкери Мик Малрой жашыруун маалыматтын чыгып кетишин "коопсуздуктагы олуттуу жарака, жик" деп атаган. Анын пикиринде, басымдуу бөлүгүн сүрөттөр түзгөн документтердин файлын "Украинанын, АКШнын жана НАТОнун аракеттерине зыян келтирүүнү каалаган" бирөө атайын жайгаштырган.
АКШнын чалгын кызматынын жогорку кызматкери маалыматтардын чыгып кетишин Австралия, Канада, Жаңы Зеландия, Бритиния жана АКШ чалгын альясы үчүн "коркунучтуу жагдай" деп атаган.
Буга чейин New York Times гезити Украинага пландалган жардам жана украин армиясынын жооп иретиндеги чабуулу тууралуу жашыруун документтердин биринчи бөлүгү жарыяланганын жазган.
Пентагон жашыруун маалыматты жарыялагандарды издеп жатат. Украинанын президентинин кеңсеси аны "фотошоп" же "жалган маалымат" деп атады. Бул жагдайга комментарий берген Москва Украинадагы согушка АКШ менен НАТОнун түз же кыйыр кийлигишүүсүнөн күмөн санабай турганын билдирди.
Орусиянын Юстиция министрлиги журналист Аркадий Бабченкону “чет элдик агенттердин” тизмесине киргизди. Аталган мекеменин арызына караганда, Бабченко “Украинанын Куралдуу күчтөрүн колдоо үчүн каражат топтогон”, “бийлик органдары кабыл алган чечимдер жана алардын саясаты жөнүндө жалган маалымат тараткан”.
Бабченко Чеченстандагы жаңжалда “Московский комсомолец” басылмасында аскердик кабарчы болуп иштеп, “Новая газета” жана башка телеканалдар менен кызматташкан. Ал Украинада 2014-жылдагы окуяны чагылдырган. 2008-жылдагы орус-грузин согушун, Евромайдан окуяларын, Донбасстагы куралдуу кагылышты жана Стамбулдун Таксим аянтындагы тополоңду көз карандысыз журналист катары чагылдырган. 2017-жылы өз коопсуздугу үчүн Орусиядан чыгып кеткенин билдирген.
Бабченко орус президенти Владимир Путиндин саясатын катуу сындап жүргөндөрдүн бири. Орусиядан чыгып кеткенден кийин ал Украинада жашап жүргөн.
2018-жылы ал киши колдуу болгону тууралуу кабар тарап, көп өтпөй эле тирүү экени белгилүү болгон. Украин атайын кызматы муну буюртма киши өлтүрүүнүн алдын алуу операциясы деп түшүндүргөн.
Журналист Владимир Зеленский президент болуп шайлангандан кийин өлкөдөн чыгып кеткен.
2020-жылы Орусия аны террористтердин жана экстремисттердин катарына кошуп, 2023-жылы издөө жарыялаган.
Бабченко өзүнүн “чет элдик тыңчы” тизмесине киришине байланыштуу комментарий берип, Украинанын Куралдуу күчтөрүн колдоого каражат чогултуп жатканын ырастаган. Ал уюштурган фонд согуш башталгандан бери 1 млн. евро чогултканын билдирди.
“Чет элдик агенттердин” тизмесине “Эхо Москвы” радиостанциясынын сайтынын мурдагы редактору Виталий Рувинский дагы кирген.