Орус аскерлери Украинанын Херсонду оккупациялоо учурунда шаарда жана анын айланасында жашагандарды мыйзамсыз кармап, кыйноого алышкан. Бул тууралуу Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму жарыялаган баяндамада айтылат.
Укук коргоочулардын корутундулары кыйноого кабылгандардын жана алардын жакындарынын сөздөрүнө негизделген. Алардын айтымында, орус аскерлери адегенде орой тинтүү жүргүзүшкөн, андан кийин тургундардын баштарына баштык кийгизип алып кетишкен. Андан ары камакта сактай турган жерлерге алып кетишкен. Херсондо 20 жер камак катары колдонулган.
Камактагылар жыгач жана резина таяктар менен сабалган, өлүм менен коркутулган, медициналык жардам көрсөтүлгөн эмес.
Орусиялык сакчылар камактагыларга Орусияны даңазалаган ураандарды айтууга, Орусиянын гимнин ырдоого мажбурлаган.
Украин аскерлерди Херсон облусунун бир бөлүгүнөн орус күчтөрүн былтыр ноябрда сүрүп чыккан.
Орусия былтыр 24-февралда Украинага кол салгандан бери жайкын тургундарды бутага алганын четке кагып келет.
Пентагондун жашыруун маалыматтарын таратууга шек саналып, Улуттук гвардиянын Массачусетс штатындагы Аскер-аба күчтөрүнүн чалгынчысы кармалды.
Баштапкы маалыматтарга ылайык, ал жашыруун маалыматтарды социалдык тармактарда достору менен бөлүшкөн.
Шектүүнүн камалганы тууралуу Fox News телеканалы менен The New York Times гезити кабарлады. New York Times гезитинин маалыматына караганда, ал 21 жаштагы Жэк Тейшейр болуп чыкты. Аны Steam оюн сервисиндеги профили боюнча аныкташкан.
Басылмаларга чыккан маалыматты АКШнын башкы прокурору Меррик Гарланд тастыктады. Тергөөнүн көрсөтмөсүнө ылайык, аскер кызматкери документтерди онлайн чатка жибериши мүмкүн. Баш прокурор шектүүнүн аты-жөнү Жэк Тейшейр, 21 жашта экенин да ырастады. Анын сөзүнө караганда, шектүүгө жашыруун маалыматты мыйзамсыз алганы үчүн айып тагылат.
Тейшейр 13-апрелде, түштөн кийин Массачусетстеги өзүнүн үйүндө кармалганы кабарланды.
Пентагондун жашыруун маалыматтары аскердик чини төмөн, 21 жаштагы катардагы кызматкердин колуна кантип тийгени суроо жаратууда.
АКШ президенти Жо Байден жашыруун кагаздардын, анын ичинде душмандар жана өнөктөштөрдүн аскердик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалыматтар камтылган документтердин да ачыкка чыгып кетишине тынчсызданууларды басууга аракет жасады.
Ушул тапта Британия жана Ирландияда визит менен жүргөн Байден Пентагондун маалыматтарын таратуу артында ким турганы иликтенип бүтүп калганын айтты. Ал маалыматты ким таратканы эмес, тараган маалыматтардын мазмуну көбүрөөк кабатыр кылып жатканын кошумчалады.
Мурдараак The Washington Post жашыруун маалыматтарды таратууга шектүү аны 20-30дай Discord геймер (интернет оюнчу) отурган чатка таратып, бул маалыматтарды дүйнө билиши керектигин айтканын жазган. Discord интернет оюндарына кызыккан адамдар арасында популярдуу медиа платформа.
Сүйлөшүүлөрдө ал АКШ өкмөтүн, укук коргоо органдарын, чалгын кызматын "өз жарандарын кысуу" жана "караңгылыкта кармоо" аракети үчүн сындаган.
Юстиция министрлиги маалыматтардын кантип чоочун кишилердин колуна түшкөнүн жана ачыкка чыкканын иликтөө үчүн кылмыш ишин ачты. Жашыруун маалыматтардын ачыкка чыгуусунун кесепетин жана чыгашасын Пентагон иликтеп жатат.
Орус аскерлери басып алынган Энергодардын айланасын миналап жатканын калаа мэри Дмитрий Орлов "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун "Азов кабарлары" долбооруна билдирди.
"Жээктин аймагы, Каховский суу сактагычы жана Запорожье атомдук электр станциясынын айланасы миналанган. Шаар тегерегинде жайгашкан токой тилкелерин жана айыл чарба аймактарын казып башташты", - деди ал.
Ошол эле маалда Орлов "баскынчылар жергиликтүү тургундарды орус паспортун алууга" үндөп жатканын белгиледи.
Мэр калааны сырттан башкарат. "Эркин Европа/Азаттык" радиосу Украинанын түштүк аймактарында Орусия басып алган аймактарган байланыштуу билдирүүлөрдү өз алдынча текшере албайт.
Орус аскерлери былтыр февралдын аягында Энергодар шаарын жана ага жакын жайгашкан Запорожье АЭСин басып алышкан.
Gulagu.net сайтынын негиздөөчүсү Владимир Осечкин 12-апрелде Норвегияга качып кеткен "Вагнер" жеке аскердик тобунун жалданма согушкери Андрей Медведевге байланышкан. Ал украин аскери делген адамдардын башын алып жаткан учурду тарткан видеодогу согушчандарды тааныган.
"Ходорковский Live" Youtube-каналында Осечкин "ал өзүнүн кесиптештерин рация менен сүйлөшкөнүнөн тааныйт" деп айтты.
Кремль видео тууралуу комментарий берип "фейктер доорунда бул съемканын аныктыгын текшерүү керек" деп билдирди.
Украинанын коопсуздук кызматы видео чыккандан кийин согуштун эрежесин жана мыйзамдарын бузуу беренеси менен иш козгоду.