Украинанын Кара деңиз портторунан эгинди коопсуз экспорттоо үчүн БУУнун ортомчулугу менен түзүлгөн келишимге ылайык, кемелерди текшерүү кайра жанданууда. Украинанын вице-премьер-министри Александр Кубраков шаршемби күнү “Орусиянын келишимди бузуу аракетине карабастан, кемелерди текшерүү кайра башталууда” деп социалдык тармактарга жазды.
Маалыматка караганда, 18-апрелде Стамбулдун жээгинде дан жүктөлгөн 35тен ашык кеме кезек күтүп турган.
Орусиянын РИА Новости агенттиги БУУнун Координация борборуна таянып, эки күндүк сүйлөшүүдөн кийин текшерүү уланганын кабарлады.
Былтыр июлда дүйнөлүк азык-түлүк кризисин алдын алуу максатында макулдашылган Кара деңиз дан демилгесинин статусун талкуулоо үчүн Кубраков Түркияда жүрөт. Москва келишимди 18-майга чейин гана узартууга макул болгон. Киев жана Улуттар Уюму келишим андан кийин дагы 60 күн иштерин айтып, анын үзгүлтүккө учурабашын камсыздоо жолдорун издеп жатат.
Киев орусиялык инспекторлор Украинадан дан ташыган кемелерди өткөрбөй койгонун билдирди. Айыл чарба министри Николай Солский шаршемби күнү Москва Украина үчүн кыйынчылыкты күчөтүп жатканын айтты.
Ушу тапта Чыгыш Европанын үч өлкөсү украин буудай-арпасын жана азык-түлүктөрүн импорттоого убактылуу тыюу салган.
"Албетте, орустар бул жагдайды колдонбой кое алган жок", - деди Солский журналисттерге.
РИА Новости шаршемби күнү Орусиянын Тышкы иштер министрлигине шилтеме менен Украина менен Улуттар Уюму кемелерди текшерүүдө кыйынчылыктарды жаратып жатканын билдирди.
Ала арада Киев менен Варшава 22-апрелден тартып Польшанын аймагы аркылуу дан ташууну кайра жандантууну макулдашты.
Согушка байланыштуу Украинанын товарлары 2024-жылдын жайына чейин бажы төлөмдөрүнөн бошотулгандыктан, ал жактан чыккан айыл чарба продукциясы арзан болууда. Натыйжада жергиликтүү дыйкандардын продукциясы мурдагыдай өтпөй калган.
Орусиянын армиясы Украинанын Одесса облусуна 19-апрелге караган түнү Иранда жасалган "Шахед" дрондору менен чабул жасады. Бул тууралуу райондук аскердик администрациянын башчысы Юрий Крук билдирди. Анын ырасташынча, чабуулда айрым имараттар жабыркады.
"Түндө душман бизге "Шахед-136" дрондору менен чабуул жасады. Коргоо күчтөрүбүздүн ийгиликтүү аракеттеринен улам душмандын дрондорунун көбү жок кылынды. Бирок тилекке каршы, коомдук инфраструктура объекттери жабыркаган учурлар бар",-деди Крук.
Баштапкы маалыматка ылайык, чабуулда жабыркаган жарандар жок. Өрт тутанган жерлерде өчүрүү аракеттери жүрүп, куткаруучулар иштеп жатат. Буга чейин Одессада жарылуулар угулуп жатканы маалымдалган. "Суспільне" басылмасынын маалыматына караганда, аба чабуулунан алагачкы эскертүү түнкү саат 1ден өткөндө берилген.
Орусия бул чабуулга байланыштуу комментарий бере элек.
Украинанын Башкы штабы шейшебиде билдиргендей, орус күчтөрү Лиман, Бахмут, Авдеевка жана Марьинка багытында чабуулун улантууда. Бул жолу каршы тарап ыкчам-тактикалык куралды, авиацияны, анын ичинде тик учакты колдонууда. Фронттогу чабуул тууралуу маалыматты Орусиянын Коргоо министрлиги дагы ырастады.
Орус аскерлеринин чабуулунан жай тургундардын арасында жаракат алган жана мерт болгондор бар деп кабарланды.
Украин Башкы штабынын маалыматына караганда, акыркы 24 саатта Бахмут жана Марьинкада каршы тараптын 70 чабуулунун мизи кайтарылды. Бир нече айдан бери уланып келаткан Бахмут үчүн кармаш Орусия басып киргенден бери эң кандуу салгылаш болуп калды. Эки тарап тең чоң жоготууларга туш болгону кабарланып келет.
Луганск облусунда орус аскерлеринин аткылоосунан кеминде үч киши мерт кеткени, бирөө жаракат алганы кабарланды. Жергиликтүү администрациянын башчысы Артем Лысогордун айтымында, акыркы күндөрдө орус армиясы бошотулган жерлердеги калк жашаган чөлкөмдөрдү учактардан бомбалап жатат.
17-апрелде украин куралдуу күчтөрүнүн түштүктөгү бөлүктөрүнүн маалымат борборунун жетекчиси Наталья Гуменюк орусиялык учактар менен дрондор Херсон облусунда согуш тилкесинен алыс жерлерге чабуул койгонун жергиликтүү телеканалга билдирген.
Орусия жайкын тургундарды жана жарандык инфраструктураны аткылаганын танып келет.
АКШнын, Британиянын жана Канаданын Орусиядагы элчилери 18-апрелде Тышкы иштер министрлигине (ТИМ) чакыртылды. Аталган мекеме алар "дипломатиялык макам менен айкалышпаган, өлкөнүн ички ишине одоно киришкен аракеттерине байланыштуу" чакыртылганын билдирди.
Маалыматта элчилердин оппозициячыл саясатчы Владимир Кара-Мурзага чыгарылган сот өкүмү тууралуу комментарийлерине байланыштуу чечкиндүү каршылык айтылганы белгиленген. ТИМ эгер элчиликтин кызматкерлеринен кимдир бирөө "орус коомчулугун бөлүп-жарууга багытталган кадамын кайталаса, Москвадагы сапары мөөнөтүнөн мурда аяктарын" эскерткен.
Мунун алдында ТИМдин өкүлү Мария Захарова бул элчилердин Кара-Мурза тууралуу айткандары өлкөнүн ички ишине кийлигишүү болорун билдирген.
Москва шаардык соту 17-апрелде Кара-Мурзаны 25 жылга күчөтүлгөн тартиптеги колонияга кескен. Ага "мамлекетке чыккынчылык кылган, орус армиясы тууралуу жалган маалымат тараткан" деген өңдүү бир катар айып коюлган. Кара-Мурзага чыккан өкүмгө бир катар өлкөлөр камтамачылык билдирген.
Саясатчы 2022-жылы апрелде камакка алынып, ага каршы "Орус армиясы тууралуу жалган маалымат таратуу" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Буга анын Кошмо Штаттардын Аризона штатындагы мыйзам чыгаруучулардын алдында орус бийлигин жана Украинадагы согушту сындаган сөздөрү себеп болгон.
Орусиянын Юстиция министрлиги Владимир Кара-Мурзаны "чет элдик агент" деп тааныган.
Ага былтыр октябрда Европа Кеңешинин парламенттик ассамблеясынын адам укугун коргоо жаатындагы Вацлав Гавел атындагы сыйлык ыйгарылган.
Орусиялык көз карандысыз журналисттер жана укук коргоочулар өткөн жумада Кара-Мурзага козголгон кылмыш ишин токтотуп, аны тез арада бошотууну талап кылышууда.
10-апрелде Кара-Мурза акыркы сөзүн сүйлөгөндө өзүнө тагылган күнөөнү мойнуна алган эмес жана ишмердиги менен сыймыктанарын айткан.
Эркин маалымат каражаттарынын эсебинде Орусия Украинага басып киргенден бери 200гө жакын жаранга "орус армиясы тууралуу жалган маалымат тараткан" деген айып тагылды.
Орусиянын Мамлекеттик Думасы мамлекеттик чыккынчылык үчүн өмүр бою кесүүнү караган мыйзамды акыркы окууда кабыл алды. Ушу тапта андай кылмыш үчүн 12-20 жылга эркинен ажыратуу жана 500 миң рублга чейин айып пул салуу каралган. Жаңы мыйзамда ошондой эле диверсия жана терроризм үчүн жаза күчөтүлөт, Орусия мүчө болбогон эл аралык уюмдардын чечимдерин аткарууга көмөктөшүү үчүн жаза аныкталат.
Депутаттар теракттарды ишке ашыруу үчүн максималдуу мөөнөт мурдагыдай 15 эмес, 20 жыл болсун деп сунуш кылышты. Террордук ишмердикке катышуу беренеси менен соттолгондор 7 жылга чейин кесилиши ыктымал. Террордук уюмга мүчө болгондорду 10-15 жылга чейин эркинен ажыратуу каралууда.
Ал эми транспорт инфраструктурасына жана калктын жашоосун камсыздаган башка объектилерге зыян келтирүү өңдүү диверсиялык аракеттер үчүн айыптуу деп табылса, жаран 20 жылга чейин түрмөгө кесилет.
Кылмыш кодексине Орусия мүчө болбогон эл аралык уюмдардын чечимдерин аткарууга көмөктөшүү деген жаңы түшүнүк киргизилип, беш жылга чейин эркинен ажыратуу же 1 миллион рублга чейин айып пул салуу каралууда.
"ОВД-Инфо" укук коргоо борборунун маалыматына ылайык, былтыр Орусиянын соттору мамлекеттик чыккынчылык беренеси менен 11 өкүм чыгарды. Айрымдары Украинанын атайын кызматтарына иштеген деген айыпка байланыштуу чыккан.
"Азаттыктын" орус кызматы жазгандай, 1997-2021-жылдары мындай кылмыш үчүн 117 киши айыпталган. Мисалы, Кытайдын кызыкчылыгы үчүн чыккынчылыкка барууга аракеттенген деген негизде Приморье крайында жоокер Игорь Лукин 2004-жылы 10 жылга колонияга кесилген.