Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын Пасха майрамынын алдындагы соккуларын айыптады.
Ал жекшембидеги кайрылуусунда, Запорожье шаарындагы чабуулда 11 жаштагы кыздын жана анын атасынын өмүрүн кыйылганына токтолуп, "террордук мамлекет диний майрамды ушинтип белгилейт" деди.
Зеленский "Орусия өзүн дүйнөдөн, адамзаттан ого бетер обочолонтуп жатканын" айтып, келерки жылдагы Пасханы украиналыктар тынч жана эркиндик менен тосо турганын билдирди.
Бир күн мурун Украинанын өзгөчө кырдаалдар кызматы орус аскерлери Запорожьедеги турак жайга сокку урганда 50 жаштагы тургун менен анын 11 жаштагы кызы каза болгонун кабарлаган.
10-апрелде Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы орусиялык аскерлер Донбасста төрт багытта - Лиман, Бахмут, Авдеевка жана Марьинкада чабуулду улантканын, 58 соккунун мизи кайтарылганын маалымдады.
Украинанын Донецк облусуна караштуу Бахмут шаарында айыгышкан кармаш уланууда. Украин армиясы шаар үчүн маанилүү болгон көпүрөнү орусиялык күчтөр жардырып жибергенине карбай (Хромово кыштагындагы көпүрө) ок-дары, тамак-аш жана кийим-кече менен камсыздоо уланып жатканын билдирди. Бул тууралуу Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Чыгыш аскер командачылыгынын басма сөз катчысы Сергей Череватый украин телеканалына курган маегинде айтты.
Анын айтымында, Бахмуттан жарадар болгон украин аскерлерин алып чыгып кетүүгө да мүмкүнчүлүк болууда.
Акыркы күндөрү орусиялык күчтөр Бахмуттун бир катар кварталдарын ээлегени кабарланды. Украин күчтөрү шаардын батыш бөлүгүндө коргонууда. Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы акыркы суткада өлкө чыгышында орусиялык 40ка чукул чабуулдун мизи кайтарылды. Алардын дээрлик жарымы Бахмут аймагына туура келет. Орусиялык аскер күчтөрү украин аймагына 23 авиациялык, 4 ракеталык сокку урган. Ошондой эле орусиялыктар негизги чабуулдарын Купянск, Лиман, Бахмут, Авдеевка жана Мариинск багыттарында улантууда.
Бахмут үчүн күрөш былтыр Орусия Украианага кол салгандан берки эң узак салгылашуу болуп калды. Аскердик талдоочулар эки тарап тең чоң жоготууларга учураганын белгилеп жатышат.
Орусиялык күчтөр акыркы айларда Бахмут калаасын жана айланасындагы шаар-кыштактарды алуу үчүн чабуулдарын күчөткөн.
9-апрелге караган түнү орусиялык аскерлер Запорожьени дагы аткылады. Бул тууралуу шаардык кеңештин катчысы Анатолий Куртев билдирди.
Маалыматка караганда эки ракета Запорожьенин жеке секторунда жайгашкан турак үйлөрдүн бирине тийген. Натыйжада имарат талкаланган. Жарылуудан улам жакын жайгашкан имараттардын терезелери жана чатырлары сынган.
“Азырынча эки киши набыт болгону белгилүү - бир эркек киши жана анын 2012-жылы туулган кызы. Кыз“Тез жардамдын” ичинде ооруканага жетпей үзүлдү”, - деди Куртев.
Анын айтымында бир аял ооруканага жеткирилип, дагы бирине жеринде медициналык жардам көрсөтүлгөн.
Аткылоодон улам тутанган өрт турак жайдын 100 чарчы метр аянтын каптаган. Азыр өрт өчүрүлүп, куткаруу иштери толук аяктаган.
Орус күчтөрү Запорожье облусун такай аткылап келет.
Москва согуш башталган 2022-жылдын февралынан бери көптөгөн айныгыс далилдерге карабастан карапайым жарандарды бутага алып жатканын моюнуна албай келет.
Украина Херсон жана Харьков облустарынан Орусиянын аймагына чыгарылып кеткен 31 баланы кайтарып алды. Бул тууралуу Save Ukraine кайрымдуулук фонду билдирди.
“Орусиялыктар Херсон жана Харьков облустарынан уурдап кеткен балдар чек арадан өтүштү. Азыр алар коопсуз жайда. Бир нече айдан кийин алар кайра өз үй-бүлөлөрүнө кайтып келишет”, - деп жазды фонддун жетекчиси Николай Кулеба фейсбук баракчасына.
Бул аталган фонддун бешинчи куткаруу миссиясы.
“Ар бир кайтарылган бала алардын [орустардын] кылмыштарынын айныгыс далили болуп жатканын түшүнүп турат”, - деди Кулеба РБК-Украина басылмасына сүйлөп жатып.
17-мартта Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту орус президенти Владимир Путинди жана Мария Львова-Белованы камоо ордерин чыгарган. Алар оккупацияланган украин аймактарынан балдарды Орусияга мыйзамсыз депортациялоого жооптуу деп айыпталган. Мындай аракет согуш кылмышы болуп эсептелет.
Орусия 2016-жылдан бери Рим статутуна кошулбагандыктан, Гаага сотунун юрисдикциясын тааныбайт. Өз дарегине айтылган айыптоону чекте кагып, Эл аралык кылмыш сотунун судьяларына кылмыш ишин козгогон.