Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын бир нече айга созулган чабуулунун чордону болгон Авдеевкадагы фронтко барды.
Бул тууралуу президенттин кеңсеси 18-апрелде кабарлады. Маалыматта Зеленский Авдеевкада мекенин коргоп жаткан жоокерлер менен жолугуп, аларга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырганы айтылат.
“Биздин жерди, Украинаны, биздин үй-бүлөлөрдү коргогонуңуздар үчүн ыраазычылык билдирем”, - деди жоокерлерге кайрылган Зеленский.
Мунун алдында Кремль президент Владимир Путин Украинанын Херсон жана Луганск облусундагы орус аскерлеринин штабына барганын кабарлаган.
Бирок анын качан барганы жазылган эмес. Көз карандысыз булактар сапарды бышыктаганы тууралуу жаңылыктар да жок.
Украинанын Башкы штабы шейшебиде билдиргендей, орус күчтөрү Лиман, Бахмут, Авдеевка жана Марьинка багытында чабуулун улантууда. Бул жолу каршы тарап ыкчам-тактикалык куралды, авиацияны, анын ичинде тик учакты колдонууда. Фронттогу чабуул тууралуу маалыматты Орусиянын Коргоо министрлиги дагы ырастады.
Орус аскерлеринин чабуулунан жай тургундардын арасында жаракат алган жана мерт болгондор бар деп кабарланды.
Украин Башкы штабынын маалыматына караганда, акыркы 24 саатта Бахмут жана Марьинкада каршы тараптын 70 чабуулунун мизи кайтарылды.
Бир нече айдан бери уланып келаткан Бахмут үчүн кармаш Орусия басып киргенден бери эң кандуу салгылаш болуп калды. Эки тарап тең чоң жоготууларга туш болгону кабарланып келет.
Луганск облусунда орус аскерлеринин аткылоосунан кеминде үч киши мерт кеткени, бирөө жаракат алганы кабарланды. Жергиликтүү администрациянын башчысы Артем Лысогордун айтымында, акыркы күндөрдө орус армиясы бошотулган жерлердеги калк жашаган чөлкөмдөрдү учактардан бомбалап жатат.
17-апрелде украин куралдуу күчтөрүнүн түштүктөгү бөлүктөрүнүн маалымат борборунун жетекчиси Наталья Гуменюк орусиялык учактар менен дрондор Херсон облусунда согуш тилкесинен алыс жерлерге чабуул койгонун жергиликтүү телеканалга билдирген.
Орусия жайкын тургундарды жана жарандык инфраструктураны аткылаганын танып келет.
Кремл Путиндин Украинанын оккупацияланган аймактарына барганын билдирди
Кремлдин басма сөз кызматы Орусиянын президенти Владимир Путин Украинанын Херсон жана Луганск облустарынын орус армиясы көзөмөлдөгөн райондоруна барып кеткенин билдирди. Маалыматка караганда, Путин аскердик штабдарда болду. Бирок ал качан барганы кабарланган жок. Көз карандысыз булактар сапарды бышыктаганы тууралуу жаңылыктар да жок.
Видео кадрларда Путиндин күндүз Ми-8 тик учагынан түшүп жатканын көрүүгө болот. Андан кийин президенттин кортежи Херсон облусунун орус армиясы көзөмөлдөгөн бөлүгүнүн борбору Геническ шаарына барганы кабарланды.
Ал жактагы штабда Путин Аба-аскер күчтөрүнүн командачысы генерал Михаил Теплинскийдин докладын укту.
Мунун алдында америкалык аскер эксперттери жана британ чалгынчылары Теплинский болжол менен январда кызматынан четтетилип, жакында майданга кайтып барганын билдирген.
Кремлдин ырастоосунда, президенттин сапары алдын ала даярдалган эмес.
Мартта Путин орус армиясы былтыр майда басып алып, согушта талкалаган Мариупол шаарына барып кеткен. Бул Орусия кошуна өлкөгө басып киргенден бери орус лидеринин Украинага алгачкы барганы эле.
Эл аралык коомчулук Орусияда оппозициялык саясатчы Владимир Кара-Мурзанын 25 жылга күчөтүлгөн режимдеги колонияга кесилишин “саясий иш” деп сыпаттап, аны дароо бошотууну талап кылууда. Саясатчы мамлекеттик чыккынчылык, армия тууралуу жалган маалымат таратуу айыптарын четке кагууда.