Британиялык эксперттер: Украина контрчабуул койчу учурда күтүп турат, Орусия оккупациялап алган түндүктө окоп казууда.
Британиялык аскер чалгынынын эксперттери акыркы жумаларда Орусия Запорожьеде линиялык коргонууга даярданып жатканин билдирди. Бул районго Орусиянын Түштүк аскерлеринин тобу жооп бериши мүмкүн. Учурда Орусия бул сектордо 120 чакырымдык үч катмарлуу коргонуу зонасын түзүп бүттү. Алдыңкы линия согуштук позициядан, андан кийинки экөө татаал коргонуу зонасынан турат. Ар бир зонаны бири-биринен 10-20 чакырым бөлүп турат. Орусия бул коргонуу жабдыктарын Украина Мелитополго чабуулга өтүүнү болжоп жатат деген ишенимде орноткон. Коргонуу каршылаш тарапка тоскоолдук жаратышы мүмкүн, бирок анын пайдасы артиллерия жана өздүк курам жетиштүү болгондо гана тийиши ыктымал. Алдыда Түштүк аскерлери мынча ресурсту жыйнай алабы деген гана суроо турат.
ВВС Коргонууларды изилдөө боюнча Падышалык институтунун мурдагы жетекчиси Майкл Кларктын комментарийин чыгарды. Анын айтымында, украиндер жаңы чабуулдар үчүн болжол менен саны 90дон 100 миңге чейинки адамдан турган 16 жаңы бригаданы түзүп жатат. Азырынча чабуулдар жакын арада болору жана жаңы бригадалар качан колдонулары тууралуу белгилер жок. Бирок ал Орусия контрчабуулду күтүп, Запорожьенин түштүк-батышында окопторду казып жатканын айткан.
Украинанын Коопсуздук кызматы (СБУ) украин аскери экени айтылган адамдын мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү тартылган видеонун чоо-жайын иликтеп жатат. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.
Коопсуздук кызматы бул аскердик кылмыш экенин белгиледи. Өлкөнүн Башкы прокуратурасы факт боюнча кылмыш иши козголгонун тастыктады.
Президент Владимир Зеленский дүйнө украиналык туткундун өлүмү тартылган бул видеону көрүшү керектигин белгиледи.
"Биз эч нерсени унутпайбыз жана канкорлорду кечирбейбиз. Мыйзамдуу жоопкерчилик бар. Террорду жеңүү зарыл", - деди ал.
Орусиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков “социалдык тармактарда аскер кызматкеринин башы кесилген кадрлар үрөй учурарын" айтып, анын чын-төгүнүн текшерүү керектигин билдирди.
11-апрелде бир катар Telegram каналдарда тараган видеодо орусиялык аскерлер экени айтылган кишилер украиналык деген жоокердин башын кесип жатканы көрсөтүлгөн. Алар кимдер, качан, кайда тартылганы белгисиз. Видеодогу жашыл чөптөрдөн улам окуя 2022-жылдын жайында болгону болжолдонууда. Видеонун аныктыгы тастыктала элек.
- Согуш туткундарына мамиле кылуу боюнча Женева конвенциясына бир катар мамлекеттер, анын ичинде Орусия да кол койгон. Документке ылайык, туткундарды кармоонун гумандуу шарттары кепилдениши керек. Согуш туткундарын жазалоо же катаал мамиле жасоо согуш кылмышы болуп саналат.
Украиналык аскерлер өткөн суткада өлкө чыгышындагы төрт багытка урулган орусиялык 72 чабуулдун мизин кайтарды. Бул тууралуу өлкөнүн Башкы штабы 12-апрелде билдирди.
"Көптөгөн техника жана адамдарды жоготконуна карабай, каршылаш басып алуу аракетин токтоткон жок. Негизги күчүн Лиман, Бахмут, Авдеевка, Марьинка багыттарын басып алууга жумшап атат. Өткөн суткада аталган багыттардагы 72 чабуулдун мизи кайтарылды", - деп айтылат билдирүүдө.
Аскер башкармалыгы айрыкча Бахмут багытында катуу кармаш жүрүп, орусиялык күчтөр шаарды толук алууга аракет кылып жатканын билдирди.
"Авдеевка жана Марьинка багытында, каршылаштын Авдеевка, Первомайское, Невельское жана Донецк облусундагы Марьинка калктуу конуштарында чабуулдары ийгиликсиз аяктады. Эң катуу кармаш Марьинка аймактарында жүрүп жатат", - деп айтылат билдирүүдө.
Башкармалык өткөн суткада орусиялык аскерлер бир ракеталык жана 21 авиациялык сокку урганы, ар кандай реактивдүү системалардан украин аскерлеринин позицияларын жана жарандык объектилерды атканын билдирген.
Башкы штабдан Украинанын бардык аймагына ракетадан жана авиациядан сокку уруу тобокелдиги жогору бойдон сакталып турганын билдирди.
Украина согуштун материалдык чыгымын санады
Орусия кол салгандан бери Украинада 74 400 турак жай, 2,5 миң окуу жайлары, 500 оорукана, 400 маданий жай, 120 диний объект, 4,5 миң байланыш жана коммуникация объектилери кыйрады. Орусиянын аскердик агрессиясынан Украина тарткан материалдык чыгым болжол менен 700 млрд. доллар деп бааланууда.
Бул тууралуу Украинанын Башкы прокуратурасынын маалыматына таянуу менен өлкө президентинин аппаратынын кеңсесинин өкүлү Олег Гаврыш билдирди. Анын айтымында, Украина эл аралык коомчулуктун жана уюмдардын жардамы менен Орусияга кенемте төлөтүү үчүн болгон аракетин жумшайт.