Украин куралдуу күчтөрү: Орусия бардык аскерин Бахмут менен Марьинкага таштады
Бул тууралуу Башкы штабдын билдирүүсүндө айтылат. Киев айткандай орусиялык күчтөр чоң жоготууга учураганына карабай Лиман, Бахмут, Авдеевка жана Марьинка багытында чабуул жасоодо. Бул жолу оперативдүү-тактикалык жана армиялык авиацияны, анын ичинде тик учакты колдонууда.
Украин күчтөрүнүн кечки билдирүүсүндө орусиялыктардын Купянск, Бахмут, Авдеевка жана Марьинка багытындагы 50 соккусунун мизин кайтарылды.
Украин аскерлери Донецк облусундагы Зайцево аймагындагы орусиялык күчтөрдүн катары 200 адам менен толукталганын кабарлады. "Алардын көбү окутулган эмес, моралдык эрки төмөн" деп айтылат билдирүүдө.
Словакия Украинага убада кылган МиГ-29 тик учагынан 13ү бергенин өлкөнүн Коргоо министрлиги билдирди
"Жер аркылуу коопсуздук эрежесин сактоо менен жеткирилди. Бул чындап маанилүү жана татаал логистикалык операция болду", - деди өлкөнүн коргоо министри Ярослав Надь.
Белгороддо эки жарандык объектте өрт чыкты
Бул тууралуу жекшемби күнү аймактын губернатору Вячеслав Гладков билдирди. Кайсы имаратта өрт чыкканын жана ага эмне себеп болгонун Гладков тактаган жок. Өрт өчкөнүн жана жабыркагандар жок экенин гана билдирди.
Буга чейин жергиликтүү Телеграм-каналдар Белгороддогу жарылуулар тууралуу видео жарыялаган. Алдын ала маалыматта ага дрон чабуулу себеп болгону айтылган.
11-апрелде Белгороддогу Шухово аэропортунда белгисиз учкучсуз учуучу аппарат кулап, жарылып кеткен. Февраль айынын соңунда шаарга бир нече дрон кулаган. Шаар бийлиги окуядан жабыркагандар болбогонун, анча-мынча жараат алгандар гана бар экенин билдирген.
Орусиянын Украина менен чектеш Белгород, Брянск жана Курск облустары аткылоого кабылып келет, каза тапкандар бар. Аймактык бийликтер чабуул украин тараптан болуп жатканын айтып келет. Киев бул билдирүүлөргө комментарий берген эмес.
Казакстандын жарандарынын Украинадагы согушка катышкан он учур иликтенүүдө
Казакстандын коопсуздук боюнча улуттук комитети Украинадагы согушка катышкан окуя боюнча он кылмыш ишин иликтеп жатат. Бул расмий маалыматты мекеме "Курсив" басылмасына берген. Бул тууралуу КазТАГ агенттиги билдирди.
Казакстандын кылмыш кодексине ылайык, чет өлкөдө куралдуу кагылышка катышканы үчүн беш жылдан он жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.