Белгороддо эки жарандык объектте өрт чыкты
Бул тууралуу жекшемби күнү аймактын губернатору Вячеслав Гладков билдирди. Кайсы имаратта өрт чыкканын жана ага эмне себеп болгонун Гладков тактаган жок. Өрт өчкөнүн жана жабыркагандар жок экенин гана билдирди.
Буга чейин жергиликтүү Телеграм-каналдар Белгороддогу жарылуулар тууралуу видео жарыялаган. Алдын ала маалыматта ага дрон чабуулу себеп болгону айтылган.
11-апрелде Белгороддогу Шухово аэропортунда белгисиз учкучсуз учуучу аппарат кулап, жарылып кеткен. Февраль айынын соңунда шаарга бир нече дрон кулаган. Шаар бийлиги окуядан жабыркагандар болбогонун, анча-мынча жараат алгандар гана бар экенин билдирген.
Орусиянын Украина менен чектеш Белгород, Брянск жана Курск облустары аткылоого кабылып келет, каза тапкандар бар. Аймактык бийликтер чабуул украин тараптан болуп жатканын айтып келет. Киев бул билдирүүлөргө комментарий берген эмес.
Казакстандын жарандарынын Украинадагы согушка катышкан он учур иликтенүүдө
Казакстандын коопсуздук боюнча улуттук комитети Украинадагы согушка катышкан окуя боюнча он кылмыш ишин иликтеп жатат. Бул расмий маалыматты мекеме "Курсив" басылмасына берген. Бул тууралуу КазТАГ агенттиги билдирди.
Казакстандын кылмыш кодексине ылайык, чет өлкөдө куралдуу кагылышка катышканы үчүн беш жылдан он жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.
Украинанын Донецк облусундагы Славянск шаарында аткылоодон кыйраган беш кабаттуу үйдүн урандысын тазалоо аяктады.
Бул чабуулда мерт болгондордун саны 15 адамга жетти. Издөө-куткаруу ишинин жүрүшүндө он кишинин, анын ичинде эки жашар баланын сөөгү табылган. Облустун башчысы Павел Кириленко уранды алдынан беш адам аман табылганын, 24 киши жараат алганын билдирген.
Аталган шаар 14-апрелде аткыланган. Чабуулда көп кабатуу имараттар, дүкөн, мамлекеттик мекеме, мектеп жана бир нече автоунаа жабыркаган. Кириленко шаарга С-300 үлгүсүндөгү ракеталар менен чабуул жасалганын айткан. Украин президенти Владимир Зеленский 15-апрелде кечки кайрылуусунда баш-аягы 50 үй жабыркаганын, анын ичинде 30 көп кабаттуу үй бар экенин белгилеген.
Орусия Славянск шаарында үйлөр бутага алынганы тууралуу үн каткан эмес. Орусиянын Коргоо министрлиги ишембиде кечинде аталган шаардагы күйүүчү-майлоочу май сакталган кампа жок кылынганын билдирген.
Орусиялык аскерлер Донецк облусун дээрлик күн сайын аткылоодо. Аймактык бийлик жергиликтүү тургундарды коопсуз жакка кетүүгө үндөп келет.
Орусия Украианага 2022-жылы 24-февралда кол салган.
БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссариаты (OHCRH) Орусия Украинага каршы согуш ачкандан бери 8500 карапайым кишинин өлүмү тастыкталганын билдирди жана реалдуу сан мындан миңдеп ашарын болжолдойт. Маалыматка ылайык, 14 244 адам жаракат алган.
Православ христиандарынын Пасха майрамына карата Украина менен Орусия ондогон туткундарды алмашты. Украин президентинин кеңсесинин башчысы Андрей Ермак 16-апрелде Телеграмга жазгандай, туткун алмашуунун натыйжасында 130 украиналык жаран мекенине кайтты. Ермак Украина канча орусиялык туткунду бошотконун тактаган жок.
Пасха майрамындагы туткун алмашуу тууралуу орус бийлиги маалымат бере элек. Бирок Орусиянын "Вагнер" жалданма күчтөрүнүн башчысы Евгений Пригожиндин туткундарды Украина тарапка өткөрүп берүүнү тапшырып жатканы тартылган видео интернетке жарыяланды.
Орусия менен Украина былтыр 24-февралда башталган согушта туткунга түшкөн жарандарын утур-утур алмашып келет. 10-апрелде Киев 106 орусиялыкты 100 украин жаранына алмашкан.
Эки өлкө үчүн маанилүү майрамга карабастан Украинада кармаш жана адам өмүрүн алган чабуулдар токтогон жок. Жекшембиге караган түнү орусиялык күчтөр Украинанын Запорожье жана Николаев облустарына сокку урду. Николаевдеги аткылоодон 2005-жылы туулган эки бала набыт болгонун облустун башчысы Виталий Ким билдирди.
Запорожьенин аскердик жетекчилиги билдиргендей, Камышеваха конушундагы "ири чабуулдан" жергиликтүү чиркөө зыянга учурады.