Орусиянын ракеталык чабуулунан Украинанын Черкас облусундагы Умань шаарында үч адам мерт болуп, дагы сегизи жараат алды. Аталган облустун аскердик администрациясынын башчысы Игорь Табурец канаттуу ракеталар үйгө жана кампага тийгенин билдирди. Улуттук полициянын өкүлү Зоя Вовк дагы бир ракета тогуз кабаттуу үйгө урулганын кабарлады.
Маалыматтарга караганда, Кременчуг, Полтава жана Николаевде дагы жарылуулар болду. Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн кол башчысы Валерий Залужныйдын билдиришинче, жалпысынан Орусиянын 23 канаттуу ракетасынын 21и атып түшүрүлдү. Эки дрон жок кылынды.
Днепрде түнкү аткылоодон бир аял жана бир бала набыт болду.
Москва соңку чабуулдар тууралуу азырынча комментарий бере элек.
Согуштун шартында "Азаттык" радиосу салгылаш жүрүп жаткан аймактардагы маалыматтарды өз алдынча текшере албайт.
GLOBSEC аналитикалык борбору: Украина эң көп мина коюлган өлкө болуп калды
Украинанын 174 миң километр квадраты, демек 30 пайыз аймагын согуш бүткөндөн кийин тазалоого туура келет. Бул Словакияда жайгашкан GLOBSEC борборунун "Оттун үстүнөн басуу: Украинаны минадан арылтуу" докладында айтылган. Автордун сөзүндө азыр Украина дүйнөдөгү эң көп мина коюлган аймак болуп кала берет. Жалпысынан караганда GLOBSEC аналитиктери Украинаны минадан арылтуу тапшырмасын "татаал, кымбат жана аткарылгыс" деп эсептейт.
Докладда мындан тышкары Украинанын аймагынын 18 пайызын Орусия басып алганын, мындан улам аймакты минадан тазалап салуу мүмкүн эместиги айтылып келет. GLOBSEтин эксперттери орусиялык армия "минаны үч-төрт тузакка, керек болсо өлгөн адамдардын жана жаныбарлардын денесине чейин коюп жатканы" айтылат.
Хакасиянын Жогорку Кеңешине коммунисттер партиясынан депутат болуп барган Дмитрий Иванов Украинада каза тапты. Ал "Вагнер" жеке аскердик тобунун жалданма согушкери болгон.
Депутаттын өлүмү тууралуу республиканын башчысы Валентин Коновалов билдирди. "Хакасия" маалымат агенттигинин маалыматында Иванов 27-мартта эле каза болгон. Депутат согушка 2023-жылдын февраль айында барган. Анын артында беш баласы калды. Ал 2018-жылы депутат болгон.
Бул согушта депутаттын каза болгон биринчи эле учуру эмес. Ноябрда Украинада Новосибирск облусунан барган Дмитрий Шмаков каза болгон. Ага чейин татарстандык депутат Эдуард Шарафиев согушка барып, тирүү кайткан. Азыр ал согушка артисттерди жиберүүнү сунуштап, жыйынга катышпай калган учурларын "аскердик тапшырмаларга" байланыштырып келет.
Түндө Николаевге ракетадан сокку урулду
Алдын ала маалыматта сокку "Калибр" канаттуу ракетасынан урулган. Жалпысынан төрт ракета атылган, анын бирөө көп кабаттуу үйгө, экинчиси жеке үйгө түшкөн. Калган эки ракета кайда түшкөнү беймаалым.
Азыркы учурда бир адам каза таап, 23 адам жараат алганы белгилүү болду.